// //

Абитуриентке: ЖРТнин жыйынтыктарын талап кылбаган окуу жайлар

2019.06.24, 17:34
8810

Bilesinbi.kg окурмандары үчүн ЖРТнин жыйынтыктарын талап кылбаган окуу жайлар туурасында айтып берет.

Кыргыз Республикасындагы бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн ЖРТнин жыйынтыктары талап кылынат. Алардын ичинен болгону төрт окуу жайга ЖРТ тапшырбай туруп өтсө болот. Бирок атайын предметтер боюнча экзамен тапшыруу керек.

Алгач Т.Сыдыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясы туурасында сөз болот.

Т. Сыдыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына кирүү экзамендердин негизинде тапшырса болот. Экзамендер 2019-жылдын 6-июлунан тартып 20-июлга чейин созулат.

Документтер 5-июндан 5-июлга чейин кабыл алынат.

Көркөм сүрөт академиясына орто көркөм сүрөттүк билими бар, ошондой эле көркөм сүрөт мектебин же көркөм сүрөт курстарын аяктаган, жашы 30га чейинки абитуриенттер тапшыра алат.

Тапшыруучу кабыл алуу комиссиясына төмөнкүлөрдү өткөрүшү керек:

  • Сүрөт, живопись жана скульптура боюнча 20дан кем эмес иштерин;
  • Скульптура факултетине тапшырып жаткандар скульптура жана композицияларынын сүрөттөрүн (көлөмү 18Х24 см) тапшырып, сүрөт, живопсиь, композиция жана скульптура сабактарынан кошумча экзаменден өткөрүлөт;
  • Кыргыз тили жана адабият (же орус тили жана адабият) сабактарынан жазуу түрүндө экзамен.

Тапшыруу үчүн:

  • окуй турган адистик жазылган арыз;
  • билими тууралуу документ (түп нускасы);
  • 086/У үлгүсүндөгү маалымкат;
  • 3х4 өлчөмүндөгү фото сүрөт, 6 даана.

Адистиктер боюнча окутуу мөөнөтү 5 жыл. Окутуу бюджеттик негизде.

Дареги: Бишкек шаары, Циолковского көч., 98.

Телефоны: 0312 21 16 97, 21 16 91, 21 16 90.

E-mail: talant1935@mail.ru

Веб-сайт: www.academyart.kg

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына атайын орто музыкалык билими бар жана атайын орто музыкалык мектепти аяктагандар кабыл алынат. Кыргыз улуттук консерваториянын базасындагы музыкалык мектепти аяктагандар үчүн даярдоо бөлүмү бар. Бул окуу жайга тапшырып жаткан абитуриенттин жашы 30дан ашпаш керек. Ал эми соло ырдоо адистигине 28 жашка чейин кабыл алынат.

2019-жылы документтерди кабыл алуу 24-июндан тартып 8-июлга чейин жүрөт.

5-6-июль күндөрү консультациялар өтөт.

8-июлдан 25-июлга чейин кирүү экзамендери болот.

ЖОЖдун ички экзамендерин ийгиликтүү тапшырган абитуриенттер окуу жайга кабыл алынат.

Консерваторияда билим алуу бюджеттик гана негизде.

Билим берүу процесси төрт факультеттин ичинде он багыт боюнча жүргүзүлөт.

Тапшыруу үчүн керектелүүчу документтер:

  • ректордун атына жазылган арыз;
  • орто кесиптик билими тууралуу документ;
  • музыкалык билими тууралуу диплом;
  • 086/У үлгүсүндөгү маалымкат;
  • жигиттер үчүн чакыруу күбөлүгү;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 фото сүрөт;
  • өздүгүн тастыктоочу документ;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер иштөө тажрыйбасы бар болсо).

Телефон: +996 312 570225.

Дареги: Кыргызстан, Чүй обл., Бишкек ш., Жантошев көч., 115.

Сайт: conservatory.kg

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети маданият жана искусство тармагындагы адистерди даярдайт.

Документтер 1-июлдан 15-июлга чейин кабыл алынат.

Кирүү экзамендери 15-июлдан 25-июлга чейин өтөт.

Керектелүүчү документтер:

  • орто же кесиптик билими тууралуу документ (түпнускасы);
  • 0-86/У үлүсүндөгү маалымкат;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 8 фото сүрөт;
  • паспорт, аскердик билет (абитуриент өзү келгенде көрсөтөт);
  • эмгек китепчесинен жазып алынган маалымат (иш тажрыйбасы бар болгондор үчүн).

Кабыл алуу бюджеттик жана контрактык негизде.  

Контрактын акысы: күндүзгү окутуу – 15 000 сом, сырттан окуу – 12 000 сом, чет элдик жарандар үчүн  - 22 000 сом.

Башка шаардан келген студенттердин бардыгына жатакана берилет.

Дареги: Жантөшев көч., 113 (Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен кесилишкен жерде)

Телефондор: + (996) 312 57 02 39, 51 08 36, 57 92 70

Сайт: www.kguki.kg

e-mail: kgukiart@mail.ru 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт