// //

Кызымды зөөкүр күйөдөн кантип сактап калам? Ата-энеге психологдон 14 кеңеш

2019.08.28, 18:55
1762

Психолог Анастасия Рубцова кыз баланы келечекте зөөкүр күйөөдөн кантип сактап калуу керек экенин айтып берди. Bilesinbi.kg психологдун 14 кеңешин окурмандары менен бөлүшүүнү чечти.

Досторум “Кызымды зөөкүр күйөөдөн кантип сактап калам? Ага ар дайым менин кымбаттуу ханышам деп айтып, эркелеткеним жетиштүүбү? Же мушташканды үйрөтөйүнбү?” – деп сурашат.

Мен аларга эмне деп жооп береримди билбейм. Биздин коомдо мыкаачылыкка, зомбулукка көңүл кош мамиле кылышат. Ата-эне баласын урат, мугалим окуучуларды урушат, доктурлар бейтаптарга орой мамиле жасашат, атка минерлер кол алдындагыларын кемсинтишет. Мунун бардыгы биз үчүн норма, таңгалбайбыз деле.

Балдарды зордук-зомбулуктан коргой турган вакцина ойлоп тапкым келет. Бирок ал мүмкүн эмес.

Мезгили келгенде менин кызым да чоңоет. Бирөө менен мамиле курат, жетелешип башка дүйнөгө аттанат. Башка бирөөнүн бүлөсү болот. Тилекке каршы ал жактан кызымдын коопсуздугу менден көз каранды болбойт. Кыпындай да.

Азыр, жанымда болгон кезде, ал үчүн өзүн-өзү сактоого жардам бере турган осуяттарды даярдап жатам. Менин тумарым келечекте аны коргоп калат, деп ишенгим келет. Кызым бир аз эс тарканда, мен ага төмөнкүлөрдү айтам:

Кол көтөрсө дароо кет

Сага бир жолу кол көтөрсө дароо оокатыңды чогултуп кетип кал. Табигый кырсыктан качкандай кач! Балдарыңды ал, документтериңди ал дагы кет. Эч кандай кечирим суроолорду, жалдыроолорду кабыл алба. “Кечир мени” деген сөз акырындык менен “өзүң ошого жеткирдиң” дегенге айланат. Бул сазга түшүү оңой, чыгуу мүмкүн эмес. Ойлонбой туруп кач.  

Сен күнөөлү эмессиң

Билип кой, “өзүң күнөлүүсүң”, “сен мени ошого жеткирдиң” деген сөз калп. Чынында бул: “Мен билем, сени каалашынча уруп, токмоктоп, кемсинте берсем болот. Сен эч нерсе кыла албайсың. Ошондуктан өзүмдүн ачуумду кармоонун зарылчылыгы жок” дегенди билдирет.

Мен ар дайым сен тарапта болом

Сен ар дайым менден жардам сурай аласың. Ар дайым. Көз жашыңды төгүп, жылаңайлак качып чыксаң дагы мен сени кабыл алам. Мен эч качан сени күнөөлөбөйм. “Мен сага айтпадым беле!” – деп айткым келсе дагы унчукпайм. Себеби бул сөздөр сооротпойт. Бул кан жалап турган жаратка туз сепкенге барабар.

Жардам сурагандан уялба

Кокус мен жок болсом (ата-энелер түбөлүктүү эмес да), сенин жаныңда коргой турган жакындарың же досторуң болсун деп тиленем. Андай адамың жок болсо, башкалардан жардам сура, тартынба. Жардамды кабыл алуудан уялба. Арыздан, даттан, айтып бер. Эч качан унчукпай койбо. Зөөкүрчүлүктү жашырба.

Кемсинтүүгө жол бербе

Бир да мамиле ур-токмоктон башталбайт. Алгачкы белгилери бул “келесоосуңбу?”, “ишиң эмне?”, “кийлигишпей ары тур”, “мен айткандай кыласың”. Өтүнүүлөр буйрукка айланат. Андан кийин кемсинтүүлөр нормага болуп калат. Эч качан сени кемсинтүүгө жол бербе. Эч качан “мен мындайга жол бербейм” деп көкүрөк какпа. Бул капканга көптөгөн акылдуу аялдар түшкөн.

“Жөн эле көрүндү окшойт”  - деген сезим сенин душманың

“Мен жөн эле көбүртүп жатам” деген ой сенин башкы душманың. Бүгүн адам өзүн сонун алып жүрөт, эртеси канкор күйөөгө айланат. Андан эртеси кайра булуттан чыккан айга окшоп жаркылдап калат. Ошондо сен “чындап эле көбүртүм жатыптырмын” деп үшкүрүнөсүң. Бул сезим туура эмес мамиленин башкы белгиси. Мындай адам менен үй-бүлө курба, андан балалуу болбо, бирге бизнес баштаба.

Өзүң иштеп акча тап

Ар дайым жеке акчаң болсун. Балдар менен үйдө отурсаң да, банктан эсеп ачып, акча салып кой. Балдарың кичинекей болуп турганда, күйөөңөн өзгөчө көз каранды болосуң. Айрым эркектер билип туруп алсыздыгынан пайдаланышат.

Жалаң үй-бүлөм деп жашаба

Үй-бүлө, күйөө, бала чаканы жашооңдун жалгыз баалуулугуна айландырба. Дос, курбу күт, иште, акча тап, түрдүү нерселерге кызык, оку, билим ал, саякатта. Мунун бардыгы сенин жашооңдо болсун. Эгер булар жок болсо, кокус үй-бүлөң бузулса, бүтүндөй дүнүйөң аңтарылат. Кризистен чыгуу кыйынга турат.

Ден соолукту унутпа

Ден соолугуңа кам көр. Убагында доктурга көрүн.

Башкалар эмне дейт көңүл бурба

“Элдин баары ушинтип эле жашашат” деген сөзгө алданба. Жалган сөз. Ынтымактуу, бирин-бири сыйлаган үй-бүлөлөр бар. Аларды көрүп ошолордун арасында чоңоюшуңа бардык аракетимди жумшайм. Сен үчүн үлгүлүү эне болууга аракеттенем.

Эмнеси болсо да үй-бүлөнү сактап калуу керек, дебе

“Өзүм күнөөлүмүн, элдин бетин кантип карайм, акылым жок” - деп өзүңдү эч качан урушпа. Жаңылбаган адам болбойт. Зомбулуктун курмандыгы болуп калуу оңой эле. Токтотуунун, кетип калуунун ордуна чыдап жашап жүрө бергениң жаңылыштык. “Эмнеси болсо да үй-бүлөнү сактап калуу керек”, “жаман болсо да өз атасы эмеспи” деп ой жүгүртүү жаңылыштык. Мындай үй-бүлө сага дагы балдарыңа дагы керек эмес.

Жаңылсаң өзүңдү жемелебе

Адамдар өзгөрөт. Бизди жаш курак жана чогулткан тажрыйбабыз өзгөртөт. Жаш кезекте кызыктай көрүнгөн нерселер, кийин айбанчылык экенин түшүнөбүз. Эгер мындай көрүнүштү байкасаң, өзүңдү-өзүң урушпа. Алдын ала бардык нерсени биле албайсың.

Жаңы нерселерге умтул

Жаңы нерселерге умтул. Эксперимент жасоодон, эскини жоготуудан коркпо. Жаңы жумуш, жаңы кийим, жаңы спорт, жаңы тамак, жаңы тартип. Канчалык жаңыланууга умтулуп турсаң ошончолук өзүңдү ишенимдүү сезесиң.  

Башкаларга жардам бер

Бул эрежелер жөнүндө башкаларга да айтып бер. Курбуларың менен бөлүш. Адилетсиздикти, оройлукту көрүп турсаң кайдыгер болбо. Эсиңде болсун, айрым адамдар муктаж болсо да жардам сурагандан тартынышат, уялышат. Сен кимдир бирөөнүн кайгысын байкаган жалгыз адам болушун мүмкүн. Көңүл кош мамиле кылба.

 

Маалымат deti.mail.ru сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт