Шпаргалка: төшүбүзгө туура кийим тандайбыз
Көпчүлүк аялдар өздөрүнө ылайыктуу эмес, жактырган бюстгальтерин сатып алышат. Жыйынтыгында ал кысып же чоң келип ыңгайсыздык жаратат. Келиңиздер, төшүбүздү кыйнабай, ага туура кийим тандап берели.
- Өлчөмүн ченеп алабыз
Төшүңүздүн ылдый айланасын
Мисалы, 78,7 см болсо, сиздин бюстгальтердин көлөмү 80 же 76 болот.
Төштүн өзүнүн айланасын
Чөйчөкчөлөрдүн өлчөмүн алабыз
Чөйчөктөрдүн өлчөмүн аныктоо үчүн төштүн ылдыйкы өлчөмүнөн, төштүн өзүнүн өлчөмүн кемитип коесуз.
Чөйчөктөдүн өлчөмү:
- 10-11 AA (0)
- 12-13 A (1)
- 13-15 В (2)
- 15-17 С (3)
- 18-20 D (4)
- 20-22 DD (5)
- 23-25 E (6)
- 26-28 F (6+)
- Төмөнкү таблицаларды карап, өзүңүздүн өлчөмүңүздү аныктап алыңыз
3. Дүкөнгө кеттик
Колдон келишинче ич кийимдерди ачык жайлардан эмес, дүкөндөрдөн алганга аракет кылыңыз. Бара калып эле колго тийгенин албай, тандоого эң аз дегенде бир саат сарптаңыз.
Жок эле дегенде, ар башка өндүрүүчүлөрдөн 10 бюстгальтер кийип көрүңүз. Жылмакай чөйчөктүү классикалык бюстгальтерлер мыкты тандоо. Ошондой эле балконет, пуш-ап, корбей түрлөрүн ченеп көрүүнү унутпаңыз.
- Биринчи, өзүңүздүн ченөөңүз боюнча алынган өлчөмдүн үлгүсүн кийип көрүңүз. Мисалы, 75В.
- Экинчи, чөйчөктөрү кичинесин кийип көрүңүз.
- Үчүнчү жуп бели кууш болушу керек. Бул 70В болуп саналат.
- Төртүнчү түгөйдүн чөйчөктөрү чоң болсун, 75С.
- Моделдердин ар бирин үч параметр боюнча текшериңиз: кур, чөйчөк жана бретел.
Бюстгальтерди өлчөп жатканда илгичин акыркы катарга бекитиңиз. Көп кийгенде кездеме чоюулуп калат, ошондо гана биринчи катардагы оюктарга бекитесиз.
Туура эмсе тандалган бюстгальтер кантип олтурат?
Төш өтө эле өйдө көтөрүлүп, сыртка чыгып калат.
Төштүн жарымы алдынан сыртка чыгып калат.
Бюстгальтер тагынбагандай болуп, төш салаңдап калат.
Чөйчөкчөлөрү чоң болгондуктан, бырышып калат.
Лифчиктин аркасы көтөрүлүп калат.
Чөйчөкчөлөр кичине болуп, төштүн жарымы чыгып калат.
Кеңештер
- Сапаты төмөн бюстгальтерлерди арзан экен деп ала бербеңиз.
- Эгерде бюстгальтериңиз калыбын көпкө сактап, чоюлбасын десеңиз, бир бюстгальтерди кийип жүрө бербеңиз. Сизде жок эле дегенде, үч даана болушу керек.
- Бюстгальтерди өлчөп көрмөйүн эч качан сатып албаңыз.
- Бирөөлөрүн кеңешин угуп, ушул туура келет десе укпаңыз. Өзүңүз гана тандаңыз.