// //

Кадича Максутова, терапевт: "Бул белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылыңыз!"

2018.09.11, 15:05
4794

Bilesinbi.kg порталына ар таптуу суроолор келип түшөт. Бул ирет ден-соолукка байланыштуу суроолорго И. Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык борборунун жогорку категориядагы дарыгер-терапевтти Кадича Максутова жооп берди.

Белим катуу ооруйт

23 жаштамын. Акыркы убакта  белим катуу ооручу болду. Оорунун белгиси айыз келгендегидей. Этек кирим болсо келип бүткөн. Өзүм оор жумуш кылбайм. Эмнеден болушу мүмкүн? 

- Саламатсызбы окурман! Бул грыжанын бирден бир белгиси, текшерип көрүү керек. Эгер грыжа болбосо гинекологдун текшерүүсүнөн өтүшүңүз абзел. Гинекологиялык сезгенүү бар болушу мүмкүн. Тезинен бейтапканага барыңыз!

Өтүм менен бөйрөгүмдө таш бар

28 жаштамын. Бир балам бар. Көйгөйүм бөйрөгүмдө, өтүмдө таш бар. Башым ооруп, кусуп, алым кетип, калтырап жатам. Башымды тарттырсам таптаза экен. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?

- Сөзсүз ооруканга кайрылышыңыз кажет. Кусуу, алсыроо, чыдатпай оорутуу бул холециститтин белгилери. Оорунун диагнозун врач ар кандай текшерүү жолу менен коюп, дарылоо жүргүзөт. Катуу кармаган жана таштуу өнөкөт холециститти хирургиялык жол менен дарылайт. Дарыгердин сунуштаган диетасын бузбаңыз. Майлуу, сүрсүгөн эт, балык, эттин сорпосун, шоколад, жумуртканын сарысын, малдын майын, ачуу тамактардан алыс болуңуз. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, УЗИге түшүүнү унутпаңыз. 

Туберкулёзмун

Өпкөмдүн сыртында суу бар болчу, аны алдыргам. Калып калган бир аз коюсу дары менен жок болуп кетет экен. Анан бир тааныш кызымдын диогнозу дагы меникиндей. Ал дары ичип жатат. Бирок өпкөсүндөгү суусу коюлап кетип, операция кылабыз деп жатыптыр. Операциядан башка жолу жокпу?

- Урматтуу окурман, өпкөдө суу болсо бул 99% туберкулёздун белгиси. Ал рентгенге түшкөндө эле билине турчу оору. Эгер дарыгерлер таанышыңызды операция кылабыз деп жатса жасатуусу керек. Туберкулёзду Кыргызстанда бекер дарылайт. Ден-соолукта болгула!

Бетиме так түшүп кетти

Мурун бир бөйрөгүм ооруп, оор көтөрө албай кыйналгам. Азыр жакшы. Бирок бетиме так түшүп кетти. Бөйрөк оорудан бетке так түшөбү? Сурайын дегеним косметологго барганым жакшыбы же бөйрөк, ашказан текшертип дарыланганым туурабы? Кеңешиңизди бересизби.

- Окурман, бөйрөк оорудан бетке так түшпөйт, так боор оорудан түшөт. Бетиңизге так түшүп кетсе анализ тапшырып, боорду текшерүүдөн өткөрүү керек. Сиз алгач терапевттин көзөмөлүнөн өтүңүз. Дарыгерге канчалык эрте кайрылсаңыз, ооруну дарылоо алда канча жеңил болот.

Күндө эртең менен чоңго барам

Эртен менен тамак ичкенден кийин сөзсүз чоңго барам. Эмне себептен?

- Окурман, сарсанаа болбоңуз, бул нормалдуу физикалык көрүнүш. Эч кандай коркунуч жок. Бир күндө бир жолу барып туруу нормалдуу.

Көзүм караңгылайт

15 жаштамын. Мурун көзүм караңгылачу, бирок тез эле өтүп кетчү. Азыр болсо 7, 8 секкунд көрө албай туруп калам. Каным нормалдуу, куртум жок. Эмне себептен мындай болот?

- Эгер жатып же олтуруп турганда көзүңүз караңгыласа бул “вегето-сосудистая дистония”. Дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, дары-дармектердин жардамы менен тамырларды бекемдесе болот. Кан аздуулук жана жүрөк оору жок болсо невролог дарылайт. Кабылдамага келиңиз!

Апамдын богогу бар

Апамдын богогу бар. Кечке тердей берет. Эмне кылсак болот?

- Кызым, апаңыздагы богоктун гормондору жогорулап кеткен, ошондуктан апаңыз тердейт. Дарыланып, гормондорду нормага келтирсе тердебей калат. Эндокринологго кайрылыңыздар!

Катуу сүйлөй албайм

Катуу ойлонгондо, тез сүйлөгөндө жүрөгүм кысылып, кекечтенип кетем. Эмне себептен?  

- Окурман, жогорудагы белгилер дайыма кайталанса канга, гемоглабинге анализ тапшырып, жүрөктү ЭКГга тарттырып, дарыгердин текшерүүсүнөн өтүш керек. Катуу толкунданып же коркуп кеткенде кекечтенип кетсеңиз бул кооптуу эмес. Кадимки сүйлөшүүлөрдө мындай белгилер болбошу керек. 

Урматтуу окурман, эгерде сурооңузга жооп таппай жүрсөңүз,  www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңузду узатсаңыз болот. “Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду алып берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт