// //

Эмне үчүн Кыргызстандагы иш берүүчүлөр эмгек шартын өзгөртүп жатышат?

2019.03.15, 17:04
1339

Кыргызстандагы  HR-адистердин коомчулугу, рыноктогу  HR  багыты мурда эле  трансформациялангандыгын ырасташууда.  Ири компаниядагы бөлүмдүн адиси бир гана персоналды тандоо менен жана адистик документ жүгүртүү менен алектенбестен, эмгектин ыңгайлуу шарттарын түзөт жана ар бир кызматкердин потенциалын ачат.

Beeline Кыргызстан компаниясынын HR-Директору Айнура Кошоеванын демилгеси боюнча түзүлгөн коомчулук   2016-жылдан баштап иштейт.  Анын мүчөлөрү болуп ар кайсы мекемелердин адистери саналышат: коммерциялык банктар, алтын казуучу жана телекоммуникациялык компаниялар, мейманкана жана ресторандык бизнес жана башкалар. Персоналды башкаруу тармагындагы эксперттер идеялары менен алмашып, мыкты практикалар менен бөлүшүүгө, күнүмдүк проблемаларды талкуулоо үчүн компаниялардын кеңселердин биринде мезгил-мезгили менен  чогулуп турушат. Жолугушууга HR-индустриядагы тренддер  жөнүндө айтып беришкен мейман спикерлер да чакырылышат. 

Акыркы  HR-Meetup  жаңы мейкиндикте -  SkyX'те чогулушту, анда  Beeline компаниясынын кызматкерлери кыргызстандыктар үчүн өнүмдөр  жана кызматтарды түзүшөт.  Кызматкерлердин өздөрүнүн сөзү боюнча, азыркы кеңселер ири компаниялардагы кызматкерлер менен иштөө мамилелери жана ыкмалары кандай өзгөргөндүгүн көргөзүшөт.

«Биз өзүбүздүн жумушчу ордубузду атайылап кеңсе деп атабайбыз, анткени бул бизге кеңседен да артык. Бул чыгармачыл мейкиндик, мында ачык аймактар жана иш бөлмөлөрдүн жоктугу башкаруунун горизонталдык системасын, демократиялуулукту көрсөтүшөт, аны менен бирге, кызматкерлердин өздөрүн уюштура билүүсүнүн жогорку даражасын көргөзө алышат. Бул жакка өз жашоосундагы бир нерсени өзгөрткүсү келгендер, инновацияны жайылткысы келгендер жана, натыйжа катары, кыргызстандыктардын жашоосун жакшырткысы келгендер келишет. Мейкиндик жана  жаратмандыкка шыктандырат жана командалык ишти жаратат», -  дейт   Beeline компаниясынын HR-Директору  Айнура Кошоева.

Ушул жылда болуп өткөн  HR-Meetup'да   Wind HR Solutions Эл аралык адистик компаниянын  генералдык директору  Ильгиз Эдиль уулу чакырылды. Компания Кыргызстандын рыногунда дени сак атаандаштыкты колдоого умтулуп жатат. Ильгиздин сөзү боюнча, адам ресурстарын башкаруу сапатын жогорулатуунун ажыратылгыс элементи болуп саналат, анткени уюштуруучу өнүгүүгө корпоративдик маданиятка жаңы идеяларды алып келет жана персоналдын натыйжалуулугун жогорулатат.

Жолугушуунун маанилүү коноктору болуп, Казакстандагы Erickson International  компаниясынын өкүлдөрү болуп калды, алар коучинг тармагында окутуучу программаларды жүргүзүп жатышат. 

«Азыр 2019-жылга карата маанилүү  HR-тренддердин бири болуп компанияларда корпоративдик маданиятты жайылтуу жана кармап туруу, ошондой эле муундардын айырмачылыгын көңүлгө алган жана ишенимдерге негизделген кызматкерлердин ортосундагы коммуникация болуп саналат. Ошондой эле, кызматкерлердин демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин сыйлоону тренд катары бөлүп көргөзүүгө болот. Компаниялар аларга өз индивидуалдуулугун сактоого жана аны ачып көргөзүүгө мүмкүнчүлүк беришет», — деген ойлору менен бөлүштү Erickson'ду өнүктүрүү боюнча бизнес-өнөктөш Тэо Джаиани. 

Тэонун сөздөрү боюнча, HR коучингди жайылтууну көздөй жылып баратат. Менеджер азыр кызматкердин потенциалын ачууга жардам бере турган жана аны жаңы амбициоздук милдеттерге шыктандыра турган көндүмдөргө ээ болушу керек.

Beeline компаниясында мындай практика жайылтылган.  Айнура Кошоеванын сөздөрү боюнча, компания персоналды башкаруунун улам жаңы шаймандарын жайылтууга умтулуп жатат, анда коучинг, кайтарым байланыш сыяктуу башкаруу ыкмалары азыркы заманбап  лидердин негизги көндүмдөрү болуп саналат. 

Жыл сайын компанияда кызматкерлердин канааттануусуна сурамжылоо жүргүзүлөт.  Акыркы сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, Beeline компаниясын иш берүүчү катары үч себеп боюнча сунуштоого даяр: жумуш шарты  (заманбап кеңсе мейкиндиги, атаандаштык акы төлөө, ийкемдүү  график), корпоративдик маданият, окутуу мүмкүнчүлүгү жана практика аркылуу компаниянын ичиндеги жаңы кесиптерге окутуу жана өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү.

«Азыр тренддер  employee engagement’ден  employee experience'ке бара жатат. Бул эмне дегендик? Биз кызматкердин басып өткөн жолун изилдейбиз, анын компаниядагы тажрыйбасын, анын керектөөлөрүн жана оорусун кылдат анализдеп чыгабыз. Биз, “Анын биринчи күнү канчалык жакшы өттү?”, “Ал үчүн системалар канчалык ыңгайлуу?” суроолорун беребиз жана  бул процесстердин бардыгын жакшыртууга аракет кылабыз. Мисалы, биз кардардын жашоосун мүмкүн болушунча  оңойлотобуз, ал диванда жатып алып,  Balance аркылуу төлөө менен, өзүнө пицца тапшырык кыла алгыдай кылабыз. Кызматкерлер компаниянын ичинде да ушул эле системаны каалашат. Биз дагы, кызматкер, биздин кардарлар сыяктуу  эле, өзүнүн өздүк кабинетинен өз каалаганын бир басуу менен таап алгыдай шарт түзүүгө умтулабыз”, - деп айтты Айнура.

Адал Азык («Тойбосс» СМ) ЖЧКнын  HR-бөлүмүнүн жетекчиси   Эльнура Орунбаеванын байкоолору боюнча, Кыргызстандагы көптөгөн иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн эмгек шарттарын өзгөртүп жатышат, башкаруунун катуу стилинен жумшагына өтүүдө. 

«Практика көргөзүп жаткандай, кызматкерге болгон мамиле натыйжаны өзгөртөт. Биздин компанияда персоналдык келген жана кеткен убактысын катуу көзөмөлгө алышпайт. Кызматкерлер жумушка кечирээк келе алышат, биз үчүн эң башкысы - натыйжа. Мен дайыма  Beeline эмне кылып жатканына көз салып турам, азырынча ал  — рынокто биринчилерден болуп келе жатат».

«Мен үчүн  Beeline практикалары жаңылык:  кандайча жумушчу орундары жок, эс алуу аймагы болгон кандай? Өз маданиятыбызга айрым элементтерди да жайылткыбыз келет. Мага, HR багыты кайда жылып бара жатканын түшүнүү кызыктуу, мен кызматкерлердин тажрыйбасын жакшыртуу үчүн, бул жаңылыкты банк чөйрөсүнө кантип алып өтө алам, анткени  HR — бул көптөн бери иш өндүрүшү болбой калган, бул жада калса рекрутинг да эмес. Ал мекемеге алга жылууга жардам бериши керек, анткени мекеме канчалык чоң болсо, ал ошончолук күчтүү бирок, олдоксон дөө боло берет», - деп комментарий берди РСК банкынын персоналы менен иштөө боюнча башкармалыктын башчысы Толгонай Абдыкеримова.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт