// //

Жолдошум туугандарыма акча салбайсың, деп уруш чыгарат. Кандай кылышым керек?

2019.08.23, 14:29
1332

Bilesinbi.kg окурмандардын анонимдүүлүгүн сактап каттарына эксперттерден жооп алып берет. Бизге кайын журтума акча салам, жардам берем, деп жазган келиндер көп. Каармандарыбыздын (аттары өзгөртүлгөн) каттарын сунуштайбыз.

Фарида, 23 жашта

Саламатсызбы. Жолдошум экөөбуз баш кошконубузга 3 жыл болду. Россияда иштейбиз. Балалуу боло элекпиз. Жолдошум туугандарыма өзүң билип ак5ча салып турбайсың, балдарына кийим, белек-бечкек алып бербейсиң деп уруш чыгарат. Ансыз деле тапкан акчабыздын 30% кайын дуртка которобуз. Андан көбүрөөк которолу десек азырынча үйүбүз жок. Кеңеш бериңизчи, балким мен туура эмес кылып жатамын?

Асель Баимбетова

Психолог

Жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, өзүңүздүн оюуңузду айтыңыз, анын да пикирин угуңуз. Биздин менталитетте келиндердин орду төмөн, жана ал оз алдынча чечим чыгарууга акысы жок. Баш ийбесе, жаман көрүшүп, озүн эле ойлогон эгоист катары кабыл алышат. Күйөөсүнүн мээсин жеп келинчегине каршы бурушат.

Ошондуктан мен сизге ал үй-бүлөдө кандай тартип бекитилгенин жакшы билип алып, ошого ылайык жашаңыз, бирок өзүңүздүн да кызыкчылыктарыңзды курмандыкка чалбаңыз.

Балдарыңыздын жок болгону да сизге таасирин тийгизүүдө. Өзүңүздү ыңгайсыз же күнөөлүү сезип жатасыз.

Бермет Уланова

Гештальт консультант

Биздин коом аялдар өзүнүн тапкан кирешесин күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө берүүгө же бөлүшүүгө милдеттүү деген түшүнүктү таңуулайт. Бул туура эмес. Ар бир адам иштеп тапкан акчасын кайда жумшай турганын өзу чечет.  

Эгер бир үй-бүло болсоңуз, демек жолдошуңуз менен сүйлөшүп алып, чыгашалардын бардыгын бөлүштүргүлө. Канчасын чогултасыңар, канчасына кийим-кече, тамак аш аласыңар, канчасын жеке чыгашаларга сарптайсыңар. Өзүңөрдүн чыгашалардын бардыгын жапкандан кийин каражат артса, жакындарыңарга жардам берсеңер болот.

Силер Россияга жыргаганыңардан барган жоксуңар да туурабы? Кандайдыр бир максатты көздоп жөнөгөнсүңөр. Кыргызстанга кайтып келгенде үй алалы, же жеке бизнесс баштайлы деп.

Күйөөңүздүн “туугандарыма өзүң билип акча салбайсың” деген дооматтары негизсиз. Сиз көзү ачык эмессиз ар кимдин каалоолорун алдын ала биле албайсыз. Туугандарынын балдарына кийим алып берүүго милдеттүү эмессиз. Алардын өзүнүн ата-энелери бар. Ар ким өз баласына кам көрөт.

Балалуу болгонго чейин пикир келишпестиктер боло турган олуттуу темалар боюнча алдын ала макулдашып алууну сунуштайм. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, психологго кайрылыңыз. Жок дегенде психология тууралуу кобүрөөк маалымат окуп, өзүңүздү түшүнүүгө, мамиле курууга үйрөнүңүз. Биринчи кезекте сиз үчун пайдалуу болот.

Мээримдин да көйгөйү ушуга окшош

Мээрим, 21 жашта

Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Мен аны эрктүү, чечкиндүү мырза деп ойлогом. Көрсө жаңылыпмын.

Бирге түтүн булатканыбызга бир жыл болду. Азыр ажырашкым келип турат. Мен иштеп тапкан айлыгымды кайын журтума берем. Жолдошум ага унчукпайт. Өзү иштебейт, үйдө.  Ошондуктан мага акча бермек тургай кайра менден алат.

Башка шаарда иштейм. Кээде жол киреме, тамак ашыма тыйыным жок, отуруп калам. Өзүмдүн ата-энем, керегиңе жаратып ал деп, кайра мага акча беришет.

Андан сырткары кайын энем шылтоо таап эле мени урушуп, күйөөм экөөбүздү кагыштыра берет. Акыркысында телефон чалып койбойсуң, деп чыр салды. Мен эмне кайын атама телефон чалганга милдеттүүмүнбү? Акчамды бергеним аз келгенсип, эми барына бирден телефон чалышым керекпи?

Бир жылда ушунчалык көңүлүм калды. Стресс болгонуман боюма да бүтпөй жатат окшойт.

Лариса Илебезова, гендер боюнча эксперт

Акча каражатын тартып алуу, негизги муктаждыктарга каражат бөлүп бербөө - булар мыйзам боюнча экономикалык зомбулук болуп саналат.

Бирок, сиздин учурда, кайын журтуңуз акчаңызды тартып алган жок да туурабы? Сиз аларга өз эркиңиз менен берип жатасыз. Демек бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок.

Бул маселени чечүү үчүн 3 жолуңуз бар:

  1. Бардыгына чыдоо, моюн сунуу, ошо бойдон калтыруу.
  2. Күйөөңүзгө жана кайын журтуңузга ачык айтып, сүйлөшүп алуу. “Менин айлыгым “мынча” сом, анын бир бөлүгүн силердин тамак ашыңарга, кийим кечеңерге, коммуналдык төлөмдөргө ж.б. бөлүп берүүгө даярмын. Калганын өзүмдүн керектөөлөрүмө калтырам. Ошондуктан бардыгын бербейм” - деп.
  3. Айлыгыңыздын канча экенин так айтпайсыз. Кыргызстандагы айымдардын жана эркектердин басымдуу бөлүгү айлыгынын канча экенин үй-бүлө мүчөлөрүнө так айтпай жашырышат. Акчанын жарымын айтып, болгону ушунча таптым дейсиз да калганын жеке керектөөлөрүңүзгө жумшайсыз.  

Бул суроону эртелеп чечиңиз, болбосо таарынычтарга, нааразычылыктарга акыры конфликтерге алып келет.

Бактылуу болуңуз! Ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт