// //

Аялым кумардан эмес, оорудан бакырат. Жыныс мүчөсү чоң эркектердин көйгөйү

2019.05.15, 14:02
27870

Жыныс мүчөсү чоң эркектер аялдар арасында суроо-талап жаратат деген жаңылыш пикир. Себеби, чоң алиги көп учурда көйгөй болуп калышы мүмкүн.

Сүйлөшкөн кызым кумардан эмес, оорудан бакырат

Жыныс мүчөм дүүлүккөн абалда 22 см. Өсүпүрүм кезде досторум, “сеники чоң экен”, - деп таң калышса, өзүмдү чыныгы эркек сезчүмүн. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда гана өлчөм анчейин маанилүү эмес экенин түшүндүм. Сүйлөшкөн кызым көрөр замат таң калды. Жыныстык катнаш учурунда кумардан эмес, оорудан бакырып жатты.

Ылайыктуу ыкма таба албай экөөбүз бир топ кыйналдык.

Көп өтпөй эки жолго түштүк. Себебин айтпасам да белгилүү. Андан кийин 2-3 кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Жыйынтыгы жакшы болгон жок. Өзүмө жыныс мүчөмүн өлчөмү жагат. Болгону айымдар үчүн бул маанилүү эмес экен.

Аялым колдонгонду билбейт экенсиң деди

Жыныс мүчөм эрекция учурунда 23 см. Үйлөнгөнгө чейин көп деле маани берчү эмесмин. Нике түндө аялымдын “ооруду” деп ыйлаганынан кийин ойлоно баштадым. Интернетке кирип карасам, жыныс мүчөсү чоң эркектер чанда кездешет экен. Жыныстык катнаш өзүнчө бир тозок.

Бир позада жата берип тажап кеттик.

Аялым, “мүчөңдү колдонгонду билбейт экенсиң, үйрөнгөнүңчө жатпай эле туралычы”,-деп суранды. Аны деле түшүнүп турам.  

Ылайыктуу презерватив жок

Чоң жыныс мүчөнүн эч кандай пайдасы жок. Меники эрекция учурунда 20 см. Велосипедге, атка, мотоциклге жөн отура албайм, оорутат. Ылайыктуу презерватив табылбайт. Болгондору катнаш учурунда жылмышып ылдый түшүп, айрылып кетет.

 

Жактырган шымдарымды кие албайм.

Көп аялдар мындай өлчөмгө туруштук бере албайт. Ыйлап же бакырып жиберишет. Эртеси чалсаң албайт, телефону өчүк.

Bilesinbi.kg бул боюнча бир нече уролог жана сексологдун пикирин угуп көрдү.

  • Изилдөөлөргө ылайык, эркектердин 4-5 пайызынын гана мүчөсү 20 смдан ашат. Бирок, бул патология эмес, репродуктивдик функциясын (балалуу болуу) толук кандуу аткара берет. 
  • Ырахат алууга жооптуу болгон аялдардын G-точкасы жыныс кынынын алдыңкы катмарында, 5-6 см тереңдикте жайгашкан. Андыктан, кумар алуу жана берүү үчүн жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүү эмес.
  • Жыныстык катнаш учурунда алигиси чоң эркектер аспабын майлап (интимдик гель, мазь, лубрикант) алышы керек. Болбосо, аялдын жыныс кынынын ткандары жабыркайт.
  • Жыныс мүчөсү чоң мырзаларга эркек астында, аял үстүндө позасы ыңгайлуу.
  • Кээ бир учурларда чоң жыныс мүчөлөр оңою менен турбайт. Себеби, эрекция болуш үчүн демейдегиден көп өлчөмдө кан керектелет.
  • Эн маанилүүсү жыныстык катнашта шашпай, жыныс кынга мүчөнү акырындап киргизип чыгаруу керек. Болбосо, аялдын жатыны жаракат алат.

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
16.05.2019, 03:50

???20ны чон десенер,30ду гигант корот экенсинерда. МАКТАНЧААК КОРОЗДОР 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт