// //

Атам мени "псих, кийин сени күйөөң урат" деп айтат. Окуучу кыздын баяны

2019.07.26, 16:20
4345

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга күн сайын ден соолукка, психологияга, укукка, билимге жана башка багыттарга байланышкан жүздөгөн каттар келип түшөт. Ар бирөөнө кесипкөй адистерден жооп алып бергенге аракет жасайбыз. Бул ирет өспүрүм кыздын каты көңүлүбүздү бурду. 

Айбийке (аты өзгөртүлдү): ата-энем күйөөң сени урат дейт

Атаман эң көп уккан сөздөрүм: “үйдө отура бересиң”, “псих”, “ак карга”, классташтарың менен тил табыша албайсың”, “интернеттен башың чыкпайт”, “акмак”.

Бир учур али эсимде. 13тө болчумун. Каникул. Фантастика кино көрүп отурсам, атам жаныма келип, “сага окшогон психтер гана ушу кинону көрбөсө”,-деп, окуума, досторума, мага асылып, жаман сөздөрдү айта баштады. Бөлмөмө кирип, ичинен бекитип 3 күн чыкпай отурдум. Үйдө экөөбүздөн башка эч ким жок болчу.

Күндүз уктап, түнкүсүн сыртка чыгып, бөлмөмө тамак алып келип жечүмүн.

Атам менен бир ай сүйлөшпөй койдум. Бир да жолу алдыма келип кечирим сураган жок. Жараштык. Андан бери 2 жыл өттү. Бул окуядан кийин көп нерсени бетине айткым келет. Жооп кайтараарын жакшы билем. Жаман нерселерди көп айтат. Ушул киши менин атамбы, деп ачуум келет.

Эмне жасабайын туура эмес дейт. Университет тандап койгом. Бирок үйдөгүлөр билим алуума каршы. Күйөөгө берээрин айтышат. Анысы аз келгенсип, “турмушка чыксаң күйөөң сени урат, кайын энең үйүнөн кууп чыгат”,-дейт. Анан нике тууралуу темаларын башташат. Мен ал жөнүндө ойлогум да келбейт.

Кайда барбайын, атамдын тааныштары, “кызың бул жерде жүрөт” деп отчет берип турушат. Мектептен тышкары эч жакка чыккың келбейт.

Ал адам атам экенин, мага жакшылык кааларын билем. Бирок эмнеге “пошлый" темаларды айтып, мен жөнүндө жаман ойлойт. Балким, өзүмдү өлтүрсөм кадырыма жетет? Ата-энемдин жемесинен чарчадым...

Адистер кеңеш берет

Карлыгаш Акимкулова

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Саламатсызбы! Катыңызда канча жашта экениңиз түшүнүксүз калыптыр. Сыягы, 15те окшойсуз. Ата-энеңиз менен болгон олуттуу көйгөйлөр өсүпүрм куракта - 13тө башталыптыр. Бул жашта ата-эненин авторитети баланын көз алдында төмөн түшөт, себеби бала чоңое баштайт.

Ата-энеңиз бой жетип, мүнөзүңүздөгү болгон өзгөрүүлөгө терс мамиле кылат экен. Мындай нерселерди өзү өспүрүм кезинде бул курагын татыктуу башынан кечире албаган ата-энелер жасайт. Же аларга да ата-энеси катуу мамиле кылып, көз карандысыздыгын, өздүгүн тыйган. Ушул себептен, алар сизде болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн коркушат. Сиз башкачасыз, алардын сиздей болгон кезине окшошпойсуз. Алар сиздин башкалар сыяктуу болушун каалайт – тынч жана тил алчаак. Ошондуктан, бир варинат - сизди тезирээк турмушка узатуу.

Ата-энеңиздин жүрүм-туруму, өздөрүнүн коркуулары менен шартталган. Ишенип коюңуз, алар бул үчүн күнөөлүү эмес. Аларды ошентип тарбиялашкан. Бирок, сиз күчтүү адамсыз, бунтарсыз. Сиз каршылык көрсөтө аласыз. Жоош жана ыңгайлуу кыз болгуңуз келбейт. Сизде мүнөз бар экени сезилип турат. Албетте, сиз алардан көз карандысыз.

Кесип тандап алганыңыз жакшы. Койгон максатыңызга багыт алыңыз. Тырышчаактыгыңыз менен бардыгын жасай аласыз. Бирок сизди ата-энеңиздин мамилеси азапка салууда. Эмнеден улам алар андай мамиле жасап жатат, себебин билсеңиз жеңилдей түшөсүз. Чыр-чатак жана күтүү менен эч нерсеге жете албайсыз. Ата-энеңиз менен тил табышууңуз керек.

Канчалык каршылык көрсөтүп жана таарына берсеңиз, ошончолук түшүнбөстүккө туш болосуз. Бул көрүнүп эле турат.

Атаңыз кечирим сурайт деп күтпөй эле коюңуз. Бул нерсе болбойт жана болушу да мүмкүн эмес. Ал өзүнүн балдарынан кечирим сурабашы керек. Жөн гана ал сиздин атаңыз. Сиз да, жүрүм-турумуңуз үчүн кечирим суроонун кереги жок. Эч ким күнөөлүү эмес.

Жашооңуз 100% ата-энеңизден көз каранды эмес. Сиз чечим кабыл алууга укуктуусуз. Эмне ойлоп жатканыңызды ишенимдүү жана акырын айтсаңыз, алар сизди түшүнөт деп ишенем.

Ата-энени тандабайт. Алар балдары үчүн өзгөрүүгө милдеттүү эмес. Алар кандай болсо, ошондой. Идеалдуу ата-эне болбойт. Сиз бой жеткен адамсыз. Эгер турмушка чыккыңыз келбесе, эч кимдин мажбурлоого укугу жок. Билим алууга укугуңуз бар. Ал жөнүндө каршылык формасында эмес, жайдары бирок ишенимдүү айтуу керек. Бул нерсени өз алдынча жасай албасаңыз, психологго кайрылыңыз. Редакцияга кайрадан байланышка чыксаңыз, номерлерин беришет. 

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу окурман, өз жанын кыюу менен маселе чечилбейт. Бул нерсенин эч кандай пайдасы жок. Кыргыз Республикасынын Констутциясында ар бир адам төрөлгөндө эле эркин жана өз укугу менен төрөлөт деп жазылган. Ошондуктан, бул укуктарды пайдаланып жашаш керек жана аларды башкалар урматташын аракет кылыңыз.

Атаңыздын сизге болгон мамилеси өкүнүчтүү. Абалыңызды түшүнүп турам. Мен көп адамдар менен иштейм. Аларды көрбөсөк да, жазганынан эле, кандай инсан экени билинип калат. Катыңызды окуп жатып, күчтүү адам экениңизди байкадым. Жашоодон өз ордуңузду сөзсүз табасыз деп ишенем.

Өз ордуңузду табуу менен кадырлуу экениңизди дагы бир ирет тастыктайсыз. Негизи эле адам кадыр-баркы менен кошо төрөлөт. Андыктан, баркым жок деп эч качан өксүбөңүз. Сын айтып жаткан адамдардын айтканы менен макул болгондо, адам ушундай абалга келип калат. Мисалы, атаңыздын айткан жаман, уят сөздөрүнө макул болбосоңуз, өксүк абалга түшпөйсүз, макул болсоңуз, түшөсүз. Ошондуктан, жакшыга багыт алып, максаттарыңыздын орундалышын ниет кылыңыз.

Нике боюнча сөз козгопсуз. Мыйзамга ылайык, эч ким сизди мажбурлап күйөөгө бере албайт. Турмушка чыгууну каалабасаңыз, чыкпай эле коюңуз. Атаңызды сөзгө тартып, сүйлөшөлү деп, өз оюңузду түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Сизге ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт