Жигитиңиз минтсе коркпостон турмушка чыга бериңиз
Сүйөт? Сүйбөйт? Эгерде жигитиңиздин сезимдеринен күмөн санап жатсаңыз, кабатыр болбоңуз. Айымын чындап сүйгөн эркек кандай болоорун айтып беребиз.
- Кунт коюп угат

Жигитиңиз чындап сүйсө, ар бир сөзүңүздү угуп, эмне айткыңыз келгенин түшүнгөнгө аракет кылат. Дайыма иштериңиз, ал-акыбалыңыз, жеке пикириңиз жөнүндө сурайт.
- Талашып-тартышат

Адам болгондон кийин бири-бирибиз менен макул болбогон учурлар болот. Бул - ал киши сизге кабатыр болуп жатат дегенди түшүндүрөт. Эң негизгиси компромисс.
- Сиз үчүн курмандыкка барат

Оба, баарыбыздын жеке иштерибиз бар. Бирок, жумуштары толуп турса да сиз менен болуу үчүн убактысын жана күчүн жумшайт.
- Сүйүүңүз үчүн күрөшөт

Сизди жолуктурганы үчүн бактылуу экенин айтат. Күн сайын чалып турууга мүмкүнчүлүк табат.
- Жетишкендиктериңиз менен сыймыктанат

Жашооңуздагы маанилүү учурлар жана окуялар тууралуу билет. Кереги тийгенде жаныңызда болот.
- Ал үчүн ар дайым сулуусуз

Чачыңыз майланышып, косметикасыз, көзүңүз шишиген, жүдөө болсоңуз дагы ал үчүн чырайлуусуз.
- Үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга кам көрөт

Курбуларыңыз же жакындарыңыз жаныңызда болсо, алар менен пикир алышууга аракет кылат, сиз үчүн маанилүү болгон адамдар менен достошууга кызыкдар экенин билдирет.
- Түбөлүк жаныңызда болот

Көйгөйлөрдөн качпайт, колуңуздан бекем кармап баардык тоскоолдуктардан өтөт.