"Каратып туруп Калп айтканын" билүү оңой
Калп, ал көбүнчө жорго тилде, айрым убакта уйкаш ыр саптарында, же кара сөз аңгеме түрүндө айтылат. Адатта Калпты айтып жаткан адам, окуяны өз башынан өткөн сыяктуу, өзүнө таандык кылып баяндайт, же тескерисинче өзүнө таандык кылбай жашырып айтат. Калп, чындыкка туура келбеген сөз, анын пайда болушу, адам баласы эмне үчүн Калпты көп колдонот? Ал жаманбы же керектүү жактары барбы?- кантип адам баласы өзүн Калптан сактаса болот?- мына ушул жалгандар тууралуу адис, профайлер Арсланбек Камчыбеков менен маек курдук.
АРСЛАНБЕК КАМЧЫБЕКОВ: Калпты бир, эки белгилер аркылуу эле далилдегенге болбойт, белгилердин баардыгын жалпылап караш керек, каталарга алдырбай өтө кылдат болуу керек, жалган сүйлөбөгөн эле адамды каралап салыш оңой!
- Бирөөнүн сага жалган айтып жатканын баамдоого болобу, “каратып туруп Калп айтып жатканын” кантип билебиз?
Биз бири-бирибиз менен баарлашып жаткан учурда айтылып жаткан сөздөргө, алардын маанисине көңүл буруп, ошол эле кезде анын кантип айтылып жатканын аңдабайбыз, бул абдан өкүнүчтүү! Биз мимикалык эмоциялардан, турган – турпатынан, отурганынан, дене кыймылдары (кол шилтемдерибиз), ал тургай көз кыймылдары, вегетативдик - нервдик системасынын иштегени (кызаруу, кубаруу, тердеп кетүү, муундардын титирегени, жүрөктүн согушу, кандын басымы, демдин күчү, шилекейин жутуу ж. б) аркылуу Калпты көрүп, таанып билип койсок болот. Бул нерсеге үйрөнүш керек, адамдын жүзүн 43 мимикалык булчуңдар түзөт, аларды таанып билбесе, кайсы эмоция чын же Калп экенин билүү өтө кыйын.
- Адам Калп айтып жатканда аларды кандай реакциялар коштойт?
Калп айтып жатканда ар кандай реакциялар коштойт, маселен кол шилтемдердин (жесттердин) маанисин билүү жана аны туура чечмелөө керек. Бул нерсени профайлинг деп атайт, ыкчам психологиялык аныктоонун, криминалистиканын ыкмаларынын бири. Бул көзү ачыктык, же ой - аракеттерди билип коюу эмес, бул - мимикалык эмоцияларды билип таануу жана туура чечмелөө!
- Калп өтө көп деп айтышат, анын канча түрү бар?
Адамдын иш-аракеттери абдан көп тармактуу жана терең (дискретно). Туулгандан баштап акыркы күнүнө чейин миллиондогон аң сезимдин түбүндөгү (подсознание) белгилерден турат.
Калптын эки гана түрү бар:
- Унчукпай коюу
- Бурмалоо.
Калп айтуунун себептери, түрткүлөрү көп:
- бирөөгө жакшы көрүнүш үчүн
- өзүбүздү моралдык жактан (жактырбастык, шылдындоодон) коргоо
- пайда көрүш үчүн
- жазадан качуу жана башка көп себептер бар.
- Калпты аныктоо же професионалдык жактан айтканда профайлинг деген эмне?
Профайлингте жогоруда айтылгандай, сөз кайсы эмоциялык абалда, кандай мимиканын коштоосу менен айтылганы сынга алынат (коркунуч, уялуу, күнөөсүн сезип бир нерсени жашыруу, же чындап эле жалган айтууну). Адамдын денесин мультисигналдык система катары окуп, таанып билсе болот. Калпты айтып жаткан адамды 3 каналдан байкасак болот:
- мимика аркылуу, вегетативдик - нервдик системанын абалы
- кол, дене кыймылдары аркылуу, сүйлөгөн сөздөрүнөн улам
- кол жазмасынын атайын белгилери аркылуу (графология)
Эң негизги Калптын белгилери менен тааныштырып кетейин; үстүнкү эрини, же чекесинин тердегенин байкасак болот, оозунун ичи, тышы кургай баштайт, оор, тез тез дем алып, бетиндеги булчундар, оозунун бурчтары титирейт, денеси катып калат, кекечтенип, Калп жөтөлүп калат, үндүн тону, тембри, күчү өзгөрүлөт, шилекейин жута баштайт, көз ирмемдери көбөйүп, “беткап күлкүсү” пайда болот.
- Дене кыймылдары тарабынан эмнелерди байкоого болот?
Мурунун, көзүн, моюунун сылап - ушалай баштайт, колун, алаканын катып, бутун же колун кайчылаштырып, таң калуу, кубануу эмоцилары узакка созулат (негизи алар секундадан ашпашы керек).
Сөздөгү Калптын белгилери: Түз жооп бербестен тийип качуу, сөздү көбөйтүү же башка темага буруу, өзүнүн актыгын активдүү далилдегиси келет (кудай урсун, чын айтам ж.б.) айткан сөздөрүнөн адашуу, кокустан айтып алуу өңдүү. («Фрейддин жанылышмалары»)
Калптын жазуудагы белгилери: Мектепте үйрөткөндөй жайма жай отуруп алып жазуу (өтө туура), кол жазмасынын стили өзгөрө берет, эч туруктуу эмес, оңго - солго оой берет, тамгалар эки мааниде окулат, кереги жок болсо да үтүр чекиттерди коюуп, тамгалардын учунда «кылтактар» же «көбүктөр» пайда болуп, тамгалар өтө оң тарапка ооп, ылдый жагынан ачык толук жазылбай калат.
-
Акырында кыстырма катары: Калпты бир, эки белгилер аркылуу эле далилдегенге болбойт, белгилердин баардыгын жалпылап караш керек, каталарга алдырбай өтө кылдат болуу керек, жалган сүйлөбөгөн эле адамды каралап салыш оңой!