Кел, селфи жасайбыз!
Bilesinbi.kg селфимандар үчүн 5 тиркемени сунуштайт. Бул колдонмолорду жүктөсөңүз, бир заматта сулуу болуп чыга келесиз. Кеттик анда!
BestMe Selfie Camera
Бул камера саркеч фильтрлерге бар. Айрымдары камерада бар. Калгандарын дайыма толукталып турчу каталогдон жүктөп алууга болот.
Cymera
Бул тиркемеден жүздөгөн фильтрлерди, түстөргө бай колдонмолорду, ар түрдүү эффектерди, наклейкалар жана бетти толугу менен өзгөртүп койчу аспаптарды таба аласыз.
Color Pop Effects
Ак-кара сүрөттөрдүн кээ бир жерлеринде гана түстүү сактоочу мыкты аспаптардын бири. Көзүңүзгө же эрниңизге басым жасоо менен саркеч кадрларды ала аласыз.
MomentCam
MomentCam менен чындап эле өзгөчө селфи жасай аласыз. Сүрөттөрүңүздү күлкүлүү карикатура айландырып, маанайыңызды 200% көтөрөсүз.
FaceTune
FaceTune — iPhone жана Android үчүн мыкты колдонмо. Бир заматта сизди сулуулап, оозуңузду ачырат.
Beeline - 20 жыл сиздер менен!