// //

Январь айында ооруп жаткан балам менен сыртка кууп чыкты

2019.06.20, 14:47
1359

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты  - мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.

Blesinbi.kg ооруп жаткан баласы менен сыртта калып калганын айтып берген Ровшан менен Умиданын окуясын сунуштайт.

Жаткан жери, тамак ашы бекер деп убада беришкен

Биз Өзбекстанданбыз. Санкт-Петербургга балык заводго жумушка чакырышты. Айына 400 доллардан төлөп беребиз деп убада кылышкан. Бул биз үчүн өтө чоң акча. Сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин түшүбүзгө да кирбеген – 700 доллардан төлөп беребиз дешти. Андан тышкары жашаганы, тамак ашы жана социалдык пакетинин бардыгын жумуш берүүчү өзү бүтүрмөк, - дейт Ровшан.

Уулубуз Улугбекти калтыра турган кишибиз жок болгондуктан кошо алып алдык. Кичинекей бала менен узак жол жүрүп, үч автобуз которуп, суукта тыгылышып, кысылып жетүү кыйынга турду.

Келе элек жатып карызыбыз көп экен

Санкт-Петербурга жетерибиз менен бир жатаканага жайгаштырышты. Эки жума документтерибиздин бүтүшүн күттүк. Сыртка баш багып чыккан жокпуз, паспортторубузду берип салганбыз. Кийин жол кире үчүн 48 миң рубль, жатакана үчүн 50 миң рубль карызыбыз бар экенин айтышты. Паспортторубуз, миграциялык карталарыбыз, жумушка патенттерибиз кожоюнда калды.  

Карыздарыбызды кайтаруу үчүн иштеп баштадык. Балабызды калтыраарга киши жок. Документ болбогон соң бакчага да орноштура алган жокпуз. Жердеш эже менен сүйлөшүп, ал карап бермек болду. Балабыз тынбай ооруп баштады. Климат жаккан жокпу, же эжебиз начар карап жаттыбы, белгисиз. Доктурга кайрыла албайбыз, баягы эле документтерибиз жок. Ошол эле себепке байланыштуу үйгө да кайта албайбыз, - деп Ровшан айтып берди.

Түн. Январь. Колубузда ооруган бала...

Бир нече убакыттан кийин мен да ооруй баштадым. Күндөрдүн биринде төшөгүмөн тура албай койдум. Улугбек тынбай ооруп, жөтөлүп, дене табы улам көтөрүлөт. Ар кандай элдик ыкмалар менен дарылагансыйм, бирок алардын жардамы деле болгон жок. Кожоюн келип, бизден эч кандай пайда жок, жалаң чыгаша көрүп жатканын айтып, жатаканадан кууп салды. Түндө, январда, бөтөн шаарда көчөдө калып калдык. Колубузда ооруган бала, - дейт Умида.

Күтүлбөгөн жардам

Жердештерибиз жардам беришти. Бир нече күн вагондо жашадык. Кийин Андижандык Мурод деген жигит менен таанышып калып, ал ижарага батир алып берди. Тамак-аш, акча менен жардам берип турду. Сайттан “Истикболли авлод” уюмунун телефондорун таап байланышка чыктык. Алардын жардамы менен үйгө кайтып келдик. Бизге Муродду жиберген Аллага рахмат. ННО уюмунун кызматкерлерине да ыразыбыз. Алар мекенибизге кайтып келүүбүзгө жардам бергенден сырткары бул жерден да жумуш таап беришти. Дүйнөдө башка бирөөнүн кыйынчылыктарына кайдыгер карабаган адамдар болгонуна абдан кубанабыз” – дейт Ровшан.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт