// //

Эмне үчүн аялдар зөөкүр күйөөдөн кетпейт? Психологдордун пикири

2019.07.29, 17:49
2545

Үй-бүлөдөгү зомбулук – үй-бүлө институнун эң курч маселеси. Мамлекет бул көйгөйдү чечүүнүн жолун таба элек.

Кээде укук коргоочу органдар мындай арызданууларды “катардагы үй-бүлөлүк чыр” – деп, маани беришпейт. Физикалык зомбулук адатта, пихологиялык жана экономикалык зомбулук менен коштолот.

Бирок, эмне үчүн аялдар кетип калбай мындай мамилеге чыдап жүрө беришет? Бул жөнүндө психолог Асель Баимбетова жана Ильдар Акбутин айтып беришти.

Асель Баимбетова, психолог

Көпчүлүк аялдар уруп-сабоону норма катары кабыл алышат, ошондуктан чыдап жүрө беришет. Менталитет үчүн, ажырашкан деген социалдык статустан корккондуктан, жеке психологиялык көйгөйлөрдөн улам, өзүн жана балдарын бага албайм, деп ойлогондуктан, жакындары колдобогондуктан. Айтор ар кимсиинин түрдүү себептери бар. Айрымдарын алып карап көрөлү.

Менталитет жана үй-бүлө

Азиялык маданиятта эркек менен аялдын милдеттери айырмаланып турат. Кыргыздарда “аял жакшы эр жакшы”, деген макал бар. Бул макал жоопкерчиликти толугу менен аялдын мойнуна жүктөйт. Башкача айтканда, үй-бүлө бузула турган болсо, бардыгы аялдан көрүшөт. Күйөөсүнөн кетип калды, балдарын атасыз калтырды, чыдабай койду, - деген айыптоолор туш тараптан айтылат. Ал эми күйөөсү томолото сабап, соо жерин калтырбаганы айтылбайт: “Кичичне чыдап коюш керек болчу, баарыбыз эле ошентип жашап жатпайбызбы”, - дейт биздин коом.

Биздин маданият - эркек катуу болуш керек, ага ачууланган, агерссивдүү болгон жарашат. Аял болсо ага теңелбей, эрегишпей, унчукпай, чыдап жүрүш керек, деп үйрөтөт.

Ар дайым унчукпай, баш ийип жүргөн аялда курмандыктын синдрому башаталат. Аялдын ийгилиги анын үй-бүлөлүк абалы менен өлчөнүп, коомчулук катуу басым кылат. Ошондуктан ажырашууга чыгынбай, чыдап жашап жүрө берет. Акыры күйөөсүнун кол котөрүүсүнө өздөрү күнөөлү экенине ишене башташат.

Болочок эне кандай үй-бүлөдө чоңойгон, бул да абдан маанилүү.

  • Эгер атасы энесин сабаган үй-бүлөдө чоңойсо, бул сценарийди өз жашоосунда да кайталайт.
  • Кандай болсо да үй-бүлөнү сактап калыш керек деген ой менен чоңойсо, мындай тарбия зөөкүр-күйөөдөн кетүүсүнө жол бербейт. Акырына чейин чыдап жашайт.
  • Эгер кыз бала үйдөн эч жака чыкпай чоңойсо, алар өз алдынча чечим чыгарып, иштей алышпайт. Ар дайым бирөө жарымдан көз каранды болуп, өз укугун коргой албайт. Өзүнө болгон ишеними жок.

Кандай болсо да атасы да...

Зордук-зомбулук адамдын өзүнө болгон ишенимине таасирин тийгизет. Эгер зөөкүр күйөө кызгануу жана башка шылтоолор менен аялдын чөйрөсүн чектеп, башкалар менен сүйлөшүүсүнө бөгөт коет. Албетте мындай адам жеке пикирин айтып, каалаган нерсесин жасай албай калат. Коркуу сезими, пайда болот.

Зөөкүр күйөө тил алчаак аялды кармап калууга бардык күч-аракетин жумшайт. Себеби ал, алсыз аялдын эсебинен өзүнүн кыйындыгын далилдейт, бийлигин көрсөтөт.

Мындай кырдаалда аял куткарып алчу кишини күтөт. Көбүн эсе туугандары, ата-энеси кийлигишип, аялды алып кетишет. Бирок, бир нече убакыттан кийин күйөөсүнө кайтып келиши керектигин айтышат. Акыры аял күйөөсүнө барып жашоосун улантат.

Ошондой эле аялдар материалдык жактан көз каранды болгондуктан  күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдап жашашат. Үй-бүлө куруп жатканда басымдуусу окуусу, жумушу, карьерасын курмандыкка чалган. Демек, өз алдынча иштеп, балдарын камсыздай ала турганына көзү жетпейт.

Дагы бир олуттуу себептердин бири, балдарга кандай болсо да ата керек. Айбан болсо да өз атасы, деген жаңылыш пикир.

Мындай күйөөдөн кеткендер барбы?

Менин тажрыйбамда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар абдан көп. Милицияга, сотко кайрылып, туугандарынын колдоосу менен ажырашкандар бар. Айрымдары чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракет кылышат. Негизинен Россияга кетишет.

Психологдор менен иштешүү керек. Бирок бул узак процесс, ар кимиси эле буга макул боло бербейт, шарты да жок.

Ильдар Акбутин, психолог

Аялдар басынтып-кемсинтүүнү жана зомбулукту чыдап жүргөнүн түшүндүрүүчү бир нече себеп бар.

  • Атасы энесин урган, кыздар муну норма катары кабыл алат.
  • Мындай күйөөдөн кетип калуу коркунучтуу, анткени бардык жактан андан көз каранды.
  • Балдары менен жалгыз калгысы келбейт.

Аялдар зомбулукка чыдоосунун дагы бир олуттуу себептеринин бири, кичинекей кезинде атасынын апасына жасаган мамилесин көрүшкөн, бирок таасир этип, өзгөртө алышкан эмес. Эми ошол эле каалоосун күйөөсүнө өткөрөт. Күйөөсүнүн кордугуна чыдап, бала кезинде чече албаган көйгөйдү чечүүгө умтулат. Апасы колунан келбеген нерсени бүтүргүсү келет. Өзү жабыркап азабын тартып жатканын түшүнбөйт. Кийин кызы да анын тагдырын кайталайт. Ошентип бир эле көйгөй эстафета сымал муундан муунга чечилбей өтүп келе берет.

Бир нерсе эсиңизде болсун, эгер сиз зомбулукка каршылык көрсөтүп, аны менен күрөшпөсөңүз демек бул кылмыштын бир бөлүгү, кылмышкердин шериги болуп саналасыз.

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт