Мектептер рейтинги: дүйнөдөгү эң мыкты 5 өлкө
Чет жакадан билим алууну каалайсызбы же балаңызды чет элдик мектепке жөнөткүңүз келеби? Бирок кайсы мамлекетти тандоону билбей жатасызбы? Бул макаланы окуп чыккандан кийин, тигил же бул өлкөнүн билим берүү программасы тууралуу жалпы түшүнүккө ээ болосуз.
Ар бир үч жылда PISA (Эл Аралык Баалоо Программасы) дүйнө жүзүндөгү билим берүү программаларын баалап келет. Сынак 70 мамлекеттин арасында өтүп, 15 жаштагы улан-кыздар катышат. Рейтингдеги алдыңкы 5 мамлекеттерге токтоло кетсек:
- Түштүк Корея
Түштүк Кореяда окуучулар аябай көп окуйт. Мектептен тышкары “хангон” (атайын даярдоочу кустарга) барып, ал жакта кечки саат 9-10го чейин калышат. Мектепте сөзсүз түрдө форма кийүү керек, антпесе сабакка киргизбейт. Экзамен учурунда балдар күнү-түнү китепканада олтурушат. Кореянын билим берүү програмасы 3 баскычтан турат: башталгыч, орто жана жогорку класс.
- Япония
Япония – технологиялардын борбору жана мындай даражага жетүүнүн башкы сыры - билим алуу. Япон окуучулары күнүнө 10 - 12 сааттан окушат. Көбүнчө математика, япон жана англис тилине көңүл бурушат. Көпчүлүк окуучулары “gakuen”(кыздар, балдар эки башка окушат) системасы боюнча билим алат.
- Сингапур
Сингапур мектептери акыркы он жыл ичинде чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Мектепте сабактар саат 7 же 7:30да башталат, тыныгуу болгону 30 мүнөт. Жакшы окуган окуучуларга мамлекет тарабынан камкордук көрсөтүлөт: стипендиядан сырткары кошумча репетитор берилет.
- Гонконг
Гонконгтун мектеп системасы Британиянын билим берүү системасына абдан окшош. Окуучулардын башталгыч, орто жана жогорку билим алуусу эл аралык деңгээлде алдыңкы орундарда турат. Сабактар кытай жана англис тилинде окутулуп, мектеп бүтүрүүчүлөрү эки тилде эркин сүйлөйт.
- Финландия
Фин мектептеринин өзгөчөлүгү - экзамендердин жоктугу. Финдиктер бир нече предметтерди өзгөчөлөп окушпайт, алардын айтымында баардыгын окуп өздөштүрүү керек. Мектепти аяктаган окуучулар тесттин жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга өтөт. Финляндияда мамлекеттик жогорку окуу жайлар бекер.