Аялым кумардан эмес, оорудан бакырат. Жыныс мүчөсү чоң эркектердин көйгөйү
Жыныс мүчөсү чоң эркектер аялдар арасында суроо-талап жаратат деген жаңылыш пикир. Себеби, чоң алиги көп учурда көйгөй болуп калышы мүмкүн.
Сүйлөшкөн кызым кумардан эмес, оорудан бакырат
Жыныс мүчөм дүүлүккөн абалда 22 см. Өсүпүрүм кезде досторум, “сеники чоң экен”, - деп таң калышса, өзүмдү чыныгы эркек сезчүмүн. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда гана өлчөм анчейин маанилүү эмес экенин түшүндүм. Сүйлөшкөн кызым көрөр замат таң калды. Жыныстык катнаш учурунда кумардан эмес, оорудан бакырып жатты.
Ылайыктуу ыкма таба албай экөөбүз бир топ кыйналдык.
Көп өтпөй эки жолго түштүк. Себебин айтпасам да белгилүү. Андан кийин 2-3 кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Жыйынтыгы жакшы болгон жок. Өзүмө жыныс мүчөмүн өлчөмү жагат. Болгону айымдар үчүн бул маанилүү эмес экен.
Аялым колдонгонду билбейт экенсиң деди
Жыныс мүчөм эрекция учурунда 23 см. Үйлөнгөнгө чейин көп деле маани берчү эмесмин. Нике түндө аялымдын “ооруду” деп ыйлаганынан кийин ойлоно баштадым. Интернетке кирип карасам, жыныс мүчөсү чоң эркектер чанда кездешет экен. Жыныстык катнаш өзүнчө бир тозок.
Бир позада жата берип тажап кеттик.
Аялым, “мүчөңдү колдонгонду билбейт экенсиң, үйрөнгөнүңчө жатпай эле туралычы”,-деп суранды. Аны деле түшүнүп турам.
Ылайыктуу презерватив жок
Чоң жыныс мүчөнүн эч кандай пайдасы жок. Меники эрекция учурунда 20 см. Велосипедге, атка, мотоциклге жөн отура албайм, оорутат. Ылайыктуу презерватив табылбайт. Болгондору катнаш учурунда жылмышып ылдый түшүп, айрылып кетет.
Жактырган шымдарымды кие албайм.
Көп аялдар мындай өлчөмгө туруштук бере албайт. Ыйлап же бакырып жиберишет. Эртеси чалсаң албайт, телефону өчүк.
Bilesinbi.kg бул боюнча бир нече уролог жана сексологдун пикирин угуп көрдү.
- Изилдөөлөргө ылайык, эркектердин 4-5 пайызынын гана мүчөсү 20 смдан ашат. Бирок, бул патология эмес, репродуктивдик функциясын (балалуу болуу) толук кандуу аткара берет.
- Ырахат алууга жооптуу болгон аялдардын G-точкасы жыныс кынынын алдыңкы катмарында, 5-6 см тереңдикте жайгашкан. Андыктан, кумар алуу жана берүү үчүн жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүү эмес.
- Жыныстык катнаш учурунда алигиси чоң эркектер аспабын майлап (интимдик гель, мазь, лубрикант) алышы керек. Болбосо, аялдын жыныс кынынын ткандары жабыркайт.
- Жыныс мүчөсү чоң мырзаларга эркек астында, аял үстүндө позасы ыңгайлуу.
- Кээ бир учурларда чоң жыныс мүчөлөр оңою менен турбайт. Себеби, эрекция болуш үчүн демейдегиден көп өлчөмдө кан керектелет.
- Эн маанилүүсү жыныстык катнашта шашпай, жыныс кынга мүчөнү акырындап киргизип чыгаруу керек. Болбосо, аялдын жатыны жаракат алат.
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет