Аялымдын башкадан боюна бүткөнү жакшы. Тукумсуз күйөөнүн баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында балалуу боло албай жүргөнү айтылат.
Жасалма уруктандырууну сунуштады
Бул диагноз жөнүндө жакында билдим. 3 жылдан бери балалуу боло албай, аялым экөөбүз толук текшерүүдөн өттүк. Жыйынтыгын угалы деп барсак, дарыгер мындай деди: "Мүмкүн жасалма жол менен уруктандырууну колдонуп көрөсүңөр."
Албетте, бул кабарды угуу жагымдуу болгон жок. Эми эмне кылышым керек? Келинчегим Нурзада экөөбүз бул темада сүйлөшкөндөн качып, көпкө чейин эч нерсе болбогондой жүрдүк. “Качан балалуу болосуңар”,-деп жарабызга туз сепкендер көбөйдү.
Аялымды күнөөлөп жүргөм
Нурзада менен сүйүшүп баш кошконбуз. 1 жылдан кийин бала темасы козголду. Байкушум күнөөнү өзүнөн көрүп, канча ирет текшерилсе да, анализдери таза чыгып жатты.
Бир күнү, “мүмкүн сен текшерилип көрөсүң”,-деди. Ошондо намыстанып, “мен таза элемин”,-деп бурк эттим.
Тууган-туушкандардын, кошуна-колоңдордун, ата-энемдин жемесин Нурзадам жалгыз көтөрдү. Эркек башым менен жашынып олтурдум.
Нурзадам мени таштап кетсе, чыккынчылык катары эсептебейм
Ажырашуу маселеси көтөрүлгөндө гана бейтапканага барууга макул болдум. Анын үстүнө ата болбой калаарымды ойлой берип чарчап да кеткем. Бардык. Керектүү анализдерди тапшырдык. Күнөө кимде? Албетте менде болуп чыкты. Уролог “азооспермия” деп диагноз койду.
Эгер аялымдын тукумсуз экенин уксам, башка акмак эркектерге окшоп ажырашып кетсем керек.
Дарыгер дарыласа болоорун, эч эле болбосо жасалма уруктандыруу бар экенин айтты. Аялым колдоо көрсөтүп жаныман чыкпайт. Эртең экөөбүз шаарга жөнөйбүз. Бизди дагы кандай сыноо күтүп турганын эч ким билбейт.
Нурзадам мени таштап кетсе, чыккынчылык катары эсептебейм – туура түшүнүп, коё берем. Ушуга чейин аны күнөөлүү кылып келгеним жетишет. Менден болбосо, башкадан боюна бүтүп, бактылуу болсо дейм.
Азооспермия - эркектин бел суусунда уруктун жоктугу (болсо да бир-экөө эле).
Азоспермияда жыныс мүчөнүн функциясы бузулбайт: эрекция болот, жыныстык катнаштан кийин уруктук түшөт. Болгону мындай сперма балалуу болууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Диагнозду уролог гана коет. Жыныс безин кесип, ичиндеги атайын "извитые канальцы" сыяктуу клеткаларды таап эмбриологго берет.
Эмбриолог клеткаларды изилдеп, ичинен урук тапса, алып тоңдуруп коет. Кийин ал киши, балалуу болууну пландаганда тоңдурулган уруктарды ЭКО жолу менен пайдаланат.
Эгер ичинде урук жок болсо, бул көйгөй донордун жардамы менен чечилет.
Себептери абдан көп, айрымдарына токтолсом:
- жыныс безинин сезгениши же жаракат алышы;
- генетикалык бузуулар;
- инфекциялык оорулар;
- жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялык оорулар;
- стресс;
- кан диабети;
- гормондук бузулуулар;
- алкоголь, баңги, чылым ж.б.
Азроспермияны толугу менен дарылоого болот деп айтуу кыйын. Дары-дармектер 10 же 20 пайыз жардам бериши мүмкүн. Жыйынтык бербесе ЭКО же жасалма уруктандырууну сунуштайбыз.