Аялым дүлөй болуп калыптыр десем, кеп башкада экен
Жубайларга сабак болоорлук, аягы күтүүсүз бүткөн окуя.
Күйөөсү аялынын угуусу начарлап калганын байкайт. 30 жылдан бери чогуу жашап келаткан аялын беш колдой билчү – талаш-тартышты алдын алуу үчүн, алгач дарыгер менен кеңешип, кийинчерээк далилдерди көрсөтүп, дарылануу тууралуу сүйлөшүүнү баштайм деп чечет.
Дарыгер үй шартында жөнөкөй бир тест жүргүзүп көрсө болоорун айтып, жыйынтыгана жараша диагноз коебуз дейт:
- Бул ыкманы колдонуп көрүңүз. 15 метр аралыкта туруп алып, аялыңызга бир суроо узатыңыз. Жооп бербесе, жакын келиңиз. Ошол эле суроону 12 метр алыстыкта туруп бериңиз, кийин 9, кийин 6, кийин 3 метр, кыскасы жооп бергиче жакындай бериңиз. Ошентип, анын угуу маселеси барбы же жокпу билесиз.
Үйүнө шашып жөнөйт. Келсе, аялы кечки тамак бышырып жатыптыр. Дарыгердин айтканын жасап көрүүнү чечет. Аялынан 15 метр алыс туруп, минтип сурайт:
-Алтыным, бүгүн кечкиге эмне жейбиз?
Аялы жооп бербейт.
12 метрге чейин жакындап , “Алтыным, кечкиге эмне тамак?” – дейт.
Аялы үн катпайт.
9 метр аралыктан: “Алтыным, эмне жасап жатасың?”
Дагы жымжырт.
6 метрге чейин жакындап келип: “Кечкиге эмне тамак жасадың, жаным?”
Жооп жок.
3 метрден: “Бүгүн эмне жейбиз?”
Тилекке каршы, аялы дагы жооп бербейт.
Акыркы жолу аракет кылып, аялынын аркасына келип туруп, “Алтыным, бүгүн кечкиге эмне жейбиз?” – деп сурайт.
Аялы бурулуп: “Сага бешинчи жолу кайталап жатам: тоок жейбиз!”.