// //

Күрүч өстүргөн Расул түшүмүн кантип көбөйткөнүн айтып берет

2019.07.01, 11:36
1786

Күрүч өстүрүү - олуттуу салымдарды талап кылган, келечектүү жана жогорку рентабелдүү бизнес. Баткен облусунун дыйкандары байыркы мезгилден бери ийгиликтүү күрүч өстүрүп келишет. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл округу өлкө ичине жана чет жакка күрүч жеткирүү боюнча белгилүү.

Ак-Турпак айылынын Миң-Чынар кыштагынын тургуну Расулжан Абдилов дээрлик 20 жылдан бери айыл чарба тармагында эмгектенет. Ал үй-бүлөсү менен 10 га участогуна күрүч өстүрүп, орточо эсеп менен сезонуна 30 тонна түшүм жыйнап алат. Күрүчтүн баасы сатуу мезгилине жана сортуна жараша 50-150 сомго чейин  (1 кг) өзгөрөт. Күрүчтүн ар кандай түрлөрү бар: негизги басым анжиян, девзире жана белгилүү лазер сортторуна жасалат. 

Расулжандын түшүмүн дароо эле Баткен облусунун тургундары сатып алат, ал өлкөнүн бардык  аймагында суроо-талапка ээ. Ошол эле мезгилде, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу кошуна мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар.

Расулжан менне Гүлзаданын балдары али кичинекей, дыйканчылыкка иниси Аманбай жардам берет. Себеби жумуш аябай көп, айрыкча сезон маалында түнгө чейин талаада иштөө керек. 

"2016-жылы  каржылык кыйынчылыктар пайда болду. Айыл чарба тармагы тобокелдиктердин ар кандай түрлөрү менен коштолот, өтө коркунучтуусу - түшүмдү жоготуп алуу. Жалгыз тракторубуздун иштөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бат-баттан бузулуп баштады. Улам оңдоп, күчтүн баарын ага коротчу болдум",- дейт Расулжан. 

Дыйкан үй-бүлөсү менен кеңешип, "Айыл Банктан" насыя алууну чечет. Ошол эле жылы, насыя жана лизингге жаңы трактор алат. Ошентип ЖИ "Абдил", Банктын колдоосу менен лизингге жаңы трактор жана комбайн сатып алат. 

"Жаңы жабдууларды алгандан бери, жумушубуз илгериледи. Мисалы, комбайн сатып алганга чейин күрүчтү кол менен чогултуп, кээде жумушчуларды жалдаганга туура келчү. Азыр бул комбайндын жардамы менен өзүмдүн гана эмес, айылдаштарымдын да түшүмдөрүн жыйнаганга жетишип жатам".

"Айыл Банкка" биз сыяктуу дыйкандарга колдоо жана ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазымын. Карапайым дыйкандарда Банктан бизнести өнүктүрүүгө пайызы төмөн насыя жана лизингге техника алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жылы дагы бир техника алып, чарбабызды кеңейтүүнү пландап жатабыз",- деп белгилей кетти Расулжан. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт