// //

Жигиттердин көзүн күйдүргөн айым болгуңуз келсе...

2018.09.19, 15:05
18241

Эркектер кандай айымдарды жактыраарын так билбейсиң. Мындай карасаң сулуу деле кыз эмес, бирок аркасынын чуркаган жигиттердин саны арбын.

Мезгил-мезгили менен айымдар өзүбүзгө суроо берип калабыз: “Деги эркектерге кандай айымдар жагат? Жигиттердин көзүн кантип күйдүрсөм?"

Ар бир айым өнөктөшүнө мыкты болгусу келет же көптөн бери көзү түшүп жүргөн жигиттин көңүлүн бурууну каалайт. Бул макалада, жагымдуу жана ажарлуу болууга жардам берчү психологдордун кеңештерин таба аласыз. Аларды туура пайдалансаңыз, жигиттердин жүрөгүн багынтууда ийгиликтерге жетишесиз.

Ильдар Акбутин, психолог:

Идеалдуу мамиле болбойт, бирок, ага толугу менен жакындоо мүмкүн. Бул 5 ролду өздөштүрсөңүз, өнөктөшүңүз менен болгон мамиле идеалдашат.

  1. Аял ролу. Байлыкта же кедейликте, ооруда жана ден-соолукта күйөөңүздүн жанында болуңуз. Ага жашоонун максатын айтып, улуу иштерди жасаганга түрткү берип, балдарынын алдындагы жоопкерчилигин эскертип туруңуз. Мындайча айтканда аял – кандайдыр бир согушта эркегинин өнөктөшү, шериги, анын жардамчысы, оң колу, ошондой эле пикирдеши болушу кажет.
  2. Эне ролу. Күйөөңүзгө балдарыңыздан кем эмес кам көрүңүз. Эне - даамдуу тамак-аш жасайт, жууйт, тазалайт. Күйөөңүз жумуштан келип, үйгө кирип, эс алып, атүгүл нааразы боло ала турган шарт түзүп бериңиз. Эркек күн сайын күчтүү жана эр жүрөк болушу керек. Мындай катуу басымдан кийин ал камкордукту каалайт. Оба, кичинекей балага энеси кам көргөндөй эле. Таттуу токоч жасап берип, керебетине жаткырып, жууркан жаап, башынан сыласаңыз, ал жапжаңы болуп чыга келет, эрдиктерге даяр болот.
  3. Эже ролу. Бир туугандар түпкүрүндөгү ой-сезимдери тууралуу сүйлөшөт, талашып-тартышат, өнөктөш катары чогуу бир нерсе кылышат, план түзүшөт, идеяларды талкуулашат. Сиз дагы ошондой болуңуз.
  4. Кыз ролу. Эненин ролу - үстөмдүк, эженики – теңдик болсо, кыздыкы– баш ийүү. Эгер сиз эненин ролун жакшы аткарсаңыз, күйөөңүз ишенимдүү жана тынч, эженикинде жоопкерчиликтүү болот. Ал эми кыздын ролун мыкты ойносоңуз, күйөөңүз сиздин каалоолоруңуз үчүн тоону томкорот. Убагында алсыз боло алган аял камкордукка жана коргоого ээ болот. Эркек жардамга муктаж кичинекей баланы көргөндө (ал кичинкей кыз 40 жашта болсо дагы) суперменге айланат.

Кыз алсыз болот, жардам сурай алат, уга алат. Сөз укпаган кызга эркек ал-күчүн коротпойт.

Кыздын ролу - күйөөсү ачуусу келгенде отко май тамызбастан, аны үнсүз тынчтандырып коюу. Буга адатта бир нече мүнөт (бир нече саат эмес) талап кылынат.

  1. Ойнош ролу. Аялдар уктоочу бөлмөнү эркек кумар алган жана берген, кызыктуу жана жагымдуу жайга айландыра алат. Адаттагыдай жасалма боло бербеңиз, ал баарын сезет. Аялдар сезгичтигин, күйөөсү менен интимдүү нерселерди сүйлөшө билүү жөндөмдүүлүгүн өрчүтүүсү керек.

"Аял"  ролу – расмий, аны баары көрө алат. "Эне", "эже" жана "кыз" ролу - үй-бүлөсү менен жакын туугандарына гана көрүнгөн жашыруун рол. Ал эми “ойнош” ролу -  интимдүү, ал жакка башкаларды киргизүүгө болбойт.

Эгерде эркек жоопкерчиликтүү болбой жана сезимдериңизге жооп бербесе, анда ал сиздики эмес!

Рустам Исмаилов, психолог:

Биринчиден, эркек аялды кандай көргүсү келгени маданият, жаш курак, же жеке баалоодон көз каранды. Албетте, "идеалдуу" аялдын сүрөтү бар. Ал сырткы келбетке негизделген. Мисалы, көпчүлүк эркектер аялдардын чачына, тырмагына же терисине карашат. Себеби дененин бул бөлүктөрү аялдын ден-соолугунун абалы тууралуу айтып, анын жагымдуу көрүнүүсүнө таасир этет.

Аялдардын жүрүм-турумуна токтолсок, бул жерде көпчүлүк нерсе эркектин аялдардын гендердик ролун түшүнүүгө негизделген баалуулук системасынан көз каранды. Жалпысынан алганда, эркектер дагы деле, айрыкча биздин маданиятта, назиктикти баалашат. Башкача айтканда, сүйлөшүүдө аялдын жумшактыгына, оор басырыктуулугуна, тартынчаактыгына маани беришет.

Эркектердин өнүгүү деңгээли тууралуу унутпагыла. 25 жаштагы эркек “идеалдуу” айымды 50 жаштагыдан башкача элестетет. Бирок, жалпы күтүүлөр да бар. Мисалы, аялдын  ашыкча жеңил ойлуулугу эркектерди үркүтөт.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
29.10.2018, 16:22

Мен ажырашкам балдарым бар, мындан бир жыл мурун озумон кичуу жигит менен никеге туруп жолугуп журчубуз. Ал ажырашкандыгы тууралуу анын эки баласы бар экенин айткан. Коопко ишенбей журуп ишендим, анткени ага эч ким чалып эч ким кат жазып издечу эмес! Эми мен жакында эле билдим, аялы менен ажырашпай эле жашап жургонун. Бир эки жолу дагы башка кыздар менен кат алышканын дагы байкап калдым. Эми эмне кылуум керек, кетейин коё берейин дейм озум дагы ага катуу конуп калыптырмын! Бир , эки жолу уруштук, каайра эле озум чалып жазып алам, анын алдында алсыз болуп. Эмне кылуум керек, мындай абалдан чыгыш учун ?!  Жообунуздары кутом. Алдын ала рахмат сиздерге!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт