Келиним күйөөсүн “байке” дейт. Бир үй-бүлөнүн таң калыштуу окуясы
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Редакциябызга келип түшкөн бул кайын эненин катында, келининин таң калыштуу адаты айтылат.
Саламатсызбы Bilesinbi.kg! Мен силерге таң калычтуу бир окуя айтып берем.
Жакында эле, 24 жаштагы балам үйлөндү. Келиним хиджаб салынат, 21де. Баары жакшы, болгону ал балама “сиз” ,-деп кайрылып, “Актан байке”,-деп чакырат (аты өзгөртүлдү).
Ой тобо, күйөөсүн да байке дейби!? Мен ага, “чогуу жатканда да байке дейсиңби”,-деп айттым. Эч эле укпай койду. Бул адаты кыжырымды келтире баштады. Балама болсо баары бир.
Кошуналар, баламдын достору, туугандар күлүп, шыбырашып калышат. Ал эми келиним кайра өз билгенин кылат. Ага кантип түшүндүрүп айтсам болот? Психологдун кеңешин угайын дедим эле.
Тамара Воронцова, психолог
Урматтуу айым! Коомдогу салттар менен үрп-адаттар өтө чоң мааниге ээ, айрыкча, биздикинде. Сиз жашаган өлкө мурда башка болчу, азыр башка: диний, капиталдык, өзүнүн баалуулуктары бар. Жаңы нерселер ар дайым улуу муун тарабынан кабыл алынбайт.
Азыр жаштар эркектерге, күйөөлөрүнө, досторуна ушинтип кайрылышат, көп учурда мырзалар өздөрү демилгечи болот. Ооба, бул көнүмүш эмес. Бирок, бул алардын чечими болуп саналат! Бизге жагабы же жокпу, алар өздөрү чечет. Кааласа бири-бирин байке десин, кааласа атынан айтсын.
Биздин коом “Эл эмне дейт?” деген принцип менен жашайт, андан өткөн маанилүү нерсе жок. Бирок, жашоодо бул эмес, балдардын бакыты биринчи орунда!
Досторуңузга “бул балдардын чечими, мен аларды ар дайым колдойм”,- деп жооп бериңиз. Уулуңуз башка эркектер сыяктуу эле каршы да эмес экен.
Эгер бул келиниңиздин жалгыз кемчилиги болсо, анда кубаныңыз! Сиз алар менен өмүр бою чогуу жашайсыз, балким, карыганда же ооруганда, ал сизге кам көрөт.
Кыжырданбаңыз! Анын ордуна кызыңыз болсо, кандай болоорун ойлонуңуз, түшүнүп жана кабыл алууга аракет кылыңыз. Келиниңиз да сиздин кызыңыз!
Келининиз уулунузду сыйлаганы учун жана ыймандуу болгондугу учун байке деп кайрылып жатат да. Балким суйлошуп жургондо байке деп атап журуп калыптанып калгандыр. Ыймандуу келиндерге жетпеген канча энелер бар? Келиниздин кадырына жетиниз деп айтмакчымын. Ылайым ыймандуу кыз-келиндерибиз коп болсун!
Азыркы кайненелер кандай тушунбойсун баласынын бактын кызганып...тообаа..
Менин аялым деле мени аке дейт. Биз танышкандан бери аке деп кайрылып жүргөндүктөн көнүмүш адат уланып калган :) Коомдо бул нерсе чоочун болгондуктан ар түрдүү комменттерге кабылат экенсин, бирок бул нерсенин бизге эч кандай таасири болгон жок.
Мурдатан биздин энелер күйөөлөрүн ар кандай ат койуп тергешчү экен азыр деле кездешет. Маданият агымында ар түрдүүсү келет, кошулат, өзгөрөт бирок адамгерчилик өзгөрбөйт. Айткым келген нерсе кандай болбосун, кантип жакындар бирибирине кайрылбасын, сыйды, адамгерчиликти туу тутканыбыз маанилүрөөк деп эсептейм. Баарынарга тынчтык, бакыт жана саксаламаттык.