// //

Насыя алуу үчүн керектүү документтер тизмеси

2019.05.24, 10:18
1749

"Бай Түшүм" Банкынын универсалдуу башкы адиси Гүлдана Боромбаева насыя алуу үчүн кандай документтерди даярдоо керек экенин айтып берди. 

Керектөөчү насыя үчүн зарыл болгон негизги документтер тизмеси:

Күрөөсүз болсо:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
  • кирешесин тастыктоочу документтер;
  • факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат.

Күрөө коюлса:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
  • кирешесин тастыктоочу документтер;
  • факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
  • күрөөгө бериле турган кыймылсыз мүлктүн документтери жана техникалык паспорту.

Кепилдик берүүчү (поручитель) төмөнкү документтерди тапшырат:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • кирешесин тастыктоочу документтер.

Ишкерлер үчүн кошумча документтер:

  • жеке ишкердин катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн/патенттин көчүрмөсү.

Топтук насыя үчүн зарыл болгон негизги документтер тизмеси:

  • топ мүчөлөрүнүн паспорт көчүрмөсү;
  • жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
  • факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
  • кирешесин тастыктоочу документтер.

 

Агронасыя үчүн зарыл болгон негизги документтер тизмеси:

  • паспорт көчүрмөсү;
  • жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
  • жеке ишкердин катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же патент, (насыянын суммасы 250 000 сомдон ашкан учурда);
  • жер тилкесинин бөлүнүп берилгендиги жөнүндөгү мамлекеттик акт же ижара боюнча келишим (жер иштетүү учурунда);
  • күрөөгө берилип жаткан кыймылсыз мүлктүн, транспорт каражатынын документтери (техпаспорт, укук берүүчү документтер, мамлекеттик каттоо кызматынан тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү маалымкат);
  • күрөөгө берилип жаткан кыймылдуу мүлктүн документтери (бар болсо), күрөөгө берилип жаткан мүлктүн ТМЗ баяндамасы.

Бизнес насыя үчүн зарыл болгон негизги документтер тизмеси:

  • паспорт көчүрмөсү;
  • жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
  • кирешесин тастыктоочу документтер;
  • факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
  • кепилдик берүүчүнүн паспорт көчүрмөсү жана кирешесин тастыктоочу документи;
  • бизнес боюнча баштапкы документтердин көчүрмөлөрү;
  • жеке ишкердин катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же патент;
  • күрөөгө сунуштала турган кыймылсыз мүлктүн укук берүүчү/укукту бекемдөөчү документтери (техникалык паспорту, күрөө боюнча тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү маалымкат);
  • күрөөгө сунуштала турган кыймылдуу мүлктүн документтери (болгон учурда), күрөөгө сунуштала турган кыймылдуу мүлктүн баяндамасы жана ТМЗ.

Юридикалык жактар үчүн кошумча документтер:

  • юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүк;
  • устав, уюмдаштыруучу (учредитель) келишим;
  • бизнес план;
  • мамлекеттик салык инспекциясынан жана социалдык фондон карызы жок экендиги жөнүндөгү маалымкат;
  • каржы отчеттору (баланс, киреше, чыгаша, акча каражатынын жүгүртүүлөрү жана СК өзгөрүүлөр жөнүндөгү отчет);
  • керек болгон учурда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт