// //

“Жашынмак ойнойбуз деп денемди булгады”. Туугандары зордуктаган кыздардын окуясы

2019.06.27, 10:23
8349

Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Чоң апам бизден бир көчө кийин жашачу. Эжем экөөбүз үйүнө барып ойноп келчүбүз. Бир күнү дагы бардык. Атамдын бир тууган иниси үйдө экен. Ал кезде акыл-эсибиз кирип калганы менен дале кичинекей болчубуз”, - деп эскерет Бермет.

Бермет учурда студент. Кичинесинде тууганы эжесине сексуалдык аракеттерди жасап жаткына күбө болгон: “Ойноп жатсак атамдын иниси жаныбызга келип, мал сарай жакка алып барды, “сен бул жерде” калып тур деп, эжемди сарайга алып кирип кетти. Акырын барып карасам, жыныстык катнашка баргандай болуп, эжемдин үстүнө чыгып алып, имитация кылып жатыптыр”.

Чоң энемдер үйдө эле болчу, телевизор көрүп олтурган. Мени байкап калып, “бар эми ойной бергиле” деп, эжемди коё берип койду. Бул тууралуу апабызга айткан жокпуз”, - дейт Бермет.

Берметтин окуясы жалгыз эмес. Учурда туугандарынын сексуалдык кол салуусуна дуушар болгон балдардын көйгөйү курч бойдон калууда.

Балдар үн ката албаган жеңил курмандыктар

Ата-энелер туугандары балдарына кол салганын көп учурда билбей калат. Балдар болсо бул тууралуу чоңдорго айтып бере албайт. Психологдордун айтымында зордуктоонун 90%ын жакындар менен тааныш адамдар жасайт.

Балдарды коркутуу оңой, алар өздөрүн коргой албайт, өтө кичинекей балдар алар менен эмне болгонун түшүндүрүп да бере албайт. Бул жагынан алып караганда, алар чоңдордун жеңил курмандыктары. Көп учурда жазасыз бойдон кала берет деген ишеним туугандардын бул ыплас жолго баруусун шарттайт. Зордукчу тууганды кем акыл деп айтууга болбойт, психикалык жактан ден-соолугу чың эле адамдар”, - деп түшүндүрөт психолог Ильдар Акбутин.

Өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы бар

Юрист Нурислам Раимжанов бүгүнкү күндө балакатка жете элек балдарга карата зордуктоо фактылары көп кездешип жатканын айтты: “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүндө “Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу” деп көрсөтүлгөн. Демек, ар бир адамдын, анан ичинен балакатка жете элек балдарга карата алардын жеке кол тийбестикке болгон укугун бузуу, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартууну билдирет”.

КРнын жазык кодексинде жашы жетелекке жана жаш кызга карата жасалган кылмыштар үчүн өзүнчө жаза жоопкерчилиги каралган. Тактап айтканда билип туруп жашы жетелекке карата зордуктоо үчүн V категориядагы (10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин) жаза белгиленген.  Ал эми билип туруп жаш кызга карата зордуктоо жасалса VI категориядагы (12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин) же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген” , – деп кошумчалады юрист.

“Эжем ажырашып кетпесин деп айткан жокмун”

Жибекти 14 жашында жездеси зордуктап койгон.

Каникулга чыгып, шаарга бир тууган эжемдин үйүнө келгем. Ал күнү эжем жумушта болчу. Телевизор көрүп олтурсам, жездем жаныма келип, “мен сага бир нерсе көрсөтөм” деп колумдан жетелеп, уктоочу бөлмөгө алып барды”.

Эшигин бекитип, каршылык көрсөткөнүмө карабай кыздыгымды алып таштаган. Эжемдин менин айыман ажырашканын каалабай, эч кимге айткан эмесмин”,-деп эскерет Жибек.  

Жибек учурда студент. Кийинки жашоосу эмне болоорун жөнүндө түшүнүгү жок. Кыздыгы жок болгону үчүн турмушка чыккандан коркоорун кошумчалады.

“Эл эмне дейт” баланын келечегинен бийик турат

Адистердин айтымында бул сыяктуу кылмыштардын көбү үнсүз калат: “Биз жашообузда дайыма эл эмне дейт?- деген сɵздɵн коркуп жашайбыз. Көпчүлүк зордуктоого же сексуалдык кол салуунун башка дагы түрлɵрүнɵ кабылган учурда мына ушул “уят”, “эл эмне дейт” дегенден уялып, укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Далилдердин баарын жок кылып, тактап айтканда кийимдерди жууп, жуунтуп салышат”- дейт эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева.

Эксперттин айтымында бала зордукчунун курмандыгы болгондо, далилдерди сактап, дароо жуунтпай, сɵзсүз түрдɵ укук коргоо жана саламаттыкты сактоо органдарына, кризистик борборлорго кайрылуу керек: “Бул аракеттер жасалса,  жабырлануучу адистердин кɵзɵмɵлүндɵ болот, алардан кеңеш алып, зордуктоого кабылгандан кийинки алгачкы 72 саатын ичинде жыныстык жол менен жугуучу оорулардын, ВИЧтин жугуп калуусунун жана күтүүсүз кош бойлуулукту алдын ала алат”.

“Апаң сени эмес, мени жакшы көрөт!”

 “Үйдө жалгыз кызмын. Атамды эч көргөн эмесмин. Апам экөө кичинемде ажырашып кетишкен экен. Мен 12 жашка чыкканда апам экинчи ирет турмуш курду. Өгөй атам келгенде мага жакшы мамиле кылып, оюнчук алып берип жүрдү”,- деп кебин баштады 19 жаштагы Жазгүл.

Ал күнү апам эртең менен жумушка кеткен. Уктап жатсам, өгөй атам бөлмөмө келип, жаныма жатты. “Сен жакшы кызсың да, мен айткандарды кыласың а”,- деп өз ишин бүтүрдү. “Апама айтам” деп ыйласам, “апаң мени жакшы көрөт, сени атаң таштап кеткен, эч кимге керегиң жок” - деген”.

Болгон окуя тууралуу Жазгүл эч кимге үн каткан эмес. Аз өтпөй апасы ал киши менен ажырашкан.

“Кылмышты жаап-жашыруу да кылмыш!”

Юрист Нурислам Раимжановдун айтымында, зордуктоо - бул кылмыш, ал эми кылмышты жаап-жашыруу да кылмыш: “Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси боюнча ата-эне өз баласынын мыйзамдуу өкүлү болуп эсептелинет. Демек ата-энеге баланын кызыкчылыктарын коргоо жүктөлгөн жана ар бир акыл-эси соо ата-эне өз баласынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого милдетүү”.

Жашы жетелекке жана жаш кызга карата зордуктоо жалпы тартиптеги кылмышка кирет, ал эми мындай кылмыш иштери боюнча жазыктык куугунтуктоо жабырлануучунун арыз беришине карабастан ишке ашырылат. Анткени КРнын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат” деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан жашы жетелекке жана жаш кызга карата зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иштери (сотко чейинки өндүрүш иши) эч кандай арызсыз тергелип, кылмышкер жоопкерчиликке тартылат (эгерде эч ким арыз менен кайрылбаса же арыздануудан баш тартылса)”,-дейт юрист.

“Жашынмак ойнотуп кармалады”

Айдана учурда 25 жашта. Турмушка чыккан. Эки баланын энеси.

7-классында тайкеси үйдө эч кимдин жоктугунан пайдаланып ыплас аракеттерди жасаган.

Мен төрөлгөндө атам менен  апам студент экен. 7-классыма чейин тайларымдын колунда өскөм. Бир аз чоңоюп, акыл-эсиме кирип калган убак болчу, таенем менен таятам үйдө жок эле.  Тайкем “жашынмак ойнойбуз” деп тийишкен. Зордуктаган эмес, жыныс мүчөлөрүмдү кармалып бир нерселерди кылган”.

Айдана бул тууралуу эч кимге айткан эмес. Турмушка чыгаар алдын апасына  айтууга чыгынып, бирок батына албай койгон: “Ошол убакты эстесем коркуп кетем. Тайкем азыр эч нерсе болбогондой жүрөт”.

Адистен ата-энелерге кеңеш

Тамара Воронцова, психолог

Урматтуу ата-энелер! Кээде баланы туугандарга же жакындарга таштап кетүүгө туура келет. Бирок, зордук-зомбулуктун, сексуалдык асылуунун 80%дан ашыгы туугандар, достор жана кошуналар тарабынан болоорун билишиңер керек. 3-5 жаштагы балдар бир гана зордук-зомбулукту эмес, денесине болгон сылап-сыйпоону, коркутууну өмүр бою эстеп калышат.

