// //

Аялынын этегине жашынган эркектер көбөйдү

2018.09.13, 09:23
6013

Бир колуна баласын жетелеп, экинчи колуна оор жүк көтөрүп алып базарлап жүргөн аялды көргөндө, күйөөсү кайда деген ой жаралат. Өз милдетин назик заттын ийнине артып койгон эркектердин көбөйүп жатканы өкүндүрөт.

Үйлөнөрүн үйлөнүп алып, кайра үй-бүлөсүн бага албаган эркектер арбын. Кыйынчылыктарда аялын, балдарын таштап же болбосо аялынын мойнуна олтуруп алгандары дагы жок эмес. “Билесиңби” порталы күйөөлөрдүн жана аталардын жоопкерчилиги жана ислам аларга кандай милдет бергендиги тууралуу теологдордун оюн угуп көрдү.

Ата лидер болушу керек

Марс Ибраев, теолог:

Атанын мойнундагы милдет - канча баласы болсо баарына бирдей мамиле жасап, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздап, эрезеге жеткенде үйлөнтүп-жайлантуу. Сапарга чыга турган болсо, кайтып келгенине чейин жете тургандай кылып үй-бүлөсүн камсыздап кетиши керек. Аталар үйдүн багуучусу, тарбиялоочусу, чечим кабыл алып, акыркы чекитти коё турган лидер, даанышман болууга тийиш. Куранда эркектер - камкор, камсыздоочу, көзөмөлдөөчү деп айтылат.

Аялынын акчасына жан багуу эркек үчүн катуу уят

Султанали Гапуров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси:

Аялын иштетип коюп үйдө олтуруп алган эркектерге кудай наалат айтат. Тактап айтканда аялы үйдөн чыгып, кайра кайтып келгенге чейинки убакытта эркекке наалат айтылып турат. Жубайынын акчасына жан багуу туура эмес. Күйөөнүн милдети - аялын камсыздоо. Эгерде аялы “турмушубузга жардам берип иштейин” десе, жумуш ордунун шарттары туура келсе, эркектин уруксааты менен иштесе болот. Бирок, аялдын тапканы  өзүнө, эркектики үй-бүлөсүнө.

Улан Усупов, теолог:

Аялзатынын байлыгы, акчасы болсо ага өзүнө керектүү буюм-тайымдарды, кийим-кечелерди  алат. Эркек аялына керектүү зер буюмдарды, сезондук кийим-кечелерди алып берип, материалдык муктаждыгын чечип берүүсү абзел. Эркек менен аял өз ордунда болуп, бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушса, үй-бүлө бекем жана бактылуу болот.

Марс Ибраев, теолог:

Эркек ата болобу, күйөө болобу карамагындагы кишилерге жооптуу. Анан ал арак ичсе, иштебесе, жалкоо болсо, үй-бүлөсүн камсыздабаса, айласыздан ал ролду аял аткарат жана бүгүнкү күндө мындай учурлар көп кездешүүдө. Ыйман жолунда жүргөн адамдардын арасынан жалкоо, жоопкерчиликтен качкан эркектер чыкпашы керек. Чыккан болсо анда алар динди жакшы түшүнбөйт, намазды окуп, орозо кармап коёт, башка укук жана милдеттери тууралуу билбейт. Бул жерде ката динде эмес, адамдын өзүндө.

Ажырашсаң дагы бала сеники

Кадыр Маликов, теолог:

Ислам негиздерине ылайык эркектин үй-бүлөсүнө карата милдеттери аялдыкынан жогору. Эркек кандай гана жагдай болбосун баардык үй-бүлө мүчөлөрүн камсыз кылууга милдеттүү. Ошондой эле, атада балдарын тарбиялап чоңойтуу  жоопкерчилиги жатат. Эркектин үй-бүлө башчысы экени аялын, балдарын  камсыздаган шарттары менен аныкталат. Мусулман өлкөлөрдө үй-бүлөнү камсыздоо мыйзам боюнча эркекке берилген. Эгерде ал үй-бүлөсүн тийиштүү деңгээлде камсыздай албаса жоопко тартылат.

Марс Ибраев, теолог:

Хадисте ата-эненин балага болгон 3 милдети айтылат: жаңы төрөлгөндө ысым коюу, таалим –тарбия берүү, эрзеге жеткенде үйлөп-жайлоо. Турмуш шартка байланыштуу ажырашуу болуп, ортодо перзенттер калса, аларды бой жеткенге чейин камсыздоо атанын милдети.

Улан Усупов, теолог:

Пайгамбарыбыз “Атанын баланын алдындагы милдети – ага татыктуу ат берүү, кийинтип, курсагын тойгузуу” деп айткан. Бул эми балдардын негизги муктаждыктары гана. Андан тышкары балага билим берип, бактылуу балалык тартуулоосу керек.

Ар бир эркек үй-бүлөсүн камсыздап, баласынын  жана аялынын алдындагы жоопкерчиликти аткаруу өзүнө таандык милдет экенин унутпаса.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт