// //

Дудук кайын аталуу болгондон коркуп жаткан кыздын баяны

2019.06.13, 16:12
2640

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында болочок кайын атасынын дудук экени баяндалат. 

Айганыш (аты өзгөртүлдү), студент

Саламатсызбы! Учурда адистердин кеңешине муктажмын. Эдил менен (аты өзгөртүлдү) курбум тааныштырган. Мыкты жигит. 2 жыл сүйлөштүк. Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Бир ай мурун, туулган күнүмдө колумду сураган. Албетте, макулдугумду бердим.

Ата-энелерибиз жолугуп, таанышмак болушту. Кызыгы, Эдилдин атасы келген жок. Ал кайда экенин сурасам, ооруп калганын айтты.

Апаларыбыз той күнүн белгиледи. Даярдык көрө баштадык.

Жигитим өзүнө костюм карап келели дегенинен жолукканбыз. Базар аралап чарчап, кафеге кирдик. Ошол жерден, атасынын дудук экенин айтты. Эч нерсе болбойт деп койдум.

Үйгө келээрим менен, болочок балдарыбыздын тагдыры ойлондурду. Сурайын дегеним, кийин балдарыбыз дудук болуп калбайбы? Дудуктук тукум куушу мүмкүнбү? Той жакындаган сайын бул суроолор  айламды кетирчү болду.

Адистер жооп берет

Болот Калмырзаев, молекулярдык биолог

Дудуктук тууралуу сөз кылганда, биринчи патологиясы катары дүлөйлүктү карайбыз.

Тубаса дүлөйлүктүн себептери ар кандай: балага - эненин курсагында жаткан учурда же төрөлгөндөн кийинки алгачкы мезгилде жугуштуу оорулар менен ооруган, генетикалык фактарлор ж.б таасир берип, угуу системасы жакшы өнүкпөй калган, же доо кеткен.

Тубаса дүлөйлүктүн 60%ы генетикалык мутациядан улам болушу ыктымал. Бул деген, дүлөйлүктүн пайда болушу үчүн гендин эки варианты тең (атанын жана эненин) мутант болушу керек дегенди билдирет. Ошондо дүлөй болуп калуу ыктымалдыгы 100%.  Бирок иш жүзүндө, бир вариант - мутант, ал эми экинчиси - дени сак болот. Бул учурда оору байкалбайт, бирок адам бул мутациянын алып жүрүүчүсү болуп саналат, кийин тукумдарына берилиши мүмкүн.

Эгерде жигитиңиздин атасы, генетикалык мутациядан улам дүлөй болуп калса, анда ал адамда мутант гендин 2 варианты бар, балдары жөн гана алып жүрүүчү, башкача айтканда, жигитиңизде бир мутант гендин көчүрмөсү болушу мүмкүн.

Эми, балдарыңардын дүлөй болуп калуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылсак.

Сизде, мындай мутант гендин бирөөсү да жок болсо, жигитиңиз гана алып жүрүүчү болсо, дүлөй баланын төрөлүү ыктымалы 0 %га барабар, бул учурда балдарыңардын 25%ы мутант гендин алып жүрүүчүлөрү болуп калышы мүмкүн.

Эгер сиз да мутант гендин алып жүрүучүсү болсоңуз, анда баланын дүлөй болуп төрөлүү коркунучу 25% болуп саналат, бул учурда балдарыңардын 50%ы алып жүрүүчүлөрдү түзөт.

Кыскасы, жигитиңиздин үй-бүлөсүндө генетикалык мутация барбы же жокпу билүү керек. Бул үчүн кеңири таралган гендерге жана алардын мутациясына скрининг жасалат. 

Балким, жигитиңиздин атасы, цитомегаловирус, герпес, менингит сыяктуу жугуштуу инфекциялардан улам дүлөй болуп калган. Дарыгерге кайрылып, тактоо зарыл.

Адилет Джунушалиев, ЛОР

Тубаса дудук болгондор чанда кездешет. Эне кош бойлуу кезинде, түйүлдүк калыптанып жаткан учурда ооруп калса, же кандайдыр бир физикалык жактан күч келсе, катуу стресске кабылса, курсактагы баланын уга турган түтүгү, же кулактын ичиндеги үлүл калыптанбай, кулагы укпай калат.

Ошондой эле, бала кичине кезинде катуу суукка урунуп, убагында дарыланбаса дүлөй болуп калышы мүмкүн.

Илгери гентомицин деген антибиотиктерди көп жазып беришчү. Кийин ал оттотоксиндүү, б.а. угуу системасына да терс таасирин тийгизе турганы  белгилүү болгон.

Жигитиңиздин атасын дарыгерлерге көрсөтүп, укпай калганы генетикалык жактанбы же бала кезинде ооруганынын айынан болгонбу билүү керек. Ага чейин так жооп берүү мүмкүн эмес.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт