// //

Өзүнөн 16 жаш улуу аялды сүйгөн студенттин баяны

2019.05.14, 10:23
4016

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Бул ирет "Өзүмдөн 16 жаш улуу айымды жактырып калдым",- деген Бектурдун (аты өзгөртүлдү) баяны айтылат.

Саламатсызбы! Менин атым Бектур, 21 жаштагы студентмин. Көйгөйүм өзүмдөн бир топ жаш улуу айымды сүйгөнүмдө.

Ал ажырашкан, 3 баласы бар, визажист болуп иштейт.

Чачымды алдырайын деп барганда таанышып калгам. Башында жөн эле жазышып жүрдүк. Бара-бара ага болгон сезимдер пайда болду. Билем, туугандарым, ата-энем каршы болот.

Сүйүүмдү билдиргем. Бирок, ал мага турмушка чыккысы келбейт. “Сүйөм, бирок жашооңду талкалагым келбейт. Баш кошкон күндө да бизди тынч жашатышпайт”,-деди.

Досторум, "андан улуурагы жок бекен" деп шылдыңдашат.

Бир жумадан бери сүйлөшө элекпиз. Аябай куса болуп жатам. Үйдүн кичүүсүмүн. Ата-энеме кантип айтсам? Деги эле эмне кылсам болот? Биринчи жолу ушинтип катуу сүйүп калдым.

Тамара Воронцова, психолог

Саламатсызбы Бектур! Учурда сизде сүйүү, кумарлануу болуп жатат. Бирок сүйүү жөн гана каалоо эмес, бул жоопкерчилик! Сүйүктүүңүз жана анын балдары үчүн жоопкерчилик (материалдык, моралдык) ала аласызбы? Балдарды тарбиялап, чоңойтууга, үй-бүлө күтүүгө даярсызбы (муну сөзсүз кыласыз)?

Эркек аял менен канчалык бирге болууну каалабасын, ар дайым акыркы сөз аялда болот! Бул, сунушуңарды айтканда айымдын “ооба” же “жок” деген жообу.  

Жактырган айымыңыздын ички туюмуна ишениңиз, себеби анда балдарынын жана өзүнүн жашоосу үчүн жоопкерчилик бар. Ал эми бирге болуп калсаңар, дагы балалуу болгуңар келет. Кеп жашта эмес, мындай союзда аял менен эркек бир куракта болгон күндө деле башка көйгөйлөр чыгат.  

Эки вариант бар.

Биринчиси, ал макул болсо, жөн гана сүйлөшүп тургула. Кумарлануу (орточо эсеп менен) 1 же 8 айда өтөт. Бул химия, гормон. Анан эмне болот? Анан урмат-сый, камкордук, достук, жоопкерчилик ...

Экинчиси, аял мамиле курууга каршы болсо, аны унутуу үчүн башка кыздар менен дос катары сүйлөшүңүз, жактырган жумушуңуз менен алектениңиз. Эң негизгиси, бардык адамдар үчүн маанилүү болуп саналган максатыңызга багыт алыңыз! Иш, окуу, спорт, чыграмачылык жана башкалар дегендей. Бийиктиктерге жетүүгө умутулуңуз! Ийгиликтүү эркектерди аялдар жакшы көрөт.

Колуңуздан келбей жатса психологго кайрылыңыз. Ал тез арада калыбыңызга келүүгө жардам берет.

Баш тартуудан, азап жана кыйынчылыктардан коркпоңуз - булар эркекти күчтүү кылат! Биз менен болуп жаткан нерселердин баары тажрыйба экенин унутпаңыз! 

Сизге ийгилик!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
15.05.2019, 18:39

Эртен  эле унутуп кетесинер

Ата-эненен аттап ото албайсын 

1-8айда деген туура эле

 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
26.05.2019, 17:38

Гормондорун ойноп эле ушундай болуп жатат... ага алдырба... орозо карма гормондорун тыйылат

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт