// //

Польшадан билим алуу: даярдануу жана документ топтоо процесси

2018.10.16, 14:29
1760

Польшада билим алуу үчүн эмне кылуу керек? Кандай документтерди чогултуу зарыл? Виза маселеси кантип чечилет?

Польша мамлекетинен окуйм деп чечим кабыл алсаңыз, тиешелүү документтерди топтоп баштаңыз. Алар кайсылар деп турсаңыз, “Kyrgyz Concept Education” агенттигинин консультанты Аида Бейшембаева айтып берет.

Негизги документтер топтому:

1) Толтурулган анкета (даяр анкетаны университеттин расмий сайтынан жүктөсөңүз болот).

2) Чет жакка чыгуучу паспорттун көчүрмөсү.

3) Жашыңыз жете элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (нотариалдык күбөлөндүрмө аркылуу англис тилине которулган) көчүрмөсү.

4) Апостилденген (апостил мөөрү коюлган) аттестат, же дипломдун (нотариалдык күбөлөндүрмө аркылуу англис тилине которулган) көчүрмөсү.

 5) Польшада билим алууга мүмкүн болгон В1 (поляк тилинде окуу) деңгээлиндеги сертификаттын көчүрмөсү.

6) Эгерде окутуу англис тилинде болсо, анда  TOEFL 80/ IELTS 6.0 тан  жогору болгон сертификаттын көчүрмөсү.

7) Медициналык маалымкат (ЖОЖдогу стандарттык кароодон өтүү үчүн) жана анын котормосу. Кээ бир адистиктерге (өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар, дарыгерлер ж. б.)  кошумча изилдөө талап кылынат. Бул тууралуу университеттен толук маалымат алсаңыз болот.

Университет документтериңизди сынактан өткөргөн соң келишим сунуштайт. Эгер сиздин жашыңыз жете элек болсо, келишим камкорчу же расмий өкүл аркылуу түзүлөт.

Талап кылынган документтердин тизмеси окуу жайга жараша айырмаланат. Андыктан, алдын ала сурап алыңыз.

Виза маселеси

Виза алууга келгенде Алма-Ата шаарындагы Польша элчилигинин расмий баракчасында көрсөтүлгөн документтердин тизмесин топтошуңуз керек.

Шилтеме бул жерде:

https://almaty.msz.gov.pl/ru/informacje_konsularne/wizy/wymagane_dokumenty/

Арзан жана кымбат шаарлар

Окуутуунун баасы көптөгөн факторлордон көз каранды: университеттен (жеке же мамлекеттик), окутуу тили (англисче же полякча).

Мамлекеттик окуу жайлар грантты көбүрөөк бөлүп бергенге аракеттенет.

Кичирээк шаарчада билим алам десеңиз, жашоого кеткен чыгымдарыңыз кыйла азаят. Мисалы, Варшава, Гданськ, Краков шаарларында коомдук транспорттун баасы 3,80 pln (польша злотыйы) биздин акча менен 20 сомдун тегереги. 

Похожее изображение

Кандай программалар бар?

ISIC (International student Identity Card) – эл аралык студенттерди күбөлөндүрүүчү документ. Бул документ менен баардык маданий жайларга арзандатуу ала аласыз. Ошондой эле учак менен автобустарга арзандатылган баада билет алууга мүмкүнчүлүк берилет. Программа  дүйнөнүн 130 өлкөсүндө иштеп, 42 000ге жакын арзандатуулардын түрүн сунуштайт.

ISIC- документин тариздөө үчүн:

  1. Паспорт
  2. Окуу жайдан күбөлөндүрмө
  3. Сүрөт 3*4 даана
  4. 200 сом керек.

Польшада студенттерге окуу маалында жумасына 20 саатка чейин, эс алуу (каникул) учурунда 40 саатка чейин иштөөгө уруксат берилет.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт