// //

Кайын атам үйдө турсачан жүрөт экен. Жаңы келген келиндин баяны

2019.07.25, 10:43
2191

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Нурайым (аты өзгөртүлдү) бир ай мурун күйөөгө тийген. Турмушунда баары жакшы. Болгону кайын атасынын бир жоругу аны таң калтырат. 

Кайын атамдын бул адатына эч ким маани бербейт

Саламатсызбы! Эмнеден баштарымды билбей турам. Кээ бирөөңүз үчүн күлкүлүү бир имиш сыяктуу болушу мүмкүн, бирок бул чындык.

20 жаштамын. Шаардагы ЖОЖдордун биринде окуйм. Бир ай мурун кыялымдагы ак көйнөктү кийип турмушка чыккам. Кайын журтум менен бирге турабыз, баары мага жакшы мамиле кылат.

Болгону... Эми эмне десем... Кыскасы... Уфф, кайын атам үйдө парашют турсачан жүрөт. Оба, турсачан! Газета окуйт, тамак ичет, телевизор көрөт. Кызыгы, эч ким үндөбөйт.

Мен аны карагандан уялам. Мына, кечээ дааратканага (үйүбүздүн сыртында) баргам. Чыксам кайын атам күтүп туруптур. Турсачан! Уялганымдан жерге кирип кеттим.

Бул адатына кантип көңүл бурбай койсом болот? Балким, кайын энем менен күйөөмө айтып көрөм. Алардын мага болгон мамилесин бузуп алам деп корком.

Адистер кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум, сиз өзүнүн эрежелери жана тартиптери бар үй-бүлөгө кирдиңиз. Кимдир бирөө турсачан жүрөт, кимдир бирөө башкача тамак жейт дегендей. Сиз башка эрежелерге көнгөнсүз, күйөөңүздүн үйүндө башкалар колдонулат.

Кайын атаңыздын турсачан жүрөгүнө токтолсок – ал 30-40 жылдан бери үйүндө ошентип жүрөт, балким сиздин атаңыз же күйөөңүз деле ошондой. Ал кайын атаңыз өз атаңыз экенин элестетиңиз.

Балким күйөөңүздүн ата-энесине деле бир жериңиз жакпайт, бирок алар сизди кабыл алып, унчукпай жүрөт.

Көнүп каласыз, турмушка чыкканыңызга бир ай эле болуптур. Батыраак көнүү үчүн юмор менен мамиле жасаңыз: кайын атаңыздын турсасына балык, балмуздак же козу карын аппликацияларын жабыштырып койсо кандай болоорун элестетиңиз. Күлкүңүздү келтирет, абалды кабыл алуу жеңилирээк болот.

Кайын энеңиз менен күйөөңүзгө эч нерсе дебеңиз, алдыда дагы көп түшүнбөстүктөр болот, ошондуктан компромисс издеңиз. Айрыкча, алар сизге жакшы мамиле кылат экен. Албетте, аз эле убакыт өттү дечи, бирок, баары али алдыда.

Ильдар Акбутин, психолог

Кайын атаңыз үйүндө турсачан жүрүшүндө таңкалыштуу эч нерсе жок.  Кыязы, ал сиз келгенге чейин эле ошентип жүрчү. Эгер ал сизди өз кызындай кабыл алса, бул нерсенин жаман жери жок.

Кайын атаңыздын бул адатын уят кылууга аракет жасап, ал үйдө өз эрежелериңизди орнотууну кааласаңыз, сизге болгон мамилелери бузулат.

Жакшысы, кайын атаңызга, анын үйдө турсачан жүргөн каалоосуна болгон мамилеңизди өзгөртүү жеңилирээк болот.

Эгер өз атаңыз турсачан жүрсө, ага кандай мамиле жасайт элеңиз? Кайын атаңыздын турсачан жүрүшүнүн уяты эмнеде? Антип кийинишинин себептери кандай? Бул ыңгайлуулукпу? Же салкыныраакпы?

Аны табалабай, ниеттерин түшүнүүгө аракет кылсаңыз, кайын атаңыздын бул өзгөчөлүгүнө болгон мамилеңиз жеңилдейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
25.07.2019, 16:17

Adisterdin echnerse emes konup ketesiz degen sozdoruno tanmyn.Kaynata emes kuyoondun tursachan jurgonu ozu ele uyat.Kelinge ele emes ozunun kyz baldsry uchun dele uyat bolush kerek bolchu.30 40 jyl kiyse boldu kelin kelgenden kiyin kelin bar dep oshogo jarasha da alar dagy biraz bolso da etika degen nerseni saktash kerek ele.Kaynene aytysh kerek anday nerselerdi.Uayt ele ish.Albette kelinge soz da jok ukuk da jok bizdin mentalitette.Bashka uy bulodon bashka bulogo kelip osholordun jashoosu mn jashap ketish kelin uchun da oto oor oshonu kelgen jeri da tuura tushunup jardam berse tursachan tayraktabay.Kayin ata bolso ozu, emne tarbiyasy kaldy emi erten neberesi payda bolot nebere mn oturaby parashutu mn.Oz atanyz bolso emne kylaar eleniz dep salyshtyrgan ozu da tuura emes.Kyz bar uydo oz ataby kaynataby ich kiyimchen jurgon uyat ish.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
26.07.2019, 19:23

Укмуш

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
27.07.2019, 15:32

Көнүп кетесиң деп жылаңач чыгып алсын эми, мен жолдошума айтмакмын, атаң менен сүйлөш, эмесе мен дагы трусачан чыгам деп))))

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
21.08.2019, 23:36

Азыр жашыбыз жаштай, карыбыз карыдай болбой калдык го. Уялбайбы чон эле киши!!! Карыганда жакшы доолоттуу карысак экен. Уйдо ар кимдин орду бар да, келиндин келиндей, кайын атанын кайын атадай. Оз атасындай коруп, тайрандап эркелеп коюнуна жаткан келинди элестетип коргуло! Уят эле иш.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт