// //

Күнөө кыздык белгисинен айрылган кыздабы?

2018.10.22, 17:15
13098

Үлпөт тоюна чейин кыздыгын жоготуп алган кызга кандай мамиле кылышыбыз керек?

Коомубуз кыздык белгиге катуу маани берет, анткени, ал келечектеги үй-бүлөнүн тазалыгын билдирет. Өкүнүчтүүсү, коом ар дайым кызды күнөөлөп, эркекти жоопкерчиликке тартпайт. Кыздыгы бар келинчек алган эркек өмүр бою аны сыйлап, бөпөлөп, кол көтөрбөй өтөт деп эч ким айта албайт.

Кыздык белги - бактылуу жашоого кепилдик бербейт!

Мени кул катары көрөт

Менин көйгөйүм төмөнкүчө. 5 жылдан бери бир жигит менен сүйлөшөм. Бир күнү кумарга алдырып, жыныстык катнашта болдук. Бул менин чоң жаңылыштыгым экен. Ошол күндөн баштап тозок жашоо башталды. Мени коркутуп, зордуктап, кыйнап жыныстык катнашка мажбурлайт. Жылаңач сүрөттөрүмдү тартып алган. Болду сени менен сүйлөшпөйм десем “туугандарыңа, ата-энеңе баарын айтам, сүрөттөрдү көрсөтөм” деп коркутат. Ушул убакка чейин чыдап келдим. Мени кулдай көрүп, ур-соккуга алат. Өзү каалаганын жасайт. Эмне кылаарымды билбей калдым. Сага үйлөнөм дейт. Бирок ал жигиттен көңүлүм калды.

Жакында башка кызга үйлөнөт

Жигитимди сүйөм. Ушул күнгө чейин ал дагы мени сүйөт деп ойлоп келгем. Көрсө жаңылган экенмин. “Мен сени сүйөм, сага үйлөнөм” деген таттуу сөздөрүнө ишенип, жыныстык катнашка бардым. Көп өтпөй баягы көзүмдүн кареги менен тең айланган жигит жоголду. Качан үйлөнөбүз десем “апамдарга кыз алып барышым керек” деп оозумду ачырды. Кыздыгымды алганы аз келгенсип, минтип ара жолдо таштап кетти. Эми мени ким алат? Эркектер кыз алгысы келет экен, мендей болуп алданып, сүйүүсүнө ишенген кыздар эмне болот? Ата-энем билбесе экен деп корком. Чакырган жерине барып, кумарын кандырган кызга айландым. Жакында ал башка кызга үйлөнгөнү жатат. Мен эмне болом, кантип турмушка чыгам?

Баарын баштаган эркек

Тамара Воронцова, психотерапевт:

Байкап көрсөңөр, кыздар биринчи сунуштабайт, кыздыкты сакташ керек деген ойду карманган эркектер өздөрү кызды азгырууга болгон күч аракеттерин жумшайт. Ошондо эркектер  мыйзам ойлоп табып, аны кайра өздөрү бузабы? Бул эркектин тарбиясынын, рухий баалуулуктарынын жоктугунан улам болот.

Эмне кылуу керек?

Адамдарга билим жана руханий жактан тарбия берүү! 

Кыздык белгисин биринчи кезекте кыз өзүнүн кызыкчылыгы үчүн сактасын. Эмнеге дайыма кызды күнөөлөйбүз да, ал эми эркектер жоопкерчилик алышпайт?!

Картинки по запросу потреяла девственность ислам

Кызды бала азгырды дейли, анда кыздар, кымбаттууларым, силер өзгөргөн жоксуңар, кандай болсоңор ошондой элесиңер, болгону күнөө сезими кийинки жашооңузду бузуп коюшу мүмкүн. 

Европа өлкөлөрүн алсак, эркектер аялдарды башка критерийлер менен тандайт: ортодогу сүйүү, сый-урмат, жалпы кызыкчылыктар менен максаттардын дал келүүсү. Ал сенин адамыңбы же жокпу мына ошол маанилүү! Эркек балдарды жаштайынан жоопкерчиликтүү кылып тарбиялайлы!

Кыздарды азгырууга даяр, ал эми жубайлыкка кыз издешет. Логика кайда?!

Эркектер кыздарга кам көрүшү керек: атасы, андан кийин күйөөсү, анан уулу.

Кыз эмес экениңизди жашырбаңыз

Кадыр Маликов, теолог:

Эгерде адам жасаган ишине чындап өкүнсө, ар бир күнөө кечирилет. Убагында туура эмес жолдо жүрүп, кийин оңолуп, башынан өткөндөрүн жигитине айтып, ал макул болсо, турмушка чыгып, үй-бүлө кургандар бар.

Жаңылган адам кайрадан жаңы жашоо баштоого укугу бар экенин унутпайлы.

Кыздык белги баарында боло бербейт

Гүлзина Мадраимова, гинеколог:

Кыздык белги - аялдын жыныс орган мүчөсүнүн бир бөлүгү. Сырткы органдын ички жагына микробдорду киргизбей жаап турган, диаметри 0,5 см өлчөмүндө болгон жатындын кире беришиндеги эт. Ар бир кыздыкы бири-биринен айырмаланып, тегерек, сүйрү, катталган роза сымал формасында болуп өзгөчөлөнүп турат.

Роза түрүндөгү кыздык белгиден кан чыкпайт. Бул нерсени билүү абдан маанилүү!

Көпчүлүк кыздык - бул бүтүн чел кабык деп ойлошот. Эгер андай болсо, этек кир учурунда кан кайдан чыгат эле? 

Биринчиден кыздык белги баарында эле боло бербейт. Статистикага таянсак ар бир бешинчи же ар бир үчүнчү кызда кан чыкпайт. Муну биздин эркектер түшүнө бербейт. 30 жылдан бери кыздарды карап жүрүп, бул туралуу көп нерселерди биле алдым. Ошон үчүн кыздарга турмушка чыккандан кийин ыза болбой, эртең күйөгө тием дегенде гинекологго текшерилип кет деп айтам.

Кыздык белгинин роза түрүндөгү кан чыкпаган формасы тукум кууп энеден кызга өтөт.

Мисалы, биринчи нике түндө кыздан кан чыккан жок дейли. Ал кызды “сен кыз эмес экенсиң” деп күйөсү гана эмес, ошол жердеги апалар, жеңелер, абысындар күнөөлөйт. Аларга кыздын энеси кошулуп, “жоош элең кызым, алданып калган жок белең,” деп өз кызынан шектенип баштайт. Бул алардын кыздык белги тууралуу түшүнүгүнүн жоктугунан кабар берет.

Кыздыгын жоготкондордун баары эле өзүнүн күнөөсү менен болбойт.

Жаман ойлобой, кандай жагдай болгонун анализдешибиз зарыл. Кызды гинекологго 18 жашында эмес, наристе кезинен тартып эле көргөзүш керек. Бүгүнкү күндө кичинекей кыздарда сезгенүү болуп, “молочница”, “вульвовагинит” сыяктуу оорулар көбөйүүдө. "2 жашар кыз бала булар менен кантип оорумак эле" деп, көп энелер карабай коюп жатат. Мындай кайдыгерлик өз кезегинде кыздык белгиге дагы терс таасирин тийгизет. Ошондой эле, кичинекей кыз чүчөк болгондо, жыныстык органына инфекция кирип кетсе, кытышканынан тырмап, белгисине жаракат кетирип алышы мүмкүн. Андыктан, кыздык белгиден кан чыкпай калуу себептери абдан көп. 

Кыздыкка эмес адамдык сапатына маани бергиле

Мындай кыздарга мамилени түз кылалы. Үйлөнүп жатканда ачык сүйлөшүп, кан чыкпай калса тетири карабастан, келечекте кандай эне болооруна, балага кандай тарбия берээрине басым кылган туура! 

“Репродиктивдүү ден соолук боюнча альянс” АКтын аткаруучу директору Галина Чиркинанын айтканына караганда, кыздык белгини “тажы” деп дагы атап коюшат.

Себеби, ал көпчүлүк элестеткендей кыздардын кынын жылчыксыз жаап турган чел кабык эмес. Андай болгон болсо, кыздардын көбү алгачкы этек кири келе баштаганда эле көз жуммак. Сыртка чыга турган кандын бары ички органдарына толуп кетмек да. Кыздык белги болгону тажы түрүндөгү органикалык ткань. Анын ортосунда тешиги болот. Ал тешиктин көлөмү адамдардын өзү: чоң-кичине, бойлуу-кичинекей, толук же семиз болуп айырмалангандай эле айрымаланып турат.

Кээ бир кыздардыкы ийкемдүү же кан капилярлары азыраак болот. Же болбосо сүйүшкөндөрдүн ортосундагы мамиле жылуу болуп кыз өзүн бош кармагандыктан кошулуу эч бир жаратсыз өтөт.

Ал эми айрым учурларда кыздык белги абдан калың болот. Андай кыздарды кичине кезинде эле хирургиялык жол аркылуу кынын тилип коюшат. Анткени, жогоруда айтылгандай, этек кири жатынга толуп кетсе өтө кейиштүү жыйынтыкка алып келет.

Көпчүлүк эркектер үчүн балким ачылыш болотдур

Бирок, эркек киши кыздын кыз же кыз эмес экенин аныктай албайт. Бул органдын биологиялык өзгөчөлүгү ушунда. Маселен, жатын төрөт учурунда 35 эсеге чоңоет. Ошондой эле, кичирейе да алат. Ден соолугу чың, спорт менен машыккан айымдар, тиешелүү булчуңдар үчүн көнүгүүлөрдү жасап, кындын көлөмүн кыйла кичирейтип алса болот.

Менин оюм боюнча, кыздык белги кандайдыр бир тазалыктын символу катары кабыл алынбастан, аялдарды башкаруунун жана көзөмөлгө алуунун бир куралы катары болуп калган. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт