// //

Ырыскысын талаадан тапкан ишкердин ийгилик сыры

2019.03.20, 12:10
1707

Иштин көзүн таап, кадыр-баркка татыган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кош-Терек айылынын тургуну Таалайбек Качиев ийгилик сыры менен бөлүштү.

Болгар калемпири менен ашкабакты кургатып заводко тапшырабыз

Берекени талаачылык иштеринен издегениме ондогон жылдардын жүзү болду. Болгар калемпиринин ачуу жана таттуу сортторун өстүрөбүз.

15 гектарга чукул жерден орто эсеп менен жыйналган 6-7 тонна ачуу калемпир, 3-4 тонна таттуу калемпир, 2 тоннага жакын ашкабакты кургатып, келишимдин негизинде Сокулук районунун Шопоков айылындагы «Татымал» групп фирмасына тапшырабыз.

Талаа иштеринде жергиликтүү тургундардан 25-30 адам эмгектенсе, кургатуу иштери үчүн 4өөнү жумуш менен камсыз кылганбыз.

Таңгактоочу жабдык менен кондитердик цехибиз да бар

Дыйканчылык түйшүгүнөн тышкары таңгактоочу атайын жабдыктарды иштетебиз. Азыркы учурда күнкарама өсүмдүгүн таңгактап жаткан кезибиз. Дүкөндөрдө көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган куурулган кара семечкалардын айрымдары биздин жабдыкта таңгакталат. Аталган техниканы «Айыл Банктан» алган насыяга сатып алганбыз.

Үй-бүлөлүк бюджетибизди кондитердик чакан цехибиз дагы толуктайт. Анда кекстин төрт, печеньелердин жети түрү, жалпысынан он түрдүү продукция өндүрүлөт. Таттуулар Ала-Бука районундагы базарларга жөнөтүлөт.

Ийгилигибиздин сыры «Айыл Банк»

Көптөгөн тааныштарыбыз "тез арада кантип ийгиликке жеттиңер",-деп кызыгышат. Бул ийгилигибиздин башаты «Айыл Банк».

Алгач чочулап турсак да насыя алып, короо-жайыбызды оңдодук. Экинчи ирет насыя алып жер иштеттик, үчүнчүсүндө таңгактоочу жабдык алдык, кийинкилеринде кондитердик цех ачтык. Ар бир алган насыябызды ийгиликтүү пайдаланып, иштин көзүн таап кеттик.

Банктын айыл чарбасына, мал чарбасына түзүп берген шарттары карапайым калктын купулуна толуп, ишкерликке жаңыдан кадам таштагандарга ишенимдүү тирек болуп келүүдө. 

Бүгүнкү күндө документтерибизди топтоп, дагы насыя алганы турабыз. Эң башкысы кардарлардын кызыкчылыгын эске алып, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша акчаны төлөөгө шарт түзүп берген “Айыл Банкка” алкыш айтабыз.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт