Сайкал Сагынбаева: “Аракеттенсеңер кыялыңар орундалат!”
Кытайда окугуңуз келет, бирок, бекер билим алууга мүмкүнчүлүгүңүз жок. Анда Хайнань шаарында бекер билим алып жаткан Сайкал Сагынбаеванын маегин окуңуз.
Сайкал өзүң жөнүндө айтып берсең?
Салам достор, мен Ош областына караштуу Араван районунда төрөлгөм. 2017-жылы Уркуя Салиева лицейин аяктап, Ош мамлекеттик Университетинин Кыргыз - Кытай факультетине тапшырдым. Кичинемден эле тил үйрөнүп, чет мамлекеттерге саякаттагым келчү.
Демек, кыялдарың орундалган турбайбы?
Ооба, кыялым орундалып, учурда Кытайдын Хайнань шаарында билим алып жатам. Бул жер көп улуттуу студенттердин шаары. Сабак берүү методикасы өтө жогорку деңгээлде. Бош убакыт жок, сабактан тышкары китеп окуп, спорт оюндарына катышуу керек.
Хайнанда окуу оор эмеспи?
Бул жерде көп ыктыярчылар бар. Алар кытай тилин өздөштүрүүгө жардам беришет. Студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн, эч кандай кыйынчылык сезген жокмун. Буйруса окуумду ийгиликтүү аяктап, мекениме кайтам деп турам.
Кытайдан кантип билим алса болот?
Биринчиден, кытай тилин башталгыч деңгээлде билүү керек. Окуу жайларга тапшыруу үчүн 6 баскычтан турган HSK (тил өздөштүрүү деңгээли) тестин тапшырасыз. 3 баскычын тапшырсаңыз, Кытай тилинде эркин сүйлөп, ой бөлүшө алат деген статуска ээ болосуз да, билим алууга, жумушка орношууга же саякаттоо үчүн виза ача аласыз.
Акча маселесине токтоло кетсең?
Ай сайын берилчү стипендиябыз тамак-аш, баскан турганга кеңири жетет. Жатакана менен университет камсыз кылат.
Алдыда кандай пландарың бар?
Хайнанга 6 айлык окууга келгем. Убакыт тез өтүп жатат, сабактар аябай кызыктуу. Окуумду ийгиликтүү аяктап, алган тажрыйбамды Кыргызстанда бөлүшкүм келет. Окуйм деген баардык досторго ийгилик каалайм, кыялдар орундалат, болгону аракеттенүү керек.