Януш Корчак: Бала бул майрам, азырынча сенин колуңдагы майрам
Януш Корчак – польша элинин чыгаан инсаны, улуу педагог, жазуучу, дарыгер жана коомдук ишмер. Ал үч ирет өз өмүрүн сактоодон баш тарткан. Биринчи жолу Польша оккупацияга алынганда ага Палестинага качууну сунушташкан. Бирок балдар үйүнүн директору балдарды калтырып кете албастыгын билдирген. Экинчи жолу Варшава шаарындагы геттодон качып чыгуу сунушуна макул болбой койгон. Үчүнчү ирет балдар үйүндө тарбияланган бардык чүрпөлөр газ камерасына кирээрде немец офицери Янушка келип сураган:
- Сиз “Король Матиуш” китебин жазгансызбы?
- Ооба
- Мен бала кезимде окугам. Аябай сонун китеп. Сиз кете берсеңиз болот. Бошсуз.
- А балдарчы?
- Балдар калышат. Бирок сиз кете берсеңиз болот.
- Жаңыласыз. Мен балдарды таштап кете албайм. Элдин бардыгы силердей митаам эмес.
Януш балдар менен бирге газ камерасына кирген. Өлүм күтүп турганын билбеген балдарга боорукер директор жомок айтып отурган, деп айтылат.
Bilesinbi.kg балдарга тарбия берүүдө Януш Корчактын 10 осуятын сунуштайт.
- Баланын сага окшош болушун, же сен каалагандай болушун күтпөгүн. Балаңдан өзүңдү издебе. Андан көрө ага өзүн табуусуна жардам бер.
- Баладан сен ага жасаган жакшылыгың үчүн жооп кайтаруусун талап кылба. Сен ага өмүр тартууладың, ал кантип сага ыраазычылыгын билдирмек эле? Сенин балаң башкага өмүр тартуулайт, анын баласы кийинкисине. Ыраазычылык деп ошону бил.
- Жашоого болгон таарынычыңды баладан чыгарба. Карыганда катуу нан жеп каласың. Кандай дан эксең ошонун түшүмүн жыйнап аласың.
- Балаңдын көйгөйүн шылдыңдаба. Тагдыр ар бир пендеге алына жараша жук берет. Баланын жүгү ал үчүн сеникинен кем эмес, чоңураак да болушу мүмкүн. Анткени анда тажрыйба жок.
- Кемсинтпе!
- Адамдын эң олуттуу жолугушуулары – бала кезиндеги жолугушуулар. Балдарга көбүрөөк көңүл бургула. Бул бала келечекте ким боло турганын биз билбейбиз.
- Бала үчүн бир нерсе жасай албай турсаң, жаныңды кыйнаба. Бирок эсиңде болсун, эгер колуңан келген бардык аракетиңди көрбөсөң, демек сен жетишсиз иш кылдың.
- Бала - бул бийликти, сенин бүтүндөй жашооңду тартып алган катаал эзүүчү эмес. Бул сага сактоого берилген кымбат баалуу кумара, андагы отту тутандырып, жөндөмдөрүн өстүр.
- Бөлөк баланы жакшы көрө бил. Өз балаңа жасабай тургандарды өзгөнүн баласына да жасаба.
- Сенин балаң кандай болбосун – таланты жок, ийгиликсиз, алсыз, чоңоюп калган, баары бир жакшы көргүн. Бала менен сүйлөшкөнүңө кубан. Анткени бала бул майрам, азырынча сенин колуңдагы майрам.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маалымат бул жерден алынды.
Бала канчалык жаман окуса аны ошончолук мактоо керек
Кыздарды тарбиялаган энелер кетирген жанылыштык