Насыя алуу үчүн керектүү документтер тизмеси
2019.05.24, 10:18
1945
"Бай Түшүм" Банкынын универсалдуу башкы адиси Гүлдана Боромбаева насыя алуу үчүн кандай документтерди даярдоо керек экенин айтып берди.
Керектөөчү насыя үчүн зарыл болгон негизги документтер тизмеси:
Күрөөсүз болсо:
- паспорттун көчүрмөсү;
- жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
- кирешесин тастыктоочу документтер;
- факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат.
Күрөө коюлса:
- паспорттун көчүрмөсү;
- жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
- кирешесин тастыктоочу документтер;
- факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
- күрөөгө бериле турган кыймылсыз мүлктүн документтери жана техникалык паспорту.
Кепилдик берүүчү (поручитель) төмөнкү документтерди тапшырат:
- паспорттун көчүрмөсү;
- кирешесин тастыктоочу документтер.
Ишкерлер үчүн кошумча документтер:
- жеке ишкердин катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн/патенттин көчүрмөсү.
Топтук насыя үчүн зарыл болгон негизги документтер тизмеси:
- топ мүчөлөрүнүн паспорт көчүрмөсү;
- жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
- факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
- кирешесин тастыктоочу документтер.
Агронасыя үчүн зарыл болгон негизги документтер тизмеси:
- паспорт көчүрмөсү;
- жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
- жеке ишкердин катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же патент, (насыянын суммасы 250 000 сомдон ашкан учурда);
- жер тилкесинин бөлүнүп берилгендиги жөнүндөгү мамлекеттик акт же ижара боюнча келишим (жер иштетүү учурунда);
- күрөөгө берилип жаткан кыймылсыз мүлктүн, транспорт каражатынын документтери (техпаспорт, укук берүүчү документтер, мамлекеттик каттоо кызматынан тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү маалымкат);
- күрөөгө берилип жаткан кыймылдуу мүлктүн документтери (бар болсо), күрөөгө берилип жаткан мүлктүн ТМЗ баяндамасы.
Бизнес насыя үчүн зарыл болгон негизги документтер тизмеси:
- паспорт көчүрмөсү;
- жубайынын паспорту менен нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (үй-бүлөлүүлөр үчүн);
- кирешесин тастыктоочу документтер;
- факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
- кепилдик берүүчүнүн паспорт көчүрмөсү жана кирешесин тастыктоочу документи;
- бизнес боюнча баштапкы документтердин көчүрмөлөрү;
- жеке ишкердин катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же патент;
- күрөөгө сунуштала турган кыймылсыз мүлктүн укук берүүчү/укукту бекемдөөчү документтери (техникалык паспорту, күрөө боюнча тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү маалымкат);
- күрөөгө сунуштала турган кыймылдуу мүлктүн документтери (болгон учурда), күрөөгө сунуштала турган кыймылдуу мүлктүн баяндамасы жана ТМЗ.
Юридикалык жактар үчүн кошумча документтер:
- юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүк;
- устав, уюмдаштыруучу (учредитель) келишим;
- бизнес план;
- мамлекеттик салык инспекциясынан жана социалдык фондон карызы жок экендиги жөнүндөгү маалымкат;
- каржы отчеттору (баланс, киреше, чыгаша, акча каражатынын жүгүртүүлөрү жана СК өзгөрүүлөр жөнүндөгү отчет);
- керек болгон учурда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.