Орус тилин үйрөнөм дегендерге кеңеш
Көпчүлүк орус тилин түшүнсө эле билем деп ойлошот. Тилди түшүнүү, ал тилде эркин сүйлөп туура жазуу дегенди билдирбейт.
“Learn Russian in the EU” порталы орус тилин тез арада өздөштүргүсү келгендерге кеңеш берет:
Жөнөкөйдөн баштоо: Чу, дегенде эле алфавитти ачыңыз. Оба, тамгалар сизге белгилүү, бирок айтылышында айырма бар, кайталап чыгыңыз.
Кайталоо: Жаңы сөздөрдү жаттагандын кийин аларды кайталаш керек. Мисалы, стикерге буюмдардын орусча аталышын жазып, ар жерге чаптаңыз. Ары-бери өткөндө эскерткич болуп турат.
Жазыңыз: Орус тилин гана эмес, башка тилдерди үйрөнүп жатканда баарын эске сактоо кыйын. Андыктан, жаңы сөздөрдү, эрежелерди дептерге же блокнотко жазыңыз.
Кино жана музыка: Тилди бат өздөштүргөнгө кино менен музыка жардам берет. Сөздөрдүн туура айтылышына маани бериңиз, актёрлердун монологдорун кайталап, ырлардын тексттерин жаттаңыз.
Орусча окуңуз: Өзүңүзгө жаккан китепти тандап алыңыз. Жөнөкөй жомокторду окуп түшүнүү оңой.
Дос табыңыз: Тил үйрөнүүдө сөзсүз практика керек. Орус тилинин өкүлү менен маектешиңиз.
Эң башкысы - каалоо жана аракет!