// //

Кайын энем кайын атамын байпагын жуудурат. Шаардык келиндин баяны

2019.06.29, 14:14
7484

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул жолку чыгарылышында айыл турмушуна көнө албай жаткан жаш келиндин каты баяндалат.

"Кирди колго жуу дейт"

Турмушка чыкканыма аз болду. Өзүм шаарда өскөн кызмын. 

Менде баары сонун. Күйөөм мыкты адам. Соода фирмаларынын биринде иштейт. Жакында отпуска алды. Менин да окуум аяктап, айылга кайын журтума келдик. 

Кайын энем 70ке чыгып калган. Кылык-жоруктары ачуумду келтирет. Сыр билдирбегенге аракет кылам. 

Кир жуучу машина чала жууп коет деп, кирди колго жуудурат. Мен буга көнгөн эмесмин! 

Мына, кечээ эле күйөөмдүн кийимдерин жууп жатсам, кайын атамдын байпагын алып келип, "кирлерге кошуп жууп кой",-деп таштап кетип калды. Көөнүм айнып чыкты. Унчуккан жокмун. 

Билем, кайын энемди оңдоп же өзгөртө албайм. Бирок бул кылыктарына кантип маани бербей койсом болот. Мага кеңеш бериңизчи. 

Адис кеңеш берет

Психолог Тамара Воронцова жаш келинге кайын энесин өзгөртө албаарын, жеке пикирлери менен өз алдынча жасайм деген сунуштары бир гана чыр-чатактарды пайда кылаарын айтты: 

- Сиз түбөлүк айылда калбайсыз, жакында кетет экенсиз, андыктан бир аз чыдап коюңуз. Актриса экениңизди, кайын энеңиз менен болгон жашооңузду бир камера тартып жатканын элестетиңиз. Балким, ал бир комедия болот? Ар бир жагдайдан күлкүлүү бир нерсе табыңыз. 

Күйөөңүздү ынандырып, калган эс алуу күндөрүңөрдү Ысык-Көлдө же башка бир өлкөдө өткөрөлү деп айтып көрүңүз. 

Ийкемдүү болуңуз, дипломатиянын, конфликтологиянын жана албетте, актердук чеберчиликтин негиздерин окуп үйрөнүңүз. Мисалы, аларга ачуу чындыкты айткыңыз келет, бирок ролуңуз жакшы адамдыкы дейли. Актерлер ролуна сүңгүп кире алат, муну менен бардык нерсени жакшы жагына чечкенге үйрөнөсүз. Анан баары бактылуу болот!

21-кылымда, жаңы турмуш курган жаш жубайлар өз алдынча жашаганы оң. Мындай жол менен, үй-бүлөнү жана туугандар менен болгон жакшы мамилени сактап калуу мүмкүн. Ата-эне күчтөн тайган, улгайган же ооруп калган болсо, салтты сактап чогуу жашаса болот. 

Акылдуу келин болуңуз! Керектүү жерде сүйлөп, керектүү жерде унчукпай калуу, туугандар менен тил табыша билүү жөндөмдүүлүгү - бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун сырларын бири болуп саналат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
29.06.2019, 16:42

80 деги чалдын носкисин жууса не болот колуна жабышып калабы 70теги кемпири да бираз эс алсын да аз калган омурундо. Муну айтса келин не кулбу дейсинер кул эмес бирок кызмат кылып койсо андан кичирейип же олуп калбайт чыгар

0
Пайдалуу жооп
29.06.2019, 16:43

Эмне болуптур,  жууп койсо эч нерсе болбойт! 

0
Пайдалуу жооп
29.06.2019, 21:09

Озун карыбай жаш бойдон отом дейсинби

0
Пайдалуу жооп
29.06.2019, 23:21

Срочно ажыраш.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
30.06.2019, 11:52

Сиздин проблеманыз аз сандуу уй-булодо жашап, эгоистик-эгоцентристтик тар чойродо чоноюп калгандыгынызда. Азыр кругозору тар жаштардын кобу ушундай, себеби адабий классикалык чыгармаларды окушпайт, дунуйо таануу, гумандуулук, нукура кыргыз ыймандуулугу жонундо тушунуктору аз. Кыскасын айтканда колуна жугуп же колун сынып калбайт. Кайгата-кайненендин ыраазычылыгын, батасын алсан жакшы болот. Туугандарына(озундун кана торкунуно эмес), жакындарына, элине, мамлекетине колундан келишинче ак-ниет жакшылык кылууга уйронмоюнчо крыса боюнча каласын, президент болсон дагы. Ийгилик каалайм.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
03.07.2019, 17:21

Сага окшогон аялдан кудай ОЗУ сактасын.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
03.07.2019, 23:30

Анын эменеси бар экен,менин кайын энем да 70 те,уйдогулордун баарынын ич кийиминен бери жууйм 3 жылдан бери,эч нерсе болгон жокмун шугур

0
Пайдалуу жооп
?
?? ??
07.07.2019, 14:07

Мен кайненеме кирлерди алып келдиртпей эле баарын чогултуп жууганы аракет кылам,андан эч нерсе болбойм. Майда-чуйдо кирлерди колго эле жууйм  стиральныйга салбай. 

Сен деле жууп коё бер жолдошундун носкисин элестетип.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
10.07.2019, 21:04

Ушу кыргыз калкыбыздын ан сезими качан озгорулот болду экен. Ойдо жакта бироо жазыптыр, колуна жугуп калбайт жууп койсон деп. Эй, ансыз деле омур кыска! Эмнеге Кир жууган машина турса, эмне учун жашообузду татаалдаштырыбыз керек????!!! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт