Оор жумушка тартылган балдардын жыныс органдары кеч өрчүйт

2018.08.24, 09:58
5034

Кыргызстанда жумушка тартылган бойго жете элек балдардын саны азайбай келет. Балдарыбыз көбүнчө талааларда, базарларда иштешет. Балдарды оор жумушка тартуу- алардын саламаттыгына, келечегине кандай таасир берээри тууралуу түз эфирибиздин коногу Эл аралык эмгек уюмунун улуттук координатору Амина Курбанова ой бөлүшүп, окурмандардын суроолоруна жооп берди. 

Саламатсыздарбы, мен 12 жаштамын. Канчага чыкканда иштеп, акча таба алам?

Саламатсызбы, урматтуу өспүрүм! Эмгек кодексине ылайык 16 жаштан баштап иштесеңиз болот. Өзгөчө учурларда 14кө чыкканда уруксат берилет. Бирок ата-эненин же бала кимдин камкордугунда болсо, ошонун уруксаты менен гана. Ошол эле учурда ата-эне балага жумуш берүүчү менен эмгектин шарттары, мүнөзү камтылган эмгек келишимин түзүшү керек.

Балдар эмгеги – баланын өнүгүүсүнө, ден-соолугуна, билим алуусуна зыян тийгизген эмгек.

Саламатсызбы! 16га чыга элек балдар күнүнө канча саат иштейт?

Саламатсызбы, урматтуу суроо берүүчү. Эмгек кодексине ылайык 14-15 жаштагылар жумасына 24 саат (күндө 2 -2,5 саат), 16-17дегилер жумасына 36 саат иштеши керек.

Үйдө жалгыз баламын. Апама жардам бериш үчүн оор жумуштарда иштейм. Иштебей койсом дагы болбой калат. Эмне кылам?

Сиздин суроо классикалык суроолордон. Абалыңызды толук билбей туруп, так жооп бере албайм. Кандай шартта, канча саат иштейсиз дегендей. Жакшысы жашаган жериңиз боюнча социалдык коргоо органдарына кайрылыңыз. Үй-бүлөдө жалгыз бала жана багуучу болсоңуз, алар оор болбогон алтернативдүү жумуш табууга жардам бериши керек. Ар бир абалдан чыкса болот. Сизге ийгилик каалайм!

Саламатсыздарбы! Балдарын иштетип жаткан ата-энелерди эксплуататор деп айтса болобу? Алар жоопко тартылабы?

Саламатчылык, албетте жоопко тартса болот. Эгерде статистиканы  алып карасак, таалаа жумуштарында иштеген балдардын 95 пайызы ата-энелери менен бирге иштейт. Мындайча айтканда, ата-энелер - жумуш берүүчүлөр, эксплуататор. 18 жашка чейин организм жетиле элек болгондуктан, оор жумуш баланын ден-соолугуна зыян. Эмгек кодексине ылайык өспүрүмдөрдү жумушка алган жумуш берүүчү белгилүү бир эрежелерди сактабаса жоопко тартылат. Үй-бүлө кодексинде ата-эне балдарын оор жумуштарга тартса ата-энелик укугунан ажыратып дагы коюшу мүмкүн.

Бала 18 жашка чейин ден-соолугуна кооптуу болгон жумуштарга тартылбашы керек!

Биз иштеп эле келгенбиз. Кудайга шүгүр жумуштан эч кандай жамандык көргөн жокпуз. Балдар иштесе кайра жакшы.

“Совет учурунда биз иштегенбиз, эч нерсе болгон жокпуз” деген пикир бүгүн эскирди.  Биринчиден, советтер союзунда болгондордун баарын туура деп айтууга болбойт. Балдарды, мугалимдерди ж.б жумушка алып чыгуу - мажбурлаган эмгек. Экинчиден ата-энелерибиз иштеген убакта шарттар башка болчу. Таза суу, тамак-аш, медицина жеткиликтүү эле. Балдар мектепти калтырбай билим алышчу. Баары көзөмөл астында эле. Бүгүн  балдарды эч ким карабайт. Өмүрүндө бейтапканага барбаган балдар бар. Чоңдордун оорусу менен ооруган балдар көбөйүүдө. Азыр согуш маалындагындай экономиканы аялдар жана балдардын ийнинде курган заман эмес. Эмгек эксплуатация эмес, балдарды атайын бир көндүмдөргө үйрөтүүчү, билим берүүчү болушу керек.

15 жаштамын. Жайында иштеп, бирок акчамды алал албай калдым. Эмне кылсам болот?

Өкүнүчтүүсү, көп балдар эмгек тууралуу укутарын билбей туруп жумушка орношуп алышат. Жыйынтыгында акчасын ала албай калышат. Биринчиден сизде эмгек келишим барбы? Эгерде бар болсо ар бир региондо эмгек боюнча инспекциялар бар, ошолорго кайрылсаңыз, жардам беришет. Эгерде эмгек келишими жок болсо, акчаны кайтырып алуу кыйынга турат.

Эмгек тарбиясы – мисалы, үй жыйнаганды, тамак жасаганды, бакчада чөп отоп, суугарганды үйрөткөн, билим берүү процесси. Коопсуз, ден-соолугуна зыян эмес, билим алуусуна тоскоол болбойт.

Саламатсыздарбы, күзүндө эмгек-талаа жумуштары башталат. Ошондо мугалимдер өздөрү  баш болуп мектепке келбей калат. Алар жоопкерчилик алабы?

Саламатчылык, сиз туура айтып жатасыз. Өткөн жылы Билим берүү министрлиги менен Ош, Жалал-Абад региондорун кыдырып, мониторинг жасадык. Ошондо кээ бир мектептер жабык экен. Буга жол берилбейт. Эгерде фактылар болсо тезинен билдирүү керек. Мыйзам алдында жоопко тартылышат.

Саламатсызбы, Амина эже! Мен 14 жаштамын. Укуктарым тууралуу кайдан окуп алсам болот?

Өз укуктарыңызды билүүгө ашыгып жатканыңыз абдан жакшы. Сиз Конституция, Балдар укуктары тууралуу конвенция, Эмгек кодекси, балдар тууралуу кодекстен маалымат алсаңыз болот. Ошондой эле биздин https://www.ilo.org/global/lang--en/index.htm сайтынан көптөгөн нерселерди биле аласыз.  

Кыргызстанда канча бала иштейт айтып бере аласызбы?

Албетте, статистика комитетинин 2014-2015-жылга карата берген маалыматы боюнча Кыргызстандагы балдардын 39% (580 565 бала) иштейт. Ар бир үчүнчү бала оор жумуштарга тартылат. Борбордук Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу биздеги көрсөткүчтөр жогору. Бул абдан өкүнүчтүү.

Балдар иштесин. Бирок коопсуз шарттарда, ден-соолугуна, келечегине терс  таасир тийбегендей болсун.

9-классты бүтүп окууга өтө албай калдым. Учурда байкем менен иштейм. Билим алып, жогорку окуу жайларга тапшыргым келет.

Урматуу окурман, эгерде сиз Бишкек шаарында болсоңуз, 10чу жана 94-кечки мектептер бар. Жумуштан кийин барып окуп, аттестат алсаңыз болот, баары бекер. Ал эми региондордо акы төлөнтөт.

Азыр 16 жаштамын. Ата-энем кичинемден “бышык болосуң” деп жумушка беришкен. Боюм дагы өспөй калды. Эми эмне болот?

Оба, баланы эмгек менен тарбиялаш керек. Мисалы, идиш жууганды үйрөтүп, дүкөнгө жиберип деген жөндөмдөргө. Биз айтып жаткан эмгек таптакыр башка. Биз иштеген жана иштебеген балдарды салыштырып көрсөк, чындыгында иштеген балдардын 100 пайызы физикалык өсүүдөн (салмак, бой) артта калат экен. Эң жаманы оор жумуш репродуктивдик системасына дагы таасир берет. Оор жумушка тартылган 14-15 жаштагы балдардын жыныс органдары 10 жаштагыдай болгон. Медиктер өздөрү мындай жыйынтыкты күткөн эмес. Оба, учурунда байкалбашы мүмкүн, бирок келечекте албетте терс таасирин берет.

Баланын организми толук жетилип буткөндөн киийн, 18 жаштан баштап жумушка тартса болот.

Эмгек кылса кайра жакшы, физикалык көнүгүү болот.

Биз айыл-чарбада жана базарда иштеген балдарга изилдөө жүргүздүк. Мисалы, базарда иштеген бала күнүнө 200-300 кг оор жүк көтөрүп, 9000 жолу ийилет. Бул жаш организм үчүн чоң басым. Эгерде сиз үчүн бул көйгөй нормалдуу болсо, туура эмес ойлойт экенсиз. Иштебегиле деген жокпуз, болгону бала кайда, канча саат иштейт, шарты кандай көзөмөлдөшүбүз керек.

Мени ата-энем тайкемдердикине жайлоого мал караганы жиберип коет. Мен баргым келбейт. Эмне кылсам болот?

Бизге кайрылганыңыз үчүн чоң рахмат. Өспүрүм үчүн мал менен иштөө кооптуу. Ал жактан паразиттерди, бруцеллез сыяктуу ооруларды жуктуруп алышы мүмкүн. Ошол эле мал төлдөп жатканда балдар чоңдор менен кошо жүрө берет. Буга тыюу салынат. Ата-энеңизге түшүндүрүп айтыңыз, болбосо 111 акысыз ишеним телефонуна чалсаңыз, сизге жардам берүүгө даярбыз.

12 жаштамын. Үй куруп жатабыз. Байкемдер кирпич ташытып коёт. Кечинде белим ооруду десем, “өлүмүштөнбө” дешет.

Бала үчүн курулуш кооптуу сектор. Мисалы, кирпич ташыйм деп жатасыз. Канча саат ташыйсыз деген суроо жаралды. Бир-эки кирпич алып берип жардам берип койсо болот. Бирок, бир күн кечке оор жумуш аткаруу өтө кооптуу. Омурткаларга, сөөк, бөйрөктөргө зыяны тиейт. Ата-энеңизге абалыңызды айтыңыз.

Балдар билим алып, бала бойдон калышы керек!

Эгерде кимде ким сырын айткысы келсе, же жооп таппай жүрсө, www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолорун узатса болот. “Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду ар бир өспүрүмгө же жаштарга жеке алып берет.

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт