// //

Күн ысыкта жарашыктуу жана ыңгайлуу кийинүүнүн 5 варианты

2019.06.12, 16:35
2277

Шорты кун ысыкта абдан ынгайлуу, ачык болгону менен кыймыл аракетиңди кыспайт. Ийиндери ачык топ менен айкалышытырып кийсеңиз, элеганттуулукту кошумчалайсыз. Нейтралдуу түстөгү кенен моделин тандаңыз. Жалпак сандалии, көз айнек жана чакан сумка сиздин образыңызды толуктайт.

Коко Шанель кичинекей кара көйнөкту ойлоп тапкан. Бирок биздин оюбузча ар бир айымдын кичинекей кара көйнөгүнөн сырткары кичинекей ак көйнөгү да болушу керек. Өзгөчө жайкысын, анткени ак түс ысык тартпайт. Көйнөгүңүздү жарашыктуу шляпа, жана ачык түстөгү сумка менен айкалыштырыңыз. Бутуңузга ак кеда же кроссовки кийип алыңыз.

Жайкысын канчалык кыска кийсең ошончолук ыңгайлуу болчудай сезиле берет. Бирок бул жаңылыштык. Эгер жеңил кездемеден тигилген миди юбка тандасаңыз денеңиз тердебей жел жүрүп турат. Бүгүнкү күндө металл түстөгү юбкалар модада. Ак топ жана өзгөчө түстөгү аксессуарлар менен кошумчалаңыз.

Калың джинсыларды күзгө чейин жыйыштырып эле коюңуз. Ал эми жука жайкы деним юбка жай айлары үчүн абдан ыңгайлуу. “Күн” моделиндеги же 70-жылдардагы стилге окшоп алдында топчулары бар моделин тандасаңыз жаңылышпайсыз. Ийини ачык топ мындай юбканын көркүн ачат.  

Такыр юбка же көйнөк кийгиси келбегендер бар. Андай айымдарга кенен тигилген шымдарды же ак түстөгү джинсы сунуштайбыз. Күлгүн түстөгү топ, кара шляпа, жана кичинекей сумка менен айкалыштырып алыңыз. Жарашыктуу сөйкө жана билерик бул образдын коркүн ачат.

Стилист Эвелина Хромченкодон жарашыктуу кийинүунүн сырларын бул жерден окусаңыз болот.

Макала бул жерден алынды.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт