// //

Күйөөсүнүн 20 жылдык кечесинде ызы-чуу салган аялдын баяны

2019.05.30, 14:06
12735

Элмира (аты өзгөртүлдү) жакында эле күйөөсүнүн 20 жылдыгына барган. Классташтарынын арасында жолдошунун биринчи сүйгөнү бар экен. Анын айынан эки жубай учурда таарынышып жүрүшөт.

"Жолугушууга тун сүйүүсү келиптир"

Саламатсызбы! Көп адамдар бирөөгө айталбаган сырын Bilesinbi.kg менен бөлүшүп, адистерден кеңеш алгандарын окуп калчумун. Бүгүн минтип өзүм кайрылууга мажбур болуп турам. Балээнин баары 20-жылдык деген нерседен башталды.

Айылда турабыз. 3 балам бар. Күйөөм электрик, жакында 20 жылдыгы болду.

Кечеге бардык. Жолугушууга биринчи сүйгөнү да келиптир. Аны мага ким айтты дебейсиңерби? Тамак жеп отурсам, 3-4 классташ кыздары топтолуп келип, “сенин күйөөң классташыбыз Айжаркынды (аты өзгөртүлдү) жакшы көрчү, тигине отурат. Ажырашкан, этият бол!”,-деп туруп кетишти.

Айжаркыны күйөөмдүн жанынан чыккан жок: бийлешти, ырдашты, конкурска катышышты.

Анысы го мейли, жолдошумдун бетинен өөп, кучактап, шыңкылдап күлүп, өзүнчө эле жыргап алганына эмне дейин. Ачык да кийинип алыптыр.

Кызганычтан өрттөнүп, күйөөмө үйгө кетким келип жатканын айтсам, “такси алып бара бер”,-деди. Жарылдым. Өзүмдү кармана албай, тигисине “аялы бар эркек менен өзүңдү ушинтип алып жүрөсүңбү”,-деп бакырдым. Күйөөмө уяты жок экенин айттым. Кечеден чыгып кеттик.

Эми күйөөм, “классташтарымдын алдында уят кылдың”,-деп таарынып жатат. Үч күн болду сүйлөшө элекпиз. Мен аны аябай жакшы көрөм, өзү мыкты күйөө, ата. Кечеде ызы-чуу салып туура эле кылдымбы? Же ал жакка барбай эле койсом  болмок беле...

Тамара Воронцова, психолог

Абалыңызды түшүнүп турам. Аялдардын ички туюму абдан жакшы өрчүгөн.

Мен жубайларга классташтар же курсташтар менен жолугушууга чогуу барууну сунуштайм. Кызганыч, чыр-чатак жана башкалар болбойт, баары өзүн татыктуу алып жүрөт дегендей. Мисалы, биз, дайыма күйөөм экөөбүз бүтүрүү кечелерибизге ээрчишип барабыз, классташтарыбыз бизди чогуу окуган деп ойлошот, баарыбыз достошуп алганбыз.

Албетте, бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусуна келгенден кийин, ал жакта өзгөчө мамилелер болот: кучакташуу, өбүү. Сиз муну туура кабыл алышыңыз керек.  

Кийин үйдөн тынч сүйлөшүп алса болот. Бакырып баса калбастан, акырын гана сизге жагымсыз болгонун билдирип, сезимдер жөнүндө айтуу зарыл. 

Мисалы, бул учурда, минтсеңиз болмок, “классташыңдын жаш курагына ылайык кийим кийбегени өкүнүчтүү, жүрум-турумунда да сөз жок”. Бул айткандарыңыз өмүрлүк жарыңыздын аң сезиминде калып калат да, өткөн сүйүү сезимдери басаңдайт. Жумшак, тамаша кошуп сүйлөө керек: оозун туур эмес боеп алыптыр ж.б. дегендей. Мындайынан алып караганда, көңүл оорутчу деле сөз эмес, сиз жөн гана болгон нерсени айтып жатасыз.

Азыр күйөөңүз менен сүйлөшүп, ал учурдагы жүрүм-турумуңуз кызганыч менен шартталганын билдириңиз. Аны абдан жакшы көрөөрүңүздү, өзүңүздөн мындай реакция күтпөгөнүңүздү айтыңыз.

“Эгер мен да классташым менен өзүмдү сендей алып жүрүп, бетимди өптүрсөм, сага деле жакпайт эле. Кел элдешип, жыйынтык чыгаралы, мен элдин алдында сезимдеримди көрсөтпөгөнгө аракет кылам. Жолугушууларга ар дайым чогуу баралы. Сен абдан сонун, ишенимдүү, мээримдүү күйөөсүң! Классташтарың баарын туура түшүндү, алар да Айжаркынды айыптап, туура эмес кабыл алгандарын байкадым. Жүр чай ичели,  жакшы көргөн тамагыңды жасап койдум” десеңиз болот.

Келечекте таарынышканда ошол эле күнү элдешип алуу жөнүндө сүйлөшүп алгыла. Бул нерсе бардык түгөйлөргө тиешелүү. Таарынып, унчукпай жүрө берүү жубайларды бири-биринен алыстатат.

Мүмкүн болушунча тезирээк элдешип, бул темага экинчи кайтып келбегиле! Сиздин үй-бүлөңүзгө сүйүү жана түшүнүү каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
31.05.2019, 02:00

Макулмун 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
01.06.2019, 01:05

Tuura kenew berildi?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
01.06.2019, 20:25

Куйоонуздун классташтарынын алдында кечирим сура.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт