// //

Англис тилин үйрөнүү үчүн мыкты 5 тиркеме

2019.07.08, 10:38
4858

Bilesinbi.kg англис тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн ТОП 5 пайдалуу тиркемелерди сунуштайт. 

Duolingo

Англис тилин үйрөнүү үчүн акысыз жана улам чыга берген тажатма жарнамасы жок тиркеме. Окутуу оюн түрүндө ишке ашат. Бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтүү үчүн атайын тапшырмаларды аткаруу керек. Туура эмес жооп үчүн, упайлар кемитилет. Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

Words

Колдонмо сөз байлыгын байыткысы келгендер үчүн мыкты тандоо. Тиркеменин базасында болжол менен 40 000 сөз жана 330 сабак бар. Баштапкылары акысыз, андан ары акы төлөө керек.  

Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

«Engster тил үйрөтүү  курстары»

«Engster тил үйрөтүү  курстары» сервиси - бул кыргыз, орус, англис тилдерин үйрөнүүнүн, сөз байлыкты өстүрүүнүн ыңгайлуу жана жөнөкөй жолу.

Сервистин жазылуучулары күн сайын төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат:

- Түшүндүрмө сөздүктөгү сөздөрдү которуу;

- Туура жазуу эрежелерин текшерүү;

- Күн сайын окутуу;

- Сөздөрдү билүү боюнча таймаштар жана башкалар.

www.engster.megacom.kg веб-баракчасынан тилди үйрөнүү боюнча сүрөттөрдү көрүп, аудиоматериалдарды угуңуз.

HelloTalk

Дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдүн мугалимдери окуткан билим берүү платформасы. Тиркемени жүктөп, алар менен сүйлөшүп, кат жазышса болот. Акы төлөнгөн жана төлөнбөгөн контенттери бар.

Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

«Тилдер чебери»

«Тилдер чебери» - «IVR-витрина» алкагындагы ыңгайлуу үн сервисинен аудио сабактарды, сөздүктөрдү, сүйлөшмөлөрдү жана тесттерди табууга болот. Ар бир колдонуучу өзүнө ылайыктуу болгон баштапкы же жогорку деңгээлди тандап алат. Англис тилиндеги аудио сабак болгону  5-10 мүнөткө созулат, бул болсо угуп жана эстеп калуу үчүн оптималдуу убакыт. 

*777# буйругун терүү менен сервиске кошулуп же 777 номуру боюнча автомаалымдагычтын нускамаларын аткарып,  «Тил чебери» бөлүмүн тандоо керек. Акысыз байкап көрүү мөөнөтү - 3 күн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт