// //

Бала уурдоо. Кантип сактануу керек? Ата-эне жана бала үчүн 10 эреже

2019.04.22, 17:06
3246

Баланы уурдагандар 3 топко бөлүнөт: баланын өмүрү үчүн акча талап кылгандар, зордуктагандар жана асырап алуу үчүн уурдагандар. Акыркы эки топко психикалык жактан жабыркагандар кирет.

Жүрөктүн үшүн алган статистикага ылайык, сексуалдык каалоосун канааттандыруу үчүн уурдалган балдардын 3 сааттык гана убактысы бар. Андан кийин кылмышкер курмандыгын өлтүрөт. Дагы бир статистикалык маалымат боюнча балдарды уурдоо жаз мезгилинде көбүрөөк болот.

Bilesinbi.kg ата-энелерге балдарына эмнелерди айтып берүү керек, жана аны уурдоо аракети көрүлсө эмне кылуу керектигин айтып берет.

№1. Тааныш-эмес кишилерге “жок” деп жооп бергенди билсин.

Тааныш эмес адам менен сүйлөшүүдө ашыкча сылык, жана маданияттуу болуунун кереги жок. Башка бирөөнүн кандай болбосун сунушуна, же жардам сурап кайрылганына “жок” деп жооп бергенди билсин. Чоң киши эч убакта кичине балдарга жардам сурап кайрылбайт.

№2. Тааныш жана тааныш эмес адамдар ким экенин так аныктап алгыла

Изилдөөлөргө ылайык, балдар түрү суук, начар кийинген, орой адамды гана кооптуу деп эсептеп, жакшы, таза кийинген, жылмайып мээримдүү сүйлөгөндөргө ишеним артышат экен. Ошондуктан балага ата-энеге, жакын туугандарга, кошуналарга жана мектеп мугалимине гана ишенүүгө болот, деп айтыңыз. Чоочун бирөөнүң “сени апаң же атаң чакырып жатат” деген сөзүнө эч качан ишенбесин. “Мен ар дайым сени өзүм чакырам”, - деп үйрөткүлө.

№3. Катуу кыйкырсын

Эгер балаңызды тааныш эмес бирөө кучактаса, кармаласа, күчкө салып алып кетип баратса, так жана болушунча катуу кыйкырсын. “Мени уурдап баратышат!”, “Мен бул кишини тааныбайм!”, “Бул менин апам (атам, байкем,) эмес!”, “Мени кармабагыла!”, “Мен сизди тааныбайм!”- дегенде элдин көңүлүн өзүнө бурат, жанындагыларга эмне болуп жатканы дароо түшүнүктүү болот.

№4. Телефондун номерин өзүңүзгө каттатыңыз

Мындайда мобилдик операторлор баланын телефону кайсы жерде экенин дароо аныктап бере алышат. Кылмышкерлер телефонду ыргытып салган күндө да алардын кайда экенин табууга кыйла жеңил болот.

№5. Ата-энесинин номерлери баланын телефонунда “быстрый набордо” болсун

Баланын телефонундагы “быстрый наборго” өзүңүздүн номерлериңизди киргизип койсоңуз, бир кнопканы басуу менен сизге телефон чала алат.

№6. Баланын телефонуна GPS-навигатор орнотуп бергиле, же gps-трекер колдонгула

Баланын кайсы жерде экенин так аныктоо үчүн gps-трекер, же “Где мой ребенок” тиркемесин колдонуңуз. Бул тиркемелер, баланын жанындагы добуштарды, үндөрдү угууга жана алар аркылуу анын кайсы жерде экенин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

№7. Баланын кайсы жерде окуганын жана окусунун графигин сүрөткө тартып социалдык тармактарга чыгарбагыла

Ар бир ата-эне баласы менен сыймыктанып, ал тууралуу башкаларга айтып бергиси келет. Бирок коопсуздук үчүн, балдардын жарым жылаңач сүрөттөрүн, бакчасын, окуган мектебин, жана сабактарынын графигин социалдык тармактарга чыгарбай эле койгон оң.

№8. Социалдык түйүндөрдөгү баракчасын көзөмөлдөгүлө

Досторунун тизмегин карап чыгып, кандай группаларга кошулганын көрүңүз. Балаңыз эмнелерди жазат, жана ага эмне деп жазышат кызыгып сураңыз. Сөзсүз анын уруксатын алып, бул коопсуздук үчүн керек экенин түшүндүрүңүз.

№9. Каршылык көрсөткөндү билсин

Эгер машинага түртүп, салып кетүү аракети көрүлсө, дароо жерге отура калып же жата калыш керек, катуу кыйкырып, тиштеп, теминип, болушунча каршылык көрсөт, деп үйрөтүңүз. Көбүрөөк элдин көңүлүн өзүнө бурсун, жанында дүкөн же үй бар болсо терезесин таш менен чапсын.

№10. Из калтырсын

Эгер болбой эле салып кетишсе, кандайдыр бир белги калтырсын: топусун, дептерин же китебин, оюнчугун. Мүмкүнчүлүк пайда болоору менен ата-энесине телефон чалып байланышсын.

Ар дайым балаңыз менен сүйлөшүп тургула, ортоңордо ишенимдүү мамиле кургула. Анын сиз менен бөлүшкөн сырларын кунт коюп уккула. Киберкоопсуздук эрежелерин сактагыла, эч качан паникага алдырбагыла. Балаңар жоголсо, тааныштар, туугандар, коңшулар, классташтар, мугалимдер ж.б. менен байланышып, сураштыргыла. Дароо милицияга кайрылгыла.

Урматтуу ата-энелер, эгер сиз шектүү бирөө башка баланы алып кетүү аракетин жасап жатканын көрүп калсаңыз, жанына басып барып, баладан “эмне болду?”, “сен бул кишини тааныйсыңбы?” деп сураңыз. Сиздин көңүл бурганыңыз кылмышкерди чочутат, себеби ага ашыкча күбөлөрдүн кереги жок. Жөн гана көңүл бөлүүңүз менен бир баланын өмүрүн сактап калышыңыз мүмкүн. Кайдыгер болбоңуз.

Маалмат Kaktakto.kg сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт