10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты
Менин сүйүктүү баатырым “Человек-паук”. Ал сыяктуу “крутой” болуп, кылмышкерлерди кармап, асманда учкум келет. Бул кинону күн сайын көрөм.
Жакында эле өзүм супербаатырдын баласы экенимди билдим.
Жакшы окуганым менен сөз укпаган тентекмин. Сабактан чыгып, Куба, Жами жана Арс төртөөбүз жүрө беребиз. Үйгө кеч барам. Апам кабатыр болуп сыртта турган болот. Урушпайт. Келгениме сүйүнүп дароо тамагын ысытат.
Мектеп формамды бир күн кием. Ушунчалык кирдеп калат дейсиңер, экинчи ирет кийгенге жарабайт. Апам жууп коет.
Карындашым бар. Ал кичинекей. Эч нерсе түшүнбөйт.
Атам жумуштан түндө келет. Үйгө кирип эле апаман “баары тынчпы” деп сурайт.
Атам биз менен көп ойнобойт. Отурганда чуркап келип, байкатпай жонуна жабышсаң, “иий, ооруп кетти, балам антпей жүрчү”,-дейт. Дайыма биз уктап калганда келет. Бизди жаман көрөт окшойт.
Таенем ооруп калыптыр. Апам менен карындашым аны көргөнү кетти. Атам мени үйдө жалгыз таштагандан коркту окшойт, биринчи жолу жумушуна алып алды.
Атамды бир кабинетте отуруп иштейт экен десем, цемент, кирпич чыгарган заводдун жумушчусу экен.
Алгач бир кичинекей бөлмөгө кирип кийимдерин, кир, чаң, жыртык башка кийимдерге алмаштырды. Мага “ойной бер, бирок алыс кетпе”,- деди.
Атам кабинетте иштебейт экен деп көңүлүм түшүп калган. Ойногум келген жок. Сыртта бир стул бар экен. Ошого барып отурдум.
Атам жонуна эки каптан цемент коюп, камазга ташып баштады. Тери куюлуп жатты. Эс алган жок. Кайра колуна жыйырма кирпичтен жыйып алып, экинчи камазга ташып кирди. Мени карап, кол булгап жылмайып коет.
Түшкү тамактануу болду. Бир аял келип, жумушчуларга бир чыны шорпо, анан эки кесим нан таратты. Атам түртүшүп кезекке туруп, тамагын алып мени көздөй келди. “Ичегой, чарчадың го”,-деп мага сунду. Өзү бир сындырым нан жеп алды.
Бир киши келип, “Бүгүн бул каптардын баарын жүктөгүлө!”- деп жумушчуларды бакырып урушту. Атам эми жонуна үч кап цементти коюп ташый баштады. Буттары титиреп, жыгылайын деп барып туруп кетти. Көрсө, жону чын эле ооруган турбайбы. Байкатпай келип секирбей эле койсом болмок экен.
Түндө жолго чыктык. Унчукпай жанында басып келаттым. “Ата, эртеңден баштап мен сага жардам берип иштейм”,- дедим. Атам дароо токтой калып, маңдайыма тизелеп отуруп, көзүмө карап, “Балам, мен сенин атаңдай болуп цемент ташып иштешиңди каалабайм. Карындашың экөөң окуп, мен бара албаган башка өлкөрлөрдү көрүп, чоң адам болуп чоңоюшуңарды кудайдан тилейм. Билесиңби балам, мен убагында окуйм десем, чоң атаң болбой койгон. Ошондо мен балдарым сөзсүз билимдүү болот, деп өзүмө сөз бергем. Балам, бул кургур кара күч бир күнү кетет, ал эми билим өмүр бою сени менен калат. Балам, билимдүү, илимдүү болсоң кыйналбайсың, курсагың да ток болот. Мектептен жакшы окуганыңды билем. Дайым сени менен сыймыктанам. Кээде силерге жетиштүү убакыт бөлө албай калам. Бирок, атаң силерди жакшы көрөт балам. Муну унутпа. Силер үчүн баарына даярмын. А сен акылдуу болуп, мен жокто апаң менен карындашыңа каралашып тур, макулбу?”
Акырын башымды ийкеп, атамды катуу кучактап ыйлап кирдим. Атам да мени кучактап ыйлады.
- Кеттик балдар, Куба бир сонун жер таптым деди.
- Мен барбайм, үйгө кетем.
- Ваай, эмне болду, кеттик бас.
- Жок, апам менен карындашым жалгыз, аларга жардам беришим керек. Эртең тест болот, ага да даярданам. Мен кеттим.