Командировкага кетсем, апам аялымды кууп жибериптир. Бир жигиттин баяны
Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.
Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында апасы менен келинчеги тил табыша албай жүргөнү айтылат.
Келинине өз колу менен жоолук салган жок
Саламатсыңбы bilesinbi.kg! Аз да болсо жеңилдеп калаармын деген ниет менен, силерге өз окуямды айтып бергим келди.
27 жаштамын. Үч бир тууганбыз, үйдүн жалгыз уулумун. Шаардагы жеке фирмалардын биринде иштейм.
Атам каза болгондон кийин апам турмушка чыккан жок. Чынын айтайын, апамдын мүнөзү чорт. Анысынын айынын башка бирөөлөрдү бери кой, туугандар менен катташпайбыз.
25 жашымда үйлөндүм. Келинчегимди үйгө алып келсем сүйүнгөн жок, жоолукту да өз колу менен салбай, кошуна эжеге карматып койду. Апамдан муну күткөн эмесмин...
Тамдын аркасында ыйлап отуруптур
Аялым жоош, байкушум апамдын кылыктарына жакшы эле чыдады. Бир күнү жумуштан эрте келсем, тамдын аркасында ыйлап отуруптур. Эмне болгонун сурасам, “өзүнчө эле жашайлычы”,- деди. Эртеси командировкага кетмекмин, келгенден кийин бөлүнөлү дедим.
Бир жумадан кийин үйгө келсем келинчегим жок. Апаман кайда экенин сурасам, “Сен кеткенден бери үйгө турбай калды, түндө бир машина менен келет. Катуу урушуп койсом, таарынып кетип калды”,-деди.
Телефонуна чалсам өчүк. Үйүнө бардым. Келинчегим чыкты. Көрсө, мен кеткенден кийин апам, “биринчи аялына кетти, ал жакта баласы бар, жакшы эме болчу, сени жолуктургандан кийин ажырашып кетишпедиби”,-деп айтыптыр. Албетте, келинчегим ишенген эмес. Эртеси, “балам келгенче чыгып эле кеткениң жакшы”,- деп өз колу менен кийимдерин салыштырып бериптир.
Экөөбүз үйгө бардык. Баары чын болуп чыкты. Бөлүнө турганымды айтсам, “мындан ары уулум эмессиң”,-деп ары карап басып кетти.
Небериси жөнүндө сурабайт
Учурда өзүнчө жашайбыз. Бир уулубуз бар. Ишенесизби, балам төрөлгөндө апам басып да келген жок, акыбалын билейин деп үйгө барсам, небереси жөнүндө бир ооз сурабайт. Кокус, аялым менен барчу болсом, терезеден көрүп эшикти ачпайт. Келиниңиз берди деп белек берсем, “алып кет”,- деп урушат.
Апамды жакшы көрөм, мүнөзүнө көнүп деле калдым. Болгону уулум чоңоюп, чоң апасы жөнүндө сураса эмне деп айтам деп ойлоном.
Азыр эжем үй-бүлөсү менен апамдын жанында. Күйөө баласын, алардын балдарын жакшы көрүп, бөпөлөп турат. Кызык...
Тамара Воронцова
Психолог
Урматтуу мырза, сиз – бой жеткен адамсыз, 27 жаштасыз, үй-бүлөнүн башчысы жана атасыз. Баары кандай болушу керек болсо, ошондой болот.
Үйдүн кичүү уулу ата-энеси менен жашашы керек деген салтка карабастан, бүгүнкү күндө жаштар өзүнчө турушат. Бул туура чечим! Себеби дароо бөлүнүп кетпесе, аягы чыр-чатак менен бүтүшү мүмкүн. Же, бөлүнбөй калышса, аял жек көрүү жана депрессия менен жашап, күйөөсү үйүнө барууну каалабай калат. Мындай көрүнүш көпчүлүк үй-бүлөлөрдө болот.
Үй-бүлөңүз менен жашай бериңиз, апаңыздан кабар алып туруңуз. Той, шуба сыяктуу эмес, керектүү учурларда (оору, операция, ремонт...) жардам берип, өзүңүздүн үй-бүлөңдү камсыз кылып, балаңызды да чоңойтушуңуз керек экенин унутпаңыз.
Апалардын кызы жана күйөө баласы менен жакшы мамиледе болушу – бул классика: кыз өзүнүкү, келин өзгөнүкү. Кызын сүйсүн деп күйөө баласынын көңүлүн алат. Чогуу жашай беришсин, апаңызды караган бирөөлөр бар, сиз үчүн кайра жакшы. Жалпысынан алып караганда, ата-энелер менен алар карып же ооруп, өздөрүнө кам көрө албай калганда жашаш керек.
Уулуңузга, чоңоюп, үй-бүлө курганда дароо өзүнчө жашашы керек экенин түшүндүрүңүз. Ошондо гана эркек күйөө жана үй-бүлө башчысы болот. Болбосо, өмүр бою өз алдынча чечим чыгара албаган кичинекей бала бойдон калат.
Ал эми азыр болсо, жагдайды кабыл алып, тынч жашай бериңиз. Аялыңызга, “сени кимибиз жакшы көрүүсүн каалайсың, мен же апам ?”- деп сураңыз. Албетте, ал сиздин сүйүүңдү каалайт!
Бактылуу болуңуз!