«Мой Beeline KG» – Beeline Кыргызстандан акысыз мобилдик тиркеме!
Салам достор! Бүгүн биз силерге "Мой Beeline KG" тиркемеси тууралуу айтып беребиз. Аны телефонуңузга жүктөп алсаңыз, атайын командаларды жаттап же көйгөй чыкканда контакт борбордун адистери менен байланышып убара болбойсуз.
Тиркеменин жардамы менен оңой эле кызматтарды жана тарифтерди туташтырып же өчүрүп, балансты текшерип, жакын арадагы Билайн кеңселеринин даректери менен акциялар тууралуу биле аласыз.
Тиркемени Google Play же App Store’ден жүктөйсүз. Жүктөп бүткөндөн кийин ачып, тил тандайсыз. Андан кийин авторизациядан өтүү керек. Бул үчүн бар болгон аккаунтту колдонсо, конок катары кирсе же катталса болот. Кыскасы, өзүңүзгө ыңгайлуу жолун тандайсыз.
Башкы беттен “Башкы”, “Менин кызматтарым”, “Деталдаштыруу” деген бөлүмдөрдү көрөсүз. Өйдөңкү бөлүгүндө тарифтик планыңыз жана номериңиз тууралуу жазылуу. Түбүндө компаниянын акциялары жана жаңылыктарын окуй аласыз. Ушул эле беттен кардарларды тейлөө кеңселердин даректерин билсеңиз болот. “Менин кызматтарым” бөлүмүнө кирип кайсы кызматтарга туташканыңызды биле аласыз. Кааласаңыз кереги жокторун өчүрүп койсоңуз болот.
Менюда тарифтер, балансты толуктоо, кошумча кызматтар ж.б бар.
Эгер чет өлкөгө сапар тартып жатсаңыз жана жакындарыңыз менен байланышта болууну кааласаңыз “Роуминг” бөлүмү сиз үчүн. Бара турган өлкөңүздү тандасаңыз, тарификация тууралуу кененирээк маалыматтар чыгат.
Номерди, тиркеменин тилин же сыр сөздү “Тууралоолор” бөлүмүнөн өзгөртө аласыз.
Тиркеме тууралуу кененирээк билүүнү кааласыңыз бул жерди басыңыз.