Мүмкүн болсо, ар кимге балаңызды ишенип, таштап кете бербеңиз. Таштап кетсеңиз, анда баланын жүрүм-турумуна көңүл буруңуз; ал коркок, түнт же ыйлаак болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле, ал жуунгусу келбей, көчөгө чыгуудан коркуп, өзгөчө ошол адамдарга конокко баруудан качат. Сандары, колдору көгөрүп калган жокпу караңыз.

Балаңыз сиз үчүн мүмкүн болбогон нерселерди айтып берип жатса,  кол шилтеп койбой, сөзүнө кулак салыңыз, айткандарына ишениңиз.

Балдарды баардык нерседен коргоңуз. Анткени бала чактагы ар кандай окуялар, психикасына гана эмес, келечек тагдарына таасир этет!

Ильдар Акбутин, психолог

Бала басыңкы, маанайы жок, сабыры суз, абдан коркуп жана түнт болуп калса же ойногондо зомбулук эпизоддорун колдонсо, өз жашынан эрте жыныстык органдарды жана алар кантип колдонулаарын билсе, тарткан сүрөттөрүндө кабылган окуяларын, өзүнүн абалын чагылдырса, зордуктоонун курмандыгы болгон болушу мүмкүн.

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Баланын эң жакыны –ата-эне. Андыктан ата-эне ачык олтуруп сүйлөшүп, ага ишенээрин айтышы керек. Ал кандай көйгөйгө туш болбосун, чуркап келип, ата-энесине ачык айткандай болушу кажет. Баласына анын досу экенин, денесине кол салууга, башкача көз караш менен караганга, кол тийгизгенге эч кимдин акысы жок экенин эскертип туруу зарыл. Баланы "даттанба" же "антип айтпа, уят болот" - деп уяткарбаңыз. Ар бир сөзүно маани берип, угуңуз!

Нурислам Раимжанов, юрист

Зордуктоого кабылган адамга биринчи кезекте жакындарынын жардамы керек. Эгерде кылдаттык менен жакшы мамиле кылышса, курмандык эмне болгондугун жана учурда абалы кандай экенин айтып берет. Ошондой эле, биринчи кезекте ооруканага кайрылуу зарыл: медициналык жардам алуу жана кылмыштын издерин далилдөө үчүн. Болгон окуя боюнча дарыгерлер милицияга кабар берет.

Соттук -медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн түз эле эксперттик бюрого барса да болот. Алар тергөөчүнүн токтому жок эле зордуктоо фактысы боюнча экспертиза өткөрүп, кортунду берүүгө милдетүү.

Зомбулук  фактылары боюнча каякка кайрылуу керек?

Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн телефондору:

  • Бишкек ш. ШИИБи (0312) 43-71-75;
  • Чүй облусунун ИИБи (0312) 43-88-85;
  • Ош облусунун ИИБи (03222) 5-59-10;
  • Талас облусунун ИИБи (03422) 5-29-98;
  • Ысык-Көл облусунун ИИБи (03922) 5-24-14;
  • Жалал-Абад облусунун ИИБи (03722) 5-66-66;
  • Нарын облусунун ИИБи (03522) 5-09-21;
  • Баткен облусунун ИИБи (03622) 5-0015;
  • КРнын ИИМнин Нөөмөт бөлүмү (0312) 66-23-31:
  • КРнын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы (0312) 26-62-97;
  • КРнын ИИМнин ишеним телефону (0312) 26-64-18;
  • Кризистик борборлордун телефондору:
  • «Шанс» КБ, Бишкек ш. (0709) 71-03-20;
  • «Сезим» КБ, Бишкек ш. (0312) 51-26-40, (0312) 31-64-66;
  • «Ак-Жүрөк» КБ, Ош ш. (0550) 23-13-29, (03222) 4-59-76;
  • «Аруулан» КБ, Ош ш. (0776) 38-07-77, (03222) 5-56-08;
  • «Мээрбан» КБ, Ош ш. (0559) 49-20-07;
  • «Акылкарачач» КБ, Алай району (0555) 28-14-23;
  • Гүлчө айылы (0776) 28-14-23;
  • «Жаңыл Мырза» КБ, Баткен ш. (0777) 39-30-77;
  • «Маана» КБ, Талас ш. (0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85;
  • «Теңдеш» КБ, Нарын ш. (03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90;
  • «Энсан-Диамонд» КБ, Ош ш. (0772) 32-89-60. 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт