// //

Апам менен аялымдын согушу айламды кетирди. Жаш күйөөнүн баяны

2019.04.23, 18:15
8984

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында апасы менен аялынын тил табыша албай жатканы баяндалат.

Башында баары жомоктогудай эле

Үйдүн жалгыз уулумун. 3 жыл мурун сүйлөшкөн кызыма үйлөнгөм. 2 жашар кызыбыз бар, ата-энемдин колундабыз. Башында баары жомоктогудай эле. Апам менен келинчегим үй жумуштары менен үйдө, атам экөөбүз келээри кеч бизнес менен алекпиз.

Келинчегимдин боюна бүткөндөн бери апам менен болгон мамилеси бузулду. Өтүп кетет деп анчейин маани берген жокмун. Тилекке каршы, андай болбоду. Барган сайын күчөп барат.

Экөө тең сөзгө келбейт

Апам өзүнүкүн бербейт, бетке айтмай жайы бар. “Улууларды сыйлашы керек”,-деп, аялымдын жасагандарын жактырбайт.

Келинчегим, “кызыбыз ыйлаак, убактым тар, жетишкен нерселердин баарын жасайм, бөлүнүп кетели”,-деп сөзгө келбейт.

Апам, “кетсеңер, кеткиле” деген абалга жетип калдык. Ортодо калдым.

Кайын эне менен келиндин эрегишкенин  уккам, бирок мынчалык болоорун билбепмин. Жубайым менен апама катуу айта албайм. Эмне кылсам болот?

Назира Кубанычбек, психолог

Урматтуу, мырза! Учурдагы абалыңыз сизге оор көрүнгөнү менен чыгуу жолдору жок эмес. Жалгыз уул болуп, ата-энеңиздин көңүлүн караганыңыз кубандырат, бирок сиз өз алдынча үй-бүлө курган адам экениңизди жана ал үй-бүлө сиздин колдооңузга, коргооңузга муктаж экенин эстен чыгарбаңыз.

Ата-энеңиз иштегенине караганда, өтө улгайган эмес деп түшүнүп турам, демек, аларга болгон камкордук, жардам, көңүл бөлүүнү өзүнчө жашап деле берсеңиз болот деп ойлойм. Тиричиликтин майда-чүйдө көрүнүштөрүнөн улам жубайыңыз менен болгон мамилени суутуп албаңыз, ошол эле учурда ата-энеге да өз ордуна ылайык мамиле жүргүзө алсаңыз жакшы болот.

Адамдар арасында конфликт болгону нормалдуу нерсе, аны сүйлөшүү аркылуу же болбосо убакыттын жардамы менен түшүнүү, ылайыктуу мамилени табуу менен чечүү мүмкүн. Бул сыяктуу көйгөйлөр убактылуу, ал эми үй-бүлө түбөлүк экенин ар дайым эстей жүрүңүз.

Маселени ийгиликтүү чечесиз деп ишенем!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
23.04.2019, 19:41

Менде да  ушундай маселе бар ,ата энем иштебейт, уйлонгонубузго 5 жыл болду эки кызыбыз бар кетем деген ойум да жок,болгон да эмес кеңеш бериниздерчи суранам ортодо аябай кыйналам экөөнө тең катуу айталбайм не кылсам болот...?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
24.04.2019, 09:41

Убакыт баарын даарылайт.Бирок Ата эне деген Ата эне,аял табылат Ата эне табылбайт,Сага бироо жакшы Ата энесин жэ аялын бербейт,мындайча айтканда баары Сенин колунда,туура таразаласан баарын женесин

0
Пайдалуу жооп
А
Айбек
24.04.2019, 16:23

Балансы жакшы, Ата энеси жаман болуп калдыбы. Азыр келиндер арамза тили узуун. Ата эне дегенэн кымбатко. Сизда ошонун Ата энесине ошондой мамиле кылып корун эле баат эле озгорот.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
24.04.2019, 18:12

ПСИХОЛОГ НЕ ПРАВ! КЫРГЫЗДЫН САЛТЫНА САЛТЫНА САЛСАК , АТА ЭНЕНИ ТАШТАБАШЫН КЕРЕК ЖАЛГЫЗ УУЛ БОЛО ТУУРА, АЛАР СЕНИ КИИН ЧЫГЫП КЕТИШ УЧУН ТАРБИЯЛАГАН ЖОК! КАТЫН ЖОЛДО,БАЛА БЕЛДЕ..

АТА ЭНЕНДИ ЭЧКИМ ТУУП БЕРБЕЙТ КАЙРА,АЗЫР ЖАШСЫН КИИН ОКУНОСУН.КЕЛИНЧЕГИН КЕТКЕННЕН КИИН ДАГЫ ХАРАКТЕРИН КОРГОЗБОЙТ ДЕГЕНГЕ КИМ КЕПИЛ? КЕЛИН БОЛСГОНСОН ЧЫДАШ КЕРЕК. СЕН ОЗУ ЖУМШАК ЭКЕНСИН ,ТОК ЭТЕР ЖЕРИН АЙТЫП ТУШУНДУР АЯЛЫНА..

ЧЫДАСАН УШУЛ,ЧЫДАБАСАН ОЗУН БИЛ ДЕП ЭРКЕКЧЕ, АНЫН БААРЫ УБАКТЫЛУУ..

 

0
Пайдалуу жооп
06.05.2019, 09:22

Катын жолдо, бала белде деп журуп канчалаган кыздар башка улутка кор болуп жатат.. Анан эле баатыр болуп, уяткарып шыр эле интернетке чыгарат. Тушунуш кыйын болуп калды... Туура ата-эне ыйык, бирок апа менен аялдын орток тилин табалбаса деги кандай эркек..? Ойлонуп суйлогулочу. Озунун башындагы чопту корбой, бироонукун тоодой коросунор.

0
Пайдалуу жооп
Г
Гулмайрам
22.05.2019, 17:22

Аялынызга келип апам сени урушканы менен артынча негизи ото жакшы корот,сени мактайт,урушпа,катуу тийбе дейт,сага катуу суйлогону просто тарбиялаганы деп коюнуз.Ал эми апанызга келининиз сизди ото жакшы корот,сизди айтып мактанып журот,болунуп кетелиби десем жок энемдерди таштап кетсек болбойт деп кайгырат у.с.создорду айтыныз,апа сиздики туура ал чынында эле уй иштерине жетишпей атам деп мойунуна алып жатат деп айтыныз.

Кыскасы соз менен жайгарса боло турган иш ,аялды да кетирбениз уйдон да кетуунун кереги жок, болгону буулбаныз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт