56 жаштагы аял боюнда бар экенин айтат. Адистер кеңеш берет
Бактыгүл 56да (аты өзгөртүлдү). Жакында өзүн жаман сезип бейтапканага барган. Анализдеринин жыйынтыгы төбө чачын тик тургузган.
"Тааныштар укса эмне дейт!"
“Эмнесин жашырайын, кош бойлуу экенмин. Бул кабарды уккандан бери уйкум качты.
4 балам бой жетип калган, атүгүл неберелерим бар. Күйөөмө айтсам, “өзүң бил”,-деп койду. Ойлоно берип чарчадым. Тааныштар укса эмне дейт. Уялам.
Макул, баланы калтырдым дейли. Ал дени сак төрөлөбү? Алдырып койсом ден соолугума зыяны тийбейби? Суроолор абдан көп.
Улуу кызым, “төрөй бериңиз, мен багып алам”,-дейт. Эмне кылсам болот? Кеңешиңерге муктажмын.”
Адистер кеңеш берет
Гинеколог Светлана Коздровичтин айтымында жаш улгайган сайын түйүлдүктүн Даун синдорму сыяктуу генетикалык оорулар менен төрөлүп калуу коркунучу жогорулайт.
“Эң маанилүүсү, тегерегиңиздеги адамдардын эмес, өзүңүздүн каалооңуз. Албетте, жаш өткөн сайын аялдын жана төрөлө элек баланын ден соолугуна коркунуч туулат. Төрөйм десеңиз, тобокелдиктерди жана патологияларды алдын алуу үчүн тезирээк текшерүүдөн өтүп, фолий кычкылын жана йод ичип башташыңыз керек. Эгер кош бойлуулукту токтотуу жөнүндө чечим кабыл алсаңыз, бүгүнкү күндө коопсуз ыкмалар көп.”
Гинеколог мындай кырдаалга туш болгондор жок эмес экенин кошумчалады. Климакс мезгилинде болду эми боюма бүтпөйт деп контрацепция колдонбой кош бойлуу болуп калган айымдар көп.
Тамара Воронцова, психолог
50дөн кийинки кош бойлуулук көп суроолор менен коштолот.
- Негизги маселе - сиздин ден соолугуңуз. Толугу менен текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Бул куракта түйүлдүктүн генетикалык оорулар менен ооруп калуу коркунучу жогору. Кош бойлуулуктун белгилүү бир жумаларында скрининг жасоо түйүлдүктүн өнүгүүсүндөгү дефекттерди алдын ала аныктоого жардам берет.
- Баланы күйөөңүз экөөң тең каалайсыңарбы? Жөн жерден керемет болбойт. Балким, бул бала сизди бактылуу кылуу үчүн жөнөтүлгөн, балким, ал коом үчүн чоң иш кылат, балким, чоң талант болот?
- Эгер аборт кыла турган болсоңуз, медициналык көз караш менен караганда, бул чечимиңизди туура түшүнсө болот.
- Баланы калтырам десеңиз, анда аны эч кимге берүүнүн кереги жок! Кызыңыз же башка туугандарыңыз жардам берет же бала багуучу жалдаңыз.
Бала ар дайым ата-энеси менен болуш керек!
Башкалардын пикирине маани бербеңиз, аларга кудай жиберген белек деп коюңуз. Балаңыздан уялбаңыз!
Мүмкүн болушунча бул маселени тезирээк чечиңиз, бала бардыгын сезет. Мисалы, убагында апасы каалабаган же аборт жасагы келген балдардын мүнөзү оор болуп калышы мүмкүн.
Ар кандай куракта балалуу болуу - бул керемет! Жашоодо капыстан эч нерсе болбойт!
Менин оюмча кудайдын бергени ...торош керек го дейм....бирок ушул жашта торогон кооптуу да болушу мумкун....ошондуктан болгон анализди тапшырып...азыркы заманбапка туура келген торот уйлорунон торосо дейм.....менин оюмча Ден соолугу жакшы ...мынча боюуна болгонуна караганда.!