// //

ТОП-5: Күлүктөр үчүн пайдалуу тиркемелер

2018.09.26, 14:57
2749

Чуркоо – жеңил атилетикалык көнүгүүлөрдүн бир түрү. Чуркаган адамдын муундары, байламталары чыңалып, ден-соолугу жакшырат. Күлүктөр машыгуусун көзөмөлдөп туруу үчүн Bilesinbi.kg ТОП 5 чуркоого арналган тиркемелерди сунуштайт. Бул колдонмолор фитнес браслети сыяктуу эле ыңгайлуу.

1. Runtastic

Бул программа Android жана iOS системасы үчүн арналган. Чуркоо учурунда ар кандай сунуштарды берип, машыгуунун статистикасын көрсөтөт. Мындан сырткары кыймылыңызды узак убакытка көзөмөлдөп тура алат. Тиркемеден чыкпай туруп Google Play Music же Apple Music ти башкара аласыз. "Runtastic" ти көчүрүү бекер. Акылуу дагы контенти бар.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Убакытты, аралыкты, темпти жана ылдамдыкты көзөмөлдөйт;
  • Машыгуудагы кеткен калориянын санын каттайт;
  • Машыгуу күндөлүгү, чуркоо тарыхы;
  • Чуркоо үчүн плейлист;
  • Эң жогорку ылдамдыкты жана темптин жайлашын анализдейт;
  • Максат коюу мүмкүнчүлүгү;
  • Жетишкендиктерди социалдык тармактарга бөлүшүүгө уруксат берет.

2. NIKE+  

Бул колдонмо Android жана iОS системасындагы смартфондор үчүн бекер. Тиркеменин ичине Google Play Music жана Apple Music тин менюсун түзүп алууга болот. Үн аркылуу канча аралык, кандай темп менен чуркаганыңызды жана койгон максатка жетүүгө канча калагынын айтып турат.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Убакытты, чакырымды, темпти жана ылдамдыкты аныктайт;
  • Чуркап өткөн аралыкты жана башка функцияларды үн билдирүүсүнө ырастап алса болот;
  • Ылдамдыкка, аралыкка жана башкага максат коюп алууга мүмкүн;
  • Машыгуу учурунда тиркемеден чыкпай туруп музыка укса болот;.
  • Социалдык тармактарга бөлүшүү;
  • Чуркоо күндөлүгүн толтуруу.

3. RunKeeper

Күлүктөрдүн арасындагы эң популярдуу тиркеме. Үн аркылуу жардам берип, кандай ийгиликтерди багынтып жатканыңызды айтып турат. Ошондой эле чуркап өткөн аралыкты картадан көрсөтүп, социалдык тармактарга бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Аба-ырайын көзөмөлгө алып, бир жумалык чуркоо планын түзүүгө болот;
  • Убакытты, аралыкты, темпти жана ылдамдыкты көзөмөлдөйт;
  • Картадан көрсөтүп берет;
  • Машыгуу максатын коюуга мүмкүнчүлүк;
  • Бардык график жана көрсөткүчтөрү менен чуркоо күндөлүгү;
  • Машыгууңа, физикалык абалыңа жана түзгөн графигиңе жараша кеңештерди сунуштайт.

4. Zombies, Run! 

Өзгөчөлүктөрү:

  • Убакытты, аралыкты, темпти жана ылдамдыкты эсептейт;
  • Миссия тандоого жана максат коюуга мүмкүн;  
  • Машыгуу күндөлүгү;
  • Музыка же драматикалык эффект тандоого болот. 

5. Rock my run 

"Rock my run" Android  жана iPhone системасындагы телефондор үчүн бекер. Тиркеме рок музыкаларына толгон. Чуркоо ылдамдыгыңа, жүрөгүңдүн согушуна жараша плейлист коюп алса болот. Мунун жардамы менен темп менен ритмди сактай аласың.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Максат коюу;
  • Убакытты, аралыкты, темпти жана ылдамдыкты көзөмөл кылуу;
  • Чуркоо темпи жана ритмине жараша музыка тандоо;
  • Машыгуу күндөлүгү.

«Күчтүү болгуң келсе - чурка, сулуу болгуң келсе - чурка, акылдуу болгуң келсе — чурка!»

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт