// //

Балдарымдын аталары ким экенин да билбейм... Мигрант келиндин баяны

2019.06.24, 11:44
3114

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты  - мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.

Bilesinbi.kg Россияга барып, үч баласы менен эч нерсеси жок калган Маликанын окуясын окурмандарга сунуштайт.

Чоң үйлүү болсок деп кыялданчу элем...

Чоң үй-бүлөдө үчүнчүсү болуп төрөлгөм. Өмүр бою турмушка чыгып, чоң үйдө жашайм, үйүм жарык, эмеректери аппак болсо, деп кыялданчумун. Ферганалык бир жигитке турмушка беришти. Юсуф жакшы жигит болчу, бирок турмушу орто эле. Адаттагыдай бир жылдан кийин уулду болдук.

Кичинекей Аброрду бешикте терметип жатып, көп акча таап, чоң үйлүү болуп, уулумду Ташкентке окууга жөнөтүп, туугандар келгенде дасторконумду укмуш даярдап алып тосмокмун, анан баары бизди кандай жакшы, бактылуу үй-бүлө, деп суктанышмак, деп элестете берчүмүн.

Россияга баралы деп чечтик

Күйөөмө кыялдарымды ар дайым айтып берем. Бир күнү Юсуф үйгө келип, анын таанышы Россияга барып жакшы акча таап келиптир, кызына укмуш той бериптир деп айтып калды... Россияга барып келсек кантет деп, улам ойлонобуз. Досторубуздан, тааныштардан сураштырып, бир топ маалымат чогулткандай болдук.

Акыры баралы деп чечтик. Ата-энеме келип айтсак, барбагыла деп атам аябай суранды. Болбой кетип калдык.

Биз кеткенден кийин көп узабай атам көз жумуптур. Бир туугандарым анын өлүмүндө мени күнөөлөштү. “Атам аябай санааркап, сенин кетип калышыңды көтөрө албай койду”, - дешти. Алардын сөзү мага абдан катуу тийди.

Мени бир кожоюнга, күйөөмдү башкасына жөнөттү

Россияга келгенге чейин бардыгын билебиз, кабарыбыз бар деген ойдо элек. Бирок биз жаңылыптырбыз. Өтө ишенчээк экенбиз. Жердештерибиз бизди алдап кетет деген нерсе оюбузга да келген жок. Бизди алып келген Сардор паспортторубузду алып алды. Жол кире үчүн карыз экенибизди, ага барын кайтарып беришибиз керектигин айтты. Мени бир кожоюнга, Юсуфту башкасына жөнөттү. Экөөбүз чанда гана жолугуп турчубуз...

Балдарымдын аталары ким экенин да билбейм

Мен иштеген үй тегерете бийик тосмо менен курчалган. Сыртка чыгууга уруксат беришчү эмес. Эң коркунучтуусу балам экөөбүз толугу менен алардын карамагында калганыбыз болду. Өзүмдүн да, баламдын да эч кандай документерибиз жок, абсолюттук түрдө укугу жок адамдарга айландык. Аброр менен өзүмдү аман алып калуу үчүн бардык кордукка чыдадым. Кийин дагы бир кыздуу, анан уулду болдум. Алардын аталары ким экенин деле айта албайм. Эми мен кенедей бир укугу жок, үч баланын энесине айландым...

Ал жакта көп жашадым, бирок бир күнү качып чыктым. Ферганага калп-чынды аралаштырып, эптеп жетип келдим. Эч нерсебиз жок болчу: үйүбүз жок, балдарымдын күбөлүктөрү жок, паспортум жок, эч нерсе. Үй-бүлөм мени кабыл алган жок... Балдарым менен көчөдө калдым.

Бактыма “Мехрибон” уюму тууралуу угуп калдым. Ал жактагылар мага жардам берип, жаңы паспорт, балдарга күбөлүк алдык, поликлиникага учетко туруп, балдарым мектепке, бакчага бара башташты. А мен болсо, жашоомду кантип кайра калыбына келтирип, сыныктардан бир бүтүндү курасам деген ой менен жүрөм. Азыркы кыялдарым такыр башка, мурункудай асмандын башы эмес.   

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт