Акчаңызды бул ыкма менен чогултсаңыз, чет өлкөдө эс аласыз
Ойлонбостон айлыгыңызды эки жакка чача берсеңиз (кирешеңиз орточодон бир аз жогору болсо) кымбат сатып алууларды жүргүзө албайсыз. Же тескерисинче, маяныңыз аз болсо, бирок чыгашаларыңызды эсептеп, үнөмдөөнү билсеңиз, нормалдуу жашоого мүмкүн.
Эртеңки күндөн кам санабаш үчүн үй-бүлөлүк бюджетти жүргүзгөндү үйрөнүп алыңыз. Кантип десеңиз, Айыл Банктын насыя бөлүмүнүн башкы адиси Нурзада Сапарбаева айтып берет.
Адамдар үй-бүлөлүк бюджетти пландоого ар кандай мамиле кылат. Кээ бирөөлөр айлыгын алаар замат, бир жумага жеткирбей коротуп коюп, айдын аягына чейин карызга батат. Айрымдары ар бир тыйынын кылдаттык менен эсептеп, пландаштырылбаган сатып алууларды жасабайт. Акча эсебин жүргүзүп (дептерге же башка нерсеге), чыгымдарды туура бөлүштүрө алган адам утушка ээ болот.
Эмгек акынын 5-10% сактап койсоңуз, жылдын аягында кымбат буюм сатып аласыз же чет жакка чыгып эс алып келесиз.
Үй-бүлөлүк бюджетти кантип түзөм?
Ар бир адам өзүнө ыңгайлуу жолун тандайт. Дептерге жазыңыз, атайын уюлдук тиркемелерди жүктөп алыңыз же компьютерден Excel сыяктуу программаларды колдонуңуз.
1. Дептер
Үй-бүлөлүк бюджет |
|
Киреше булактары |
Чыгашалар |
|
|
5-10 сом коротсоңуз дагы жазыңыз.
2. Excel программасы
3. Мобилдик тиркемелер
Колдонмо жалпы бюджет жөнүндө толук отчёт берип, жеке чыгымдарды көрсөтөт. Тиркеме сыр сөз жана ПИН-код менен корголгон, бирөөлөр кирип кетет деп коркпой эле койсоңуз болот.
Жеткиликтүү: Android, iOS, WindowsPhone
Тиркеме башка ресурстар сыяктуу эле, киреше жана чыгашаларды аныктап, аларды категорияларга бөлүүгө жардам берет.
Жеткиликтүү: Android, iOS
Бул колдонмо каржы маселесине кызыктуу мамиле жасайт. Анткени тиркемеде Toshi-желмогуздары бар, алар колдонуучуларга кеңеш берип, акчасын үнөмдөсө мактап, ашыкча коротсо урушат.
Жеткиликтүү: Android, iOS, WindowsPhone
4. Дзен-мани
Тиркеме банктан келген SMS-билдирүүлөрдүн жардамы менен чыгымдардын жана кирешелердин эсебин алат.
Жеткиликтүү: Android, iOS
5. CoinKeeper
Тиркемени иштеп чыккандар, CoinKeeper үй-бүлөнүн акча каражаттарын, ошондой эле чакан компаниянын бюджетин эсептеп берээрин айтышат.
Жеткиликтүү: Android, iOS
Оба, айтканда оңой көрүнгөнү менен, ишке ашырууга келгенде таатал болушу мүмкүн. Бирок, айлык кирешеңиз менен чыгашаңызды эсептеп турууну адат кылып алсаңыз, жыл аягында топтогон акчаңызга көптөн бери кыялданып жүргөн нерсеңизди сатып аласыз.