// //

Ата-энең менен тил табышууга 6 кадам

2018.10.26, 10:36
2450

Атаң жана апаң менен жакшы мамиледе болгуң келеби? А сен ал үчүн эмнелерди жасадың, кандай аракеттерди кылдың? Же ортодогу карым-катнашты оңдоо мүмкүн эмес деген ойдосуңбу?

Мүмкүн! Бул жашоодо баардыгы мүмкүн! Бирок бул оңойго турбайт. Сенин аракетиңди, акылыңды, чыдамкайлыгыңды анан убакытты талап кылат. Бул узак жол.

Эмесе, 1-кадам.

Алгач, ата-энеңди түшүнүүгө аракет кыл. Сенин атаң же апаң идеалдуу болбосо да, алар өздөрүнүн жашоосун ырастай албай жатса да, күндө уруш, күндө талаш болгон күндө да сен аларды сыйлашың керек. Себеби, ушул адамдар сага өмүр тартуулады. Улуулар өздөрүнүн жүрүм-туруму менен сен үчүн үлгү боло албаса дагы, алардын айтып жаткандарынын бардыгы жаман деп айтууга болбойт. Ушул жашка чейин сени багып, өстүрүп келсе, демек сага жакшылык гана каалашат.

2-кадам.

Сенин жашооңдо дагы көптөгөн конфликтер, уруштар болот. Бул жашоонун бир бөлүгү. Ошондуктан чыр-чатакты эмитеден тынч чечүүгө үйрөн. Эмоцияга алдырба. Кошо кыйкырып, ачуу сөздөрдү айтууга шашылба. Өзүңдүн пикириңди жай, жана жеткиликтүү түшүндүрүүгө аракет кыл. Биринчи жолу ишке ашпаса, эч нерсе эмес. Кайра-кайра кайталап, аракет кыла бер. Жакшылап ойлонуп көр, балким алардын да билгени бардыр. Канткен күндө да алардын бул жашоодогу болгон тажрыйбасы кыйла көбүрөөк. Айрым учурларда принципке турбай “Ата, сиз туура айтып жатасыз”, - деген сөз эле жетиштүү болот.

3-кадам

Ата-энең менен сүйлөш. Эмнени сүйлөшөбүз дешиң мүмкүн. Алардын жумушу тууралуу, сенин окууң тууралуу, күнүмдүк иштер тууралуу, келечекке пландар тууралуу. Алардан жаштык кезин сура. Сендей окуучу же студент болгондо кандай эле? Кандай кызыктуу окуялары болду эле? Эмнелерге кызыкчу эле? Атаң менен апаң кантип таанышканын сура. Башында, "башымды оорутпа" деши мүмкүн. Бирок, акырындык менен күндө сүйлөшүп турсаң жакшы адатка айланып калат.

4-кадам

Өзүңдүн таарынычыңды ачык айт. Бирок кыйкырып эмес, ыйлап эмес жана эшикти тарс жаап эмес. Апаң сени катуу урушту дейли. Бир аздан кийин ачуусу тараганда. Жай гана: “Апа, мага сиздин сөздөрүңүз аябай катуу тиет. Мен өзүмдү аябай начар, колунан эч нерсе келбеген, эч нерсеге жарабаган адамдай сезип калам”, - деп көрүңүз. Көрөсүз мындай кадам дароо эффектисин берет. 

5-кадам

Көпчүлүк пикир келишпестиктер, сенин үйдөгү иштерди жасабай койгонгдуктан болуп жатабы? Анда да сүйлөшүп көр. Кайсы жумушту жакшы көрүп жасайсың, кайсынысы жакпайт. Балким, идиш жууганга караганда сен үчүн мал тейлеген жеңилирээк, же тескерисинче. Өзүң, айттырбай жасай турган иштерди белгилеп ал. Күнүмдүк милдеттериңди убактысынан кечиктирбей аткарганга аракет кыл. 

6-кадам

Атаңдар сени отурушка же бир кечеге жибербей жатабы? Макул, бир жолу унчукпай калып кал, кийинкисине деле барба. Андан кийин жай отуруп алып сура. Эмне себептен жиберишпейт? Алар деле жаш болгон, алар деле ата-энесинен суранып дискотекалап жүрүшкөн. Бара турган жериң жана чөйрөң коопсуз экенин айтып бер. Канчада келе турганыңды так белгиле. Бирок, айтканыңды аткар. Ошондо сага болгон ишеним пайда болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт