// //

Чукул фонд. Күтүүсүз чыгымдар үчүн кантип акча топтосо болот?

2019.04.03, 10:34
1329

Чукул фонд – бул күтүүсүз чыгымдарга калтырылган каражат. Ал жок болсо, ар кандай көйгөйлөр жаралган учурда, коркунучтуу алтернативаларга (күрөөканага баруу, туугандардан карыз алуу, биринчи маанидеги чыгашаларды кыскартуу) барууга аргасыз болобуз. Ошондуктан чукул фонд түзүү абдан маанилүү.

Чукул фондду унаанын коопсуздук жаздыгы менен салыштырууга болот: айдап баратып кырсыкка кабылганда аман калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Чукул фондду ири чыгымдарды жапкан каражат булагы катары кароо туура эмес (жер титирөө же селден бузулган үйдү оңдоо). Мындай учурларда, камсыздандыруу сыяктуу башка мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек.

Күтүлбөгөн чыгымдар канчалык көп болсо, алар менен күрөшүү оор жана кымбат болот.

                                              Күтүлбөгөн чыгашалар

Күтүлбөгөн/чукул окуялар ( өтө чоң эмес чыгымды талап кылган)

 

 Алар менен кантип күрөшсө болот?

·        Оорулар 

·        Кир жуугуч машинаны оңдоо

·        Сантехниканы оңдоо (жарылган түтүктөр)

·        Күтүүсүз сапар

·        Унааны оӊдоо

·        Ылдамдыкты жогорулаткан үчүн айып пул төлөө

·        Велосипед оңдоо

·        Кийим оңдоо

·        Аманаттар

·        Туугандардан карыз алуу

·        Кээ бир нерселерден арылуу менен чыгымдарды кыскартуу

·        Өз алдынча ремонт жасоо

·        Кошумча кирешелер (такси кызматын көрсөтүү)

·        Күтүлбөгөн чыгымдардын бюджетин пландоо

·        Накталай төлөмдөр ( мисалы, продукция же товарлар менен)

                                   Бир кыйла чыгашаны талап кылган

·        Уурулук

·        Өлүм

·        Чатырдын кыйрашы

·        Өрт

·        Камсыздоо

·        Сактоо

·        Батирди суу каптоо

·        Олуттуу оорулар

 

 

·        Камсыздоо

·        Аманаттар

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу үчүн камсыздандырууну колдонсо болот. Мисалы, камсыздандыруу компаниясы селден же жер титирөөдөн бузулган үйдү калыбына келтирүүгө жардам берет. Ал эми, сыналгы бузулуп калса, камсыздандыруу жакшы чечим эмес.

Күтүүсүз чыгымдарга жана чукул фонддо калтырылган каражаттардын өлчөмүн аныктоо

  • Чукул фонд үчүн зарыл боло турган чыгашалардын тизмесин түзүү
  • Ай сайын жалпы суммасын эсептөө
  • Ай сайын чукул фондко канча сумма бөлүнө турганын чечүү
  • Бөлүнгөн каражаттар кайда сакталаарын чечүү (өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда, бул каражаттарды дароо колдоно ала тургандай жер болушу керек).

Төлөм карталарын колдонуунун кандай пайдасы бар? Адис айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт