// //

Байкеси Сирияга кулчулукка сатууга аракет кылган кыздын окуясы

2019.06.21, 11:24
2054

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты  - мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.

Blesinbi.kg байкеси Сирияга кулчулукка сатууга аракет кылган кыздын окуясын сунуштайт.

Мен бакма кызмын

Мени наристе кезимде багып алышкан экен. 5 жашка чыкканымда апам менен байкем болуп Самарканд облусундагы кичинекей кыштактан Москвга көчүп келдик. Апам короо шыпыруучусу болуп ишке орношту. Жумушунан бир бөлмө бөлүп бергендиктен барыбыз ошондо туруп калдык.

Байкем башында апама жардам берип жүрдү, кийин дүкөнгө жумушка орношту. Каттообуз бар беле жок беле, билбейм. Бирок мектепке барыш керек болгондо, кандайдыр бир кыйынчылыктардан улам мектептин директору мени кабыл алуудан баш бартты.

Сергей менен Ирэн

Ошондо кошуналарыбыз, журналисттер Сергей менен Ирэн кийлигишип жатып мектепке киргизишти. Алар кийин да менин тарбия алуума көп катышышты – китептерди сатып беришти, бийге катышуумду, бассейнге баруумду колдошту, сабактарым менен жардам беришти. Апам алардын колдоо көрсөткөнүнө кубанганы менен агама бул нерсе такыр жаккан жок. Кыз бала бийге барып, сууда жылаңач сүзөт деген эмнеси, деп нааразы болчу. Бирок биздин үй-бүлө муктаждыкта жашагандыктан, айла жок макул болуп жүрдү.

Турмушка чык деп күндө айтышат

Биздин үй-бүлөгө бүлө кошулуп, агамдын келинчеги менен бир туруп калдык. Байкем бир аз бутуна туруп, биздин чакан үй-бүлөбүздү башкара баштады.  Бул жолу менин кызыгууларыма такыр жол берилген жок. Ачык кийиндиң, туура эмес сүйлөдүң же намаз окубай койдуң деп ура турган болду. Күнүгө апам менен агам күйөөгө тийишим керек экенин кулагыма куюп, чет өлкөгө кете турганымды айта башташты. Апам, агам, жеңем бир эле сөздөрдү какшап айтышат: турмушка чыгуу, дин жолунда жүрүү. Алар өмүр бою мага кам көрүп келишти, жамандык каалабаса керек, деп ойлодум. Акыры айткандарына көнүп, макул болдум. Кийингенимди өзгөртүп, сүрөлөрдү жаттай баштадым.   

Кабагы ачылбаган кишиге тиймек болдум

Сергей менен Ирэн ал кезде Америкага көчүп кетишкен. Биз анда-санда байланышып, сүйлөшүп турчубуз. Алар мага акчалай жардам берип, окуп, билим алышымды колдошчу. Акчаны негизинен китеп сатып алганга жана окуумду улантканга салышчу. Мен 16га чыкканда, байкем жеңем экөө чет өлкөгө кетип калышты. Бир жылдан кийин үйүбүзгө үңүрөйгөн бир киши келди. Ал мени байкеме жеткирип бермек. Апам бул менин күйөөм экенин айтты. Бир топ жашка улуу, кабагы ачылбаган киши мага такыр жаккан жок. Анысы аз келгенсип, улам кагып-силкип, бирде кийингеним жакпаса, бирде сөзүмдү жактырбайт. Эмнегедир тынчым кетип, бир нерсени сезгендей кабатырлана баштадым, өзүн алып жүргөнү кызыктай эле. Байкем кайсы жерде, кайсы өлкөдө жашайт болду экен, деген суроо ойлондура баштады.

Байкем Сирияга кетиптир

Мен Сергей менен Ирэнге абалымды айтып бердим. Үй-бүлөм ошол кишиге баш кошуумду талап кылып жатканын да кошумчаладым. Журналисттер, дароо апама телефон чалышты. Көрсө апама да ал киши жакпаптыр, жана менин ага турмушка чыгышыма каршы болчу, бирок байкемен коркуп эч нерсе деп сүйлөй албаптыр. Апам ыйлап, аны менен күрөшүүгө алы калбай калганын айтты.

Сергей менен Ирэн Москвага келип, укук коргоо органдарына кайрылышты. Баягы киши жок болуп кетти.

Мен азыр 19дамын. Сергей менен Ирэндин колдоосу менен Москвадагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жатам. Апама жардам бергенге да чамам жетип калды.

Байкем эки жылдан бери байланышка чыга элек. Түркия аркылуу Сирияга өткөнүн, ИГИЛге кошулуп кеткен болушу мүмкүн деген маалымат бар экенин Сергей айтып берди.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